"Эл аралык аткезчи топтун мүчөсү болгон" деп Казакстанда жыл башында кармалган Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Дамирбек Асылбек уулунун үстүнөн сот 19-октябрда башталды. Асылбек уулу менен бирге айыпталган жети казакстандык жана эки кыргызстандык жарандын ишин Алматы район аралык соту карап жатат.
Жараяндын жүрүшүндө Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстандын жараны экенин билдирип, анын үстүнөн сотту өз мекенинде өткөрүүнү суранган.
Сотко көз салып жаткан "Азаттыктын" казак кызматынын журналисти Айбек Бейсебай жараяндын жүрүшү тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди:
- Кыргыз парламентинин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган бир нече адамдын үстүнөн Алматы сотундагы алдын-ала отурум 19-октябрда өттү. Анын жыйынтыгы менен негизги иш 2-ноябрга белгиленди. Алматы район аралык сотунун билдирүүсү боюнча, сот ачык өттү. Аны журналисттер чагылдырса болот.
Ошентип, Алматы район аралык соту карап жаткан иш 2-ноябрда уланмакчы.
Асылбек уулунун мурдагы фракциялаштары мындан аркы соттун жүрүшүнө катышып, көз салууга ниеттенип турушат. "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Нурбек Алимбековдун айтымында, сотко атайын өкүл жөнөтүлмөй болду:
- Бизден да өкүлдү катыштырганга аракет кылып жатабыз. Казакстандын “ал биздин жаран” деген версиясы бар. Ошондуктан азырынча ашыкча сөз айта албайбыз. Сотко бизден өкүлдөр катышат. Ошондон кийин гана маалымат бере алабыз.
Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутаты болгон Дамирбек Асылбек уулу Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында жана Алматы шаарында 2018-жылдын 15-16-февралында өткөргөн атайын операция учурунда кармалган 35 кишинин арасында болгон.
Алматы сотунун чечимине ылайык, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо кыргызстандык дагы эки жаран – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камакка алынган. Казак бийлиги кармалгандарга "чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөргөн" деген айып таккан.
Мындан соң Казакстандын тиешелүү расмий органдары Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экени тууралуу маалымат таратып, тиешелүү документтерди жарыялаган. Дал ушул документтердин негизинде Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандатынан ажыраткан.
Бирок Асылбек уулунун жакындары анын улуту кыргыз экенин жана Кыргызстандын жараны болгонун айтып жүрүшөт. Ал түгүл Асылбек уулу Кыргызстандын атынан бир нече спорттук мелдешке катышып, байге утканын айтышкан.
Экс-депутат саясатка аралашканга чейин аты-жөнүн жана туулган жылын өзгөрткөнү тууралуу да маалыматтар тараган. "Дамирбек Асылбек уулу кадеттердин мелдешине катышуу үчүн казак жарандыгын жашын эки жылга кичирейтип алган" деген версиялар да айтылган.
Социалдык медиада Дамирбек Асылбек уулу бир кезде 1979-жылы туулган Динарбек Супатаев деген ысым менен бир нече спорттук мелдешке катышып жүргөнү белгилүү болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Кыргызстан кандай болгон күндө да парламенттин мурдагы депутатынын кызыкчылыгын коргоого аракет кылышы керек болчу деген пикирде:
- Биз буга чейин бардык тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Башка жарандар да кайрылган. Бирок "сот чечими чыкмайынча, эч кандай аракет болбойт" деген жооп келип жатат. Себеби, Казакстанда кармалгандыктан ал жакта соту болору айтылууда. Бирок мамлекет катары өз жараны кайсы жерде кандай кырдаалга туш болсо, кам көрүшү керек болчу. Бул мамлекеттин кубаты, күчү ушундан билинет. Биз да ошондой мамиле кылышыбыз керек эле.
Ошол эле учурда кылмышка шектүүлөрдү Кыргызстанга өткөрүп алуу канчалык мүмкүн деген суроо жаралды.
Мурдагы юстиция министри, адвокат Мукар Чолпонбаевдин айтымында, жарандыкка байланыштуу чырдан улам Дамирбек Асылбек уулун өлкөгө өткөрүп алуу кыйын.
- Анда Кыргызстандын да, Казакстандын да паспорту болгон деп жатпайбы, - дейт ал. - Казакстанда кармалды. Ошондуктан, аларды өткөрүп алуу кыйын деп эсептейм. Алар өз жараны катары өз мыйзамдарына ылайык соттойт.
37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу Жогорку Кеңештин депутаттыгына 2007-жылы шайланган. Анда "Ак жол" партиясынын мүчөсү катары парламентке келген.
Казак жарандыгы бар адам Кыргызстанда эки ирет депутаттыкка шайланганы белгилүү болгон соң бийлик өкүлдөрүнүн жарандыгын текшерүү боюнча маселе да көтөрүлгөн.