Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Казакстан Кыргызстанга бажы саясатын катуулатты


Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой бажы бекети.
Кыргыз-казак чегиндеги Казакстандын Кордой бажы бекети.

Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн кондитер азыктарына бажы төлөмүн жогорулатып, эт менен сүттүн киргизилишине кайрадан тыйуу салды.

Ошол эле кезде ал жактан Кыргызстанга ташылып чыкчу өсүмдүк майына чектөө коюлду. Казакстандын бийлигинин мындай кадамдарын Кыргызстанда айрымдар саясий басым көрсөтүү катары караса, кээ бирөөлөр муну казак тараптын ички базарын коргоого жасаган аракети катары баалоодо.


Кыргызстанда өндүрүлгөн шириндиктерге бөгөт
Биздин коңшулар жаңы президентке жана өкмөткө өздөрүнүн ким экендигин көрсөткүсү келип жатат окшойт. Алар биз сомду киргизип жатканда да, дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп жатканда да ушуга окшогон тоскоолдуктарды кылып келишкен. Марат Шаршекеев


Казакстан Кыргызстанда өндүрүлгөн кондитердик азыктарга болгон бажы төлөмүн кырк пайызга жогорулатты. Бул туурасында экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда өндүрүлгөн конфет, шоколад, печенье сыяктуу кондитердик азыктар Казакстандын рыногунда атаандаштыкка туруштук бере албай турган абалга кептелди.

Көз каранды эмес экономист Таалайбек Сапаралиев муну Казакстандын ички рыногун коргоого багытталган саясаты катары баалады:

- Ар бир мамлекет өзүнүн ички рыногун коргоп, жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоого алуу үчүн ушундай кадамдарга барат. Бул деле мына ошондой чаралардын бири го деп ойлойм. Биз буга эч кандай таасир эте албайбыз. Анткени алар өздөрүнүн улуттук кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды киргизип жатат.


Макулдашуулар бузулганда...


Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда өз ара соода жүгүртүүнүн алкагында бажы төлөмдөрү боюнча макулдашуулар бар. Бирок ага карабастан Казакстан бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүн бир жактуу жогорулатышын талдоочулар милдеттеменин талаптарын бузуу катары баалашты. Алардын айтымында, Кыргызстандан Казакстанга жылына эки жүз миң АКШ долларына жакын кондитер азыктары экспорттолот. Ал эми ал жактан бир жарым миллион доллардан ашуун кондитер азыктары келет.

Мына ошондуктан Кыргызстандын соода, өнөр жай палатасынын президенти Марат Шаршекеев буга каршы адекватуу чараларды көрүү керектигине токтолду:

- Азыр эч ким эч нерсе жасагысы жок. Анткени бардыгы жаңы өкмөттүн келишин күтүп жатышат. Бирок мындай жагдайды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүү жүргүзүп, же адекваттуу чараларды көрүш керек болчу. Мисал үчүн биз деле ошол эле Казакстандан келүүчү кондитер азыктарына, макарон, вермишель сыяктуу ун азыктарына бажы төлөмүн көтөрсөк болот. Албетте биздин ички рыногубуз баанын өсүшүнөн бир аз кыйналып калышы мүмкүн. Бирок биз мындай мамиленин алардын өздөрү үчүн дагы зыян экендигин тастыкташыбыз зарыл. Анткени эт менен сүттү киргизбей коюп, аларда баанын өсүшү кырк пайызга чукулдады.


Кыр көрсөтүүнүн учурубу?


Ошондой эле Казакстан өсүмдүк майын сыртка алып чыгып сатууга чектөө киргизди. Мындан улам Кыргызстанда анын баасы кескин кымбаттады. Ошол эле кезде казак бийлиги Кыргызстандан чыкчу эт жана сүт азыктарын киргизүүгө кайрадан тыйуу салды. Бул чара мал ылаңына байланыштуу экендиги айтылган болчу.

Анткен менен Марат Шаршекеев казак бийлиги соода-экономикалык мамилелерди басым көрсөтүүнүн куралына айлантып алды деп эсептейт:

- Биздин коңшулар Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан биздин жаңы президентке жана өкмөткө өздөрүнүн ким экендигин көрсөткүсү келип жатат окшойт. Бул мамилелерде экономикалык максаттуулука караганда кадимки эле саясат бар болуп жаткандай. Алар биз сомду киргизип жатканда да, дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болуп жатканда да ушуга окшогон тоскоолдуктарды кылып келишкен.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда өз ара соода жүгүртүү жана бажы төлөмдөрү боюнча эки тараптуу макулдашуу 1996-жылы кабыл алынып, ал 2003-жылы кайра жаңыртылган болчу. Ага ылайык жеңилдетилген бажы төлөмдөрүн бекитүү жана аны өзгөртүүдө өз ара макулдашуу талаптары көрсөтүлгөн.

“Акыйкат” партиясынын төрагасы Аликбек Жекшенкулов КМШ мейкиндигинде мурда кол коюлган милдеттемелерден баш тартуу өнөкөтү күч экендигин белгиледи:

- Тилекке каршы биз өз ара кызматташтыкты бекемдейбиз дегенибиз менен иш жүзүндө КМШга кирген мамлекеттерде мурда кол коюлган келишимдердин шарттары аткарылбайт. Мына ошондуктан жанагы экономикалык интеграция жүрбөй жатат.

Өкмөт башчысынын биринчи орун басары Өмүрбек Бабанов соода-экономикалык мамилелерде орун алган көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча тиешелүү жетекчилер менен жабык кеңешме өткөргөндүгү белгилүү болду. Бирок анын жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.

XS
SM
MD
LG