Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:33

Мен билген, мен сүйгөн Айтматов


Онго таяп калган элем. Эсимден ал күн эч өчпөйт. Адамдын жашоосунда үрүл-бүрүл болгон бүдөмүк элестердин арасында чакчайып көрүнүп, ошол боюнча сакталып калган таасирлүү күндөр болот. Ал күн да ошондойлордун бири.

Атам экөөбүз сугатта жүргөнбүз. Атамдын классташ досу келип, менин атама берген тажатма суроолорум үзүлүп калды. Ал адам “аа” деп ооз ачканда эле “Айтматовду уктуңбу?” деди. Дал ошентип уктук шум кабарды.

Улуу жазуучунун дүйнө салышы атамды аябагандай кайгыга салды. “Манастан кийинки эле көзгө басар таянычыбыз эле, кайра Айтматовдой жаралар бекен?”, – деп мүңкүрөгөнү эсимде. Жазуучуну жерге берүү иш-чарасын сыналгыдан көз албай тиктеп, өлкөдөгү ар бир кошок, ар бир жоктоону угуп чыкты. Атамдын адаттагыдан ашыкча олуттуу боло түшкөнүн дароо байкадым.

Айтматовдой улуулуктун жерге кирип баратканына ишене албай, ичинен сызып турган экен азыр ойлосом.

Ошол таасир мени алгачкы жолу Айтматовду барактаганга түрткү болду, бирок “Кыямат” романы жомоктон жаңы бошогон тестиерге бир аз оор болуп, маани-маңызын түшүнбөдүм.

Биринчи жолу китептен көңүлүм калганга жазуучуну жөн гана окубай койбой, жек көрүп калдым. Ал тургай ал жөнүндө ушак-айыңды жантыгыман жата калып окуп, ага каршы далил топтоп башкаларды да ынандырганга аракет кылчумун.

Эмегедир ичимде Айтматов өзүнүкүндөй атак-даңкка татыксыз дегендей сезим бийлеп, адилетсиздик болуп жаткандай туюлаар эле. Ошол боюнча ал керемет ааламдын каалгасы ачылбай кала берет беле, окуу программасынан Айтматовду окууга туура келди.

Ошондо ааламдын “баарынын акысы бар” деген улуу мыйзамы Айтматов үчүн бузулбаганын жана атак-даңктын аркасында албан эмгек, эбегейсиз тарых жатканын билдим.

Атайын алып келген китебимди ачтым да, окуй баштадым: “Жамийла”... Эсимде, толук эки саат тынбай окуп бүткөм элем. Мына ошол эки саат ошол күнгө чейин менин жанымда жашынып жүргөн адабияттын дагы бир кереметтүү аралына көпүрө болду.

Ал керемет арал улам азгырып, сүйүүгө толгон обон кулагыма жаңырып, Асел мене Ильяс караган Ысык-Көлдүн так үстүндөгү жылдыздар элестеп, Эдигейдин Каранарында термелип, ал гана эмес космосто калкып жүргөн Филофейди да көргөндөй болдум.

Биринин артынан бирин ачып, барактар шарактап, сөздөр ичимен жаңырып, жалгыз башымда жайнаган каармандар сүйлөшкөн жаңы аалам пайда болду.

Ал ааламдардын эң алпы Айтматовдун ааламы эле. Ар бир кыргыздын оюнда ошондой аалам бар экенине ичимден кудуңдап, эбегейсиз чоң сыймык пайда болду. Дүйнө элдеринин ичинен өзүмдүн жана жамырай журт алаштын баркы бийиктеп, кадыры өстү көз алдымда.

Эртеси күнү улуу жазуучубуздун сүрөтүн бадырайта текчеме илип койдум. Ал сүрөттү ар бир ирет көргөн сайын ошол сыймык жүрөктү ээлеп кубандырып, ошол дөөлөт башыма конуп бийиктетет. Текчеден жайдары караган сүрөт - мен билген Айтматов, мен сүйгөн Айтматов!

Калыс Кенжебаев

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG