Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Эттен уулангандар толук сакая элек


Жалал-Абаддагы "Эркинахун" кафесинин тамагынан 21 киши ууланып, медициналык жардам алган.
Жалал-Абаддагы "Эркинахун" кафесинин тамагынан 21 киши ууланып, медициналык жардам алган.

Жалал-Абаддын Ноокен районундагы кафелердин биринде даярдалган шишкебектен ууланган 21 кишинин үчөө 8-майда ооруканадан чыгарылды. Учурда сегиз кишини доктурлар ооруканага жаткырбай эле үйүнөн көзөмөлдөп жатышат.

Тамактан ууланып, ооруканага түшкөндөрдүн бешөө жаш бала. Алар ата-энелери менен кошо Бишкек-Ош жолунун боюндагы “Эркинахун” кафесинен шишкебек жеген. Балдардын айрымдары үйлөрүнө ата-энеси кафеден көтөрүп барган шишкебектен ооз тийгенден кийин ууланган. Алардын бири, он алты жаштагы Аида Эргешова учурда ооруканада жатат:

- 1-май күнү атам менен апам шишкебек сатып келген. Ошону жеп, ууландым. Келгендегиге караганда азыр абалым жакшы, бир аз ысытмам бар.

Аида менен кошо энеси менен сиңдиси да жугуштуу оорулар бөлүмүнүн бир бөлмөсүндө чогуу дарыланып жатат.

Райондун Шайдан айылынын тургуну Сабира Төлөнова 30 - апрелде бир туугандары менен кафеде туулган күндү белгилешкен. Бирок түндө кыйналып, дарыгерге кайрылганы менен шишкебек жегенин айтпай койгон. Эки күн ооруканага барып-келип дарыланып, 3-майда абалы оорлогондо ооруканага жатууга аргасыз болгон. Шишкебектен ооз тийген ата-энеси, чогуу майрамдаган бир туугандары да дарыланып жатканын айтты:

- 1-май күнү ооруй баштадым, дары ичип эле жатып алгам. Түн бир оокумда кусуп, ичим жүрдү. Дене табым 39 градуска көтөрүлдү. Үйүмдөгүлөр айылдагы доктурга алпарышты. Андан кийин райондук ооруканага алып келишкенде, асма укол сайышты. Өтө оор акыбалда келдим эле, азыр жакшымын. Майлуу-Суудагы ооруканада сегиз бир тууганым жатат, Ошто бирөө дарыланууда. Майлуу-Суудан келген сиңдим врач болчу. Ал да ооруду.
Шишкебектен уулангандар дарыланууда
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

Райондук ооруканада пол жуугуч болуп иштеген Жаннат Анарбаева, анын кесиптештери, неберелери да “Эркинахун” кафесинде тамактанышкан экен:

- Жумуштан чыгып барып, төрт аял шишкебек жеген элек. Алар да ооруп, дарылангандан кийин ооруканадан чыгып кетишти. Күйөө балам, кызым балдары менен ошо кафеде болушкан экен. Неберелеримди бир күн реанимацияда, кийин бир күн ушул бөлүмдө карашты. Үч неберем тең айыгып чыкты.

Ноокен райондук оорукананын баш дарыгеринин орунбасары Айчүрөк Досумбетованын айтымында, тоок этинен жасалган шишкебекке ууланган 21 адамдын сегизи оорунун алгачкы белгилери башталганда нөөмөттөгү врачтарга убагында кайрылган. Ал эми 1-майдан 3-майга чейин ооруканага жаткырылган 13 адамдын үчөө айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Калган он оорулуунун да абалы дурус. Дарыгер тамактан ууланууга санитардык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болуп жаткандыгын белгилеп, буга “Эркинахун” кафесиндеги окуя айкын далил экенин кошумчалады:

- Жайкы убакта азык-түлүктү муздаткычта сактоо керек. Бузулган тамактын жыты, өңү-түсү өзгөрөт. Уулануу белгилери байкалган кезде дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Убагында жардам көртөтүү үчүн бизде, райондук ооруканада беш дарыгер күзөттө турат.

Адамдардын саламаттыгына залака тийгизген шишкебекти бышырган “Эркинахун” кафеси 3-майда убактылуу жабылган. Кафе башчысын жана кызматкерлерин табууга мүмкүн болгон жок.

Райондук санитардык көзөмөл станциясынын бөлүм башчысы Салия Абдыкеримовадан текшерилген шишкебектен уулануу белгилери табылбаганы тууралуу кабар алдык. Бирок буга ооругандар да, башка адамдар да ишенбей жатышат.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG