Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:22

Сот өкүлдөрү да камала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Элвира Жаркеева мындан эки жыл мурун судья кезинде чыгарган чечимине байланыштуу камакка алынды.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Ошто үч судьяга жана мурда иштеп кеткен бир судьяга кылмыш ишин козгогон.

Президент Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда басма сөз жыйынында “сот реформасы келерки жылдан тартып үзүрүн бере баштайт” деп билдирген. Судьяларды чыгарган чечимине байланыштуу жоопкерчиликке тартуу маселеси бул тармактагы реформа, коррупцияга каршы күрөш, бийликтеги тең салмактуулук тууралуу талкууга жем таштады.

Элвира Жаркееваны Свердлов райондук сотунун төрайымынын кызматынан быйыл август айында президент Сооронбай Жээнбеков Соттор кеңешинин сунушу менен бошоткон. Судья мунун алдында ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу кытай жаранынын арызы боюнча чечим чыгарган. Башкы прокуратура бул арыз мыйзамсыз болгонун, кытайлык жаранга Кыргызстанда "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөнүн маалымдаган.

Жогорку соттун басма сөз өкүлү Сюита Соурбаеванын "Азаттыкка" айтканы боюнча, 22-декабрда судьянын бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда каралды.

- Аны 12-январга чейин, тергөө бүткүчө камоо тууралуу чечим чыкты. УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Ага 303 жана 313-беренелер боюнча айып тагылып жатат, - деди ал.

Өткөн аптада Башкы прокуратура Ош шаардык сотунун судьясына, Ош облустук сотунун төрагасынын орун басарына, дагы бир судьясына жана ушул эле облустук соттун мурдагы судьясына “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, "Атайылап сот адилеттигине жатпаган өкүм, чечим же башка сот токтомун чыгаруу" беренелери менен кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Аларга “2016-2017-жылдары Кыргызстанда оор кылмыш үчүн айыпталып камалган тажик жаранынын пайдасына чечим чыгарган жана камактагы адамды мыйзамсыз бошоткон” деген айып коюлган. Кылмыш ишин учурда УКМК тергеп жатат.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов судьянын чечими кандай учурда мыйзамсыз деп табыларын, анын жол-жобосун учкай айтып берди:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Соттордун минтип камала баштаганы башка судьяларды эсине келтире тургандай таасир берет. Бирок мындан кийин соттордун баары эле жүрөгү түшүп, отуруп калат деп да айта албайм. Кандай болгон күндө да мыйзамга ылайык, калыс, адилет чечим чыгарса, өздөрү ошого ишенсе коркпой иштей берсе болот. Бурмалап-сурмалап чыгарган чечимдин аягы жакшы болбойт. Тергөө органдары соттун чечимине “мыйзамдуу” же “мыйзамсыз” деп баа бере албайт. Аны Жогорку сотко чейинки инстанциялар айтышы керек. Ошол төмөнкү инстанциядагы чечим бузулуп, жокко чыгарылып, "бул чечим мыйзамсыз чыгарылган, акыйкат эмес чечим болгон, атайылап, карасанатайлык менен чечим чыгарган" деп тапса - ошондо гана “мыйзамсыз чечим чыккан” деп айтса болот. Эгер анын чечими күчүндө турса, эч ким жокко чыгарбаса - анда тергөө органдарынын бул чечимге баа бергенге акысы жок.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрагасынын орун басары, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев соттордун чечимдери талданып чыгышы керек деп эсептейт.

Таабалды Тиллаев..
Таабалды Тиллаев..

- Мен бул маселени комитетте сөзсүз көтөрөм, - деди ал. - Биз талдап чыгышыбыз керек. Соттордун чечимине кийлигишпесек да алардын жүрүш-турушуна, кылган ишине баа беришибиз керек. Башкы прокуратура ушул бир эле судья менен токтоп калбай, бардык судьялардын чечимдерин талдап чыгышы керек.

Эки ай мурун Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Айнагүл Жоробековага “Кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу”, “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу" беренелери менен иш козголгон жана тергелип бүтүп, өткөн айда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген.

Анын алдында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Башкы прокуратурага Чүй облусунун Москва райондук сотунун ошол кездеги судьясы Марлес Феликсти кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген жана ал кызматтан алынган.

Мындан бир ай мурун Бишкектеги Ленин райондук сотунун төрагасы Кубанычбек Касымбековго Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана "Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Жогорку Кеңештеги Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин өкүлү, "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев судьяларга козголгон кылмыш иштери тууралуу коомдо ар кандай күдүк ойлорго жол берилбеши керек экенин эскертти:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

- Сот тармагы коррупцияга эң көп баткан тармак болуп турат. Бирок биз бийликтин тең салмактуулугун жоготпошубуз керек. Ушул судьяларга козголгон кылмыш иштери эң ачык, жаап-жашырбай каралышы керек. Кандай кылмыш иши, эмненин негизинде козголду, кандай далилдер бар - ошонун баары так көрсөтүлүшү керек, коомчулукта ошондо гана ишенич пайда болот. “Кылмышка аралашты” деген соттордун тергөөсү жана сот процесси ачык болушу керек. Ошондо гана бийликтин тең салмактуулугуна шек келтирбейт. Бийликтин бир бутагы башка бир бутагына үстөмдүк кылбашы керек. Ошондо гана таза иштеген, акыйкат чечим чыгарган судьялар коркпой иштей алат. Эгерде мындай кылмыш иштери өзүм билемдик, мыйзам бузуу менен жүрө турган болсо, анда соттордун өзүн өзү коргой турган мыйзамдары бар.

Быйыл июль айында башкы прокурор Жогорку соттун үч судьясына - Арзыбек Акыевге, Качыке Эсенкановго, Каныбек Бокоевге кылмыш ишин козгогон. Аларга "азиз активист Темирлан Ормуков тергөө абагына камалган учурда арызын убагында карабай, эркиндикке болгон конституциялык укугун бузган" деп айып коюлган. Ушул айдын башында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы Арзыбек Акыевге гана сөгүш берүү тууралуу чечим чыгарган.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн жумада басма сөз жыйынында сот реформасы тууралуу көп сөз кылды жана бул жараян оңой-олтоң ишке ашпай турганын белгиледи:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

- Кээ бир соттор туура эмес чечим чыгарып жаткан учурлар бар. Бул маселе быйыл же кийинки жылы эле чечилип кетпейт. Соттук-укуктук реформаны баштадык. Январь айынан баштап жаңы кодекстер, жаңы мыйзамдар ишке кирет. Чынын айтуу керек, бул иш оор жүрүп жатат. Чоң реформа тез эле ишке ашпайт, кемчиликтер да болот. "Тоок уурдагандар камалып, миллиондорду уурдагандар эркиндикте жүрөт" деген сөздөр эми буюрса токтошу керек. Мен сегиз-тогуз жылдап соттошуп жүргөндөрдү билем. Ошончо жыл бою соттошкон адамдын эмнеси калат? Кээ бирлери суралбай эле тергөө абагында отурат.

Расмий маалымат боюнча, быйыл Соттор кеңешинин Тартип комиссиясынын чечими менен беш судья иштен четтетилди. Дагы тогузу сөгүш, ал эми 20 чактысы эскертүү алды. Жалпысынан беш судьяга кылмыш иши козголду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG