Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:21

Бала бакчага кезек иреттелет


Бала бакча
Бала бакча

Баланы бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюуга багытталган жаңы ыкма киргизилүүдө. Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, буга чейин киргизилген “Электрондук кезек” системасы жакшы натыйжа берген жок.

Күлийпа Ысмайылова Бишкек шаарынын тургуну. Неберелерин бала бакчага киргизүү түйшүгүн ал минтип айтып берди:

- Электрондук кезек тууралуу жакында эле уктум. Биринчи неберемди мамлекеттик бала бакчага тааныш аркылуу сүйлөшүп, 2,5 миң сом берип киргизгенбиз. Бирок баргандан баштап аябай ооруду. Башы да биттеди. Себеби бир эле группада 50-60 бала бар экен. Көп бала болгон жерде тумоо да көп болот экен.

Бала бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюу максатында өкмөт эки жыл мурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда пилоттук долбоор баштап, “электрондук кезекке” туруу системасын киргизген. Буга ата-энелердин “баланы бакчага киргизүү университетке өткөрүүгө тете түйшүккө айланды, бакча жетекчилери орун аздыгына шылтап алган пара жылдан жылга өсүп жатат” деп арызданганы себеп болгон.

Электрондук кезекке туруу үчүн эмне талап кылынат? Бул суроо менен биз Бишкектин Октябрь райондук билим берүү борборуна кайрылдык:

- Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-эненин нике күбөлүгүнүн көчүрмөсүн алып келгиле. Эгер бюджеттик мекемеде иштесеңер өтүнүч кат алып келесиңер. Балдар келет, кетет, балким кирип каласыңар...

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москва: мигрант балдардын бала-бакчасы

Москвада кыргызстандык мигранттар батирлерде бала бакча ачып же бөбөктөрдү өз алдынча окутуп келишет. Быйыл ачылган Kids club борбору мигранттардын балдарын окутуп, тарбиялап жаткан учуру.

Пилоттук долбоор боюнча жогоруда аталган үч шаардын билим берүү башкармалыктары интернеттен ар бири өз-өзүнчө сайт ачкан. Анда документин тапшырган баланын аты-жөнү электрондук кезекке киргизилген. Келип түшкөн документтерди текшерип, тизме түзүү милдети райондук билим берүү борборлоруна жүктөлгөн. Ошентип бакчанын жетекчисин бала кабыл алуу укугунан четтетип, аны пара алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу максаты коюлган.

Бирок айрым ата-энелер электрондук система тууралуу кабары жок экенин айтса, ага арыз бергендер улам бир шылтоо менен тизмеге кирбей калганын, кирсе да кезек жылбагандыктан башка жактан орун издөөгө, баягыдай эле пара берүүгө мажбур болгонун айтууда.

Натыйжа ойдогудай болбой калганын Билим жана илим министрлиги да моюнга алып жатат. Мекеменин коррупцияны алдын алуу саясаты секторунун башчысы Марат Усупбеков буга объективдүү себептер болгонун айтат:

- Алардын да жумушу көп. Кээде бир жумада тизмеге киргизбей калат. Киргизсе да кезек ошо бойдон турат. Бала бакчада канча орун бар экени белгисиз. Орто жолдон тааныш аркылуу сүйлөшүп кирип кеткендер да болгон.

Мына ушул сыяктуу кемчиликтердин баарын эске алуу менен азыр министрлик жаңы ыкма менен иштөөгө өткөнү жатканы маалым болду. Электрондук тизмени мурдагыдай ар бир шаар өзүнчө жүргүзбөйт, бул ишти толугу бойдон Билим жана илим министрлиги өз карамагына алганы жатат.

Техникалык маселелер чечилгенден кийин министрликтин интернеттеги расмий баракчасында өзүнчө куржун ачылат. Республикадагы бардык бала бакчалар боюнча маалымат топтолуп, бирдиктүү “электрондук кезек” ошол жерде болот.

Башкача айтканда, тизмеге бала бакча жетекчисинин же райондук кызматкерлердин кийлигишүүсү таптакыр болбойт деп Марат Усупбеков ишендирүүдө:

- Сайт аркылуу районго кирсеңер бардык бала бакчалардын тизмеси чыгат. Сиз өзүңүз жашаган жерге жакын бакчаны тандаганда анын кабыл алуу мүмкүнчүлүгү канчалык, азыр канча бала бар, кезекте канчасы турат, силер канчанчы болдуңар, бардык маалымат көрүнөт. Райондор бул системага кирүү укугу болбойт. Алар бала тууралуу маалыматтын туура же туура эместигин гана тастыктайт.

Болжол менен бул ыкма жакынкы 1-2 айда ишке киргизилет деп пландалууда. Бирок муну менен, албетте, Кыргызстанда бала бакча маселеси таптакыр чечилип калбасы анык. Себеби бала бакчага кезек күтүп жаткан ата-эненин кандай жол менен болсо да эптеп сураган акчасын карматып, баласын орноштуруу көйгөйү – бул маселенин бир гана өңүтү.

Негизги проблема – бала бакчалардын жетишсиздиги. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы менчиктештирүү маалында көптөгөн бакчалар жеке колго өтүп сатылып кеткен. Ал эми өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарына туруштук берип иштеп келаткандары ички миграциянын айынан каалоочулардын баарын кабыл алууга чамасы жетпей турган кези.

2014-жылы бала бакчага мектепке чейинки курактагы балдардын 17,4% барчу. Былтыр бул көрсөткүч 18,7% болсо, быйыл 21,4% жетти.

Электрондук кезекке ата-энелер баласы төрөлгөндө эле туруп койсо болот. Ал үчүн документин тапшырып, бала бакчага кайсы маалдан баштап барууну пландап жатканын жазып коюш керек. Мындай система мамлекеттик тейлөөнүн бир түрүнө кирет жана Орусия, Европа мамлекеттеринде кеңири колдонулуп, жемкорлукка бөгөт коюучу механизмдердин бирине айланган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG