Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:38

Качкынбектин шек туудурган өлүмү


Качкынбек Тажиев
Качкынбек Тажиев

Өткөн айда Екатеринбургда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектелип кармалган Качкынбек Тажиевди полиция кызматкери атып салган.

Орусиянын Свердлов облустук милициясы 28 жаштагы Качкын Тажиевдин окуясын териштирип жатат.

Милициянын маалыматы боюнча, 24-ноябрда баңгизатын мыйзамсыз сактоого шектүү делип кармалган Качкынбек Тажиев медициналык мекемеде текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып, качууга аракет жасаган.

"Биздеги маалыматтарга караганда полициянын лейтенанты аны кууп жеткен. Шектүү каршылык көрсөтүп, куралды алууга аракет жасаганда полиция эскертүү иретинде асманга ок аткан. Бирок кармалган жаран каршылык көрсөтө бергендиктен полиция аны ичине аткан. Бул жерде ок атуучу курал туура эле колдонулган", - деп айтылат Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматында. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Маркумдун атасы Каныбек Тажиев уулу тууралуу полициянын маалыматына ишенбейт. Ал "балам баңгизат алып жүрмөк эмес" дейт.

- Менде бир топ күмөн жараткан суроолор бар. Түнүндө арткы айнеги караңгылатылган, токтоп турган унаанын ичинде жаткан баламды кантип көрүштү? Эгер уулум мас абалда болсо, ал полициядан кантип качты, мас абалдагы адам кача алабы? Наркологияга алып барабыз десе, бир адам кантип каршылык көрсөтө алат? Куралды өмүрүндө кармап көрбөгөн адам милициянын куралы кайсы жерде болорун, аны кантип алыш керектигин билеби? Наркология бөлүмүндө кирип-чыккан кыймыл видео көзөмөлдө жазылып турат, бирок алар муну көрсөтө албай жатышат. Биз өлүкканага барган учурда оң жак бөйрөгүнүн астында жана жамбашында 10 см кесилген жери бар экен, ал кайдан пайда болуп калды? Эгер кылмышкер качып баратса полиция эскертүү ирээтинде асманга ок чыгарат, ага да баш бербесе качып бара жаткан адамдын бутуна атат. Макул, уулум чын эле качса, бутуна атылган ок кантип ичине тийип калышы мүмкүн?

Каныбек Тажиев маркум уулунун сүрөтүн кармап отурат.
Каныбек Тажиев маркум уулунун сүрөтүн кармап отурат.


Тажиевдердин үй-бүлөсү 2004-жылдан бери Орусиянын Екатеринбург шаарында туруктуу жашайт. 58 жаштагы Каныбек Тажиев 2006-жылы орус жарандыгын алган. Маркум Качкынбек Тажиев да Орусияда иштеп жүрүп ушул өлкөнүн жарандыгын алган.

- 2000-жылы эл катары Орусияга иштегени келип, кийин жумуш жакшы болуп калганда үй-бүлөмдү чакыргам. 2006-жылы ушул өлкөнүн жарандыгын алып, балдарымды да өткөргөнмүн. Биз үй-бүлөбүз менен шаардын четиндеги айылда жашачубуз, ал эми уулум ресторанда иштегендиктен жакын жердеги батирде жашачу. Акыркы убактарда достору менен курулуш тармагында иштеп жүргөн. Уулум быйыл декабрда Кыргызстанга келип, көптөн бери сүйлөшүп жүргөн кызына үйлөнмөк. Анын сөөгүн өткөн жумада Кыргызстанга алып келип жерге бердик.

Качкынбек Тажиевдин сөөгү 28-ноябрда өзү туулуп өскөн Сузак районунун Жерге-Тал айылында жерге берилди. Маркумдун тууганы Эркинбек Тажиев буларды айтты:

- Интернеттеги орусиялык басылмалар “Теги кыргызстандык Тажиев баңгизат менен кармалып, милиция менен кармашып жатканда өлтүрүлдү” деп Качкынбекти чоң кылмышкер катары көрсөтүп жатат. Бул жерде биз гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын атына да көө жабылып жатат. Аны жакшы тааныгандар Качкынбек андай жолго бара турган бала эмес экенин билишет. Ошондуктан окуяны дыкат териштирүүнү суранабыз.


Орусиядагы маалымат каражаттарында да Качкынбек Тажиевдин окуясы талкууланып жатат. Екатеринбургдагы укук коргоочу жана адвокат Антон Штоль журналисттерге буларды айткан.

- Милиция кызматкери бул мамлекеттин өкүлү, ошондуктан мамлекеттин адамы ар бир кылмышкер менен атышууга барбаш керек. Ар бир иш зыян келтирбегендей аткарылышы кажет. Кызматкерлер куралды тартып алуу аракетин болтурбоо үчүн аны колдонгон. Эгерде окуя чын эле ушундай болсо, ал күбөлөр, видео менен далилденсе, демек курал туура эле колдонулган. Бул фактылар аныкталбаса, анда баары жалган болуп, полиция кармоо учурунда балага карата зомбулук көрсөткөн болуп эсептелет. Милиция кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч жаралган жагдайда курал колдонулганы туура. Куралсыз адам колунда куралы бар полицияга асылып жатканы да таң калычтуу. Ал адамдын акыл-эси жайында эмес же тайманбаган эр жүрөк. Бул жерде бир жыйынтык чыгаруу кыйын.

28 жаштагы Качкынбек Тажиев беш бир туугандын улуусу болчу. Орусиянын тергөө тобу тараткан билдирүүгө караганда анын жанынан маңзат (метил жана бутан кислоталары) табылган. Атасы Каныбек ушул айдын этегинде үй-бүлөсү менен Екатеринбургга кайтып, тергөө тобу менен кызматташып, уулунун өлүмүнүн жагдайын иликтөөгө кирише турганын айтты.

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда 500 миңден ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Былтыр орус паспортун 9 миңдей кыргызстандык алган. Мындан тышкары 20 миңден ашуун кыргызстандык Орусияда убактылуу жашоого уруксат кагазы, дагы 20 миңге жакыны туруктуу жашоого уруксаты менен жүрөт.

Жыл сайын мекенине 200дөн ашуун кыргызстандык мигранттын сөөгү жеткирилет. Алардын 90% Орусиядан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG