Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:03

Калыстык издеген адам президентке кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мурдагы кызматкери министрлик 15 жыл мурда берген үйдү прокуратура кайра талашып жатканын айтып арызданууда. Мурдагы кызматкердин үстүнөн 2014-жылы августта «батирди мыйзамсыз менчиктеп алган» деген жүйө менен Ош шаардык прокуратурасы иш козгоп, сотко кайрылган.

​Кыргызстан эгемендик алган жылдары Ош шаарында курулушу токтоп калган 80 батирлүү үйдү кайтарып калган Махамадали Маматураимов төрт жолу инсульт болуп ушу тапта төшөктө жатат.

2001-жылы курулушу токтоп турган 80 батирлүү көп кабаттуу үй Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) карамагына өтүп, 2004-жылы үй бүтүп, мекеменин кызматкерлерине берилген.

Ризванбуви Маматураимова.
Ризванбуви Маматураимова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери, көп балалуу үй-бүлө катары Махамадали Маматураимов да эки бөлмөлүү батирге ээ болгон. Мурдагы кызматкердин жубайы Ризванбуви Маматураимова мындай деди:

«Жолдошумдун буга чейин жасаган иштерин көрүп ошол мезгилдеги өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев аны жумушка алды. Анан кийин үй бүтүп, батирлер өрт өчүргүчтөргө жана ӨКМдин башка кызматкерлерине берилди. Ошондо Акматалиев салтанаттуу иш-чарада чыгып «ушул киши бар үчүн 80 үй-бүлө үйлүү болду» деп жолдошума эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырган».

Бирок Ош шаардык прокуратурасы «батирди мыйзамсыз менчиктеп алган» деген жүйө менен 2014-жылы Маматураимовдун үстүнөн иш козгоп, Ош шаардык сотуна кайрылган. Сотто Маматураимовдун кызыкчылыгын коргогон жактоочу Замирбек Адигенеев буларды айтты:

Замирбек Адигенеев.
Замирбек Адигенеев.

«Бул жерде прокуратуранын бир эле жүйөсү бар. Ал «Маматураимов ӨКМде 20 жыл иштеген эмес» деп жатат. Бирок анын иштегендиги тууралуу архивдик документтер далил болуп жатат. Анын иштегендиги анык. Бардык далилдер бар болгону менен Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттук чечимдерди жокко чыгарып жатат».

Ош шаардык прокуратурасынын кызматкери Мелис Эрмеков бул иш жаңы ачылган жагдай боюнча Жогорку сотто каралып жаткандыгын билдирди:

«Ош шаардык прокуратурасы тарабынан менчиктештирүү мыйзамына ылайык доо арыз келтирилген. Махамадали Маматураимов ӨКМде техникалык кызматкер болуп иштеп, жумуштан кеткенден кийин батирди менчиктештирип алган. Мыйзам боюнча ал батир бул кызматкерге берилбеш керек эле. Ал жаран Жогорку сотко жаңы ачылган жагдай боюнча кайрылган. Анын жыйынтыгы чыга элек».

Мелис Эрмеков.
Мелис Эрмеков.

Ош шаардык прокуратурасы козгогон бул ишти 2016-жылы 25-майда Ош облусунун район аралык соту карап, Ош шаардык прокуратурасынын арызын канааттандыруусуз калтырылган. Ош облусттук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы да ал чечимди колдогон. Бирок Жогорку сот бул инстанцияга чейинки соттук чечимдерди жокко чыгарган.

2004-жылы ӨКМдин Бириккен кесиптик кошуунунун төрайымы болуп иштеген, учурда мекеменин стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башкы адиси Неля Огай Ош прокуратурасы козгогон иш мыйзамсыз деп эсептейт.​

«ӨКМдин кызматкери Махамадали Маматураимовго көп балалуу ата катары батир берилген, - деди ал. - Төрт балалуу үй-бүлөгө батир алууга мыйзам жол берет. Мен прокуратура козгогон ишти мыйзамсыз деп эсептейм. Бул иш боюнча өзүм бардык сот отурумдарына катыштым. Сот биздин кызматкердин пайдасына чечип берген. Бирок Жогорку сот артка кайтарды. Мен прокуратурага ачык кайрылам, «бул адамды кордогонду токтоткула» деп. Ооруп, өмүр менен өлүмдүн ортосунда жатат»​.

ӨКМ кызматкерлерине берилген Оштогу 80 батирлүү үй
ӨКМ кызматкерлерине берилген Оштогу 80 батирлүү үй

Маматуримов менен катар 80 батирлүү үйдөн турак алган адамдар талаштуу ишке чекит коюу зарыл деп эсептешет.

«Бул жерде Махамадали Маматураимовдун ак эмгеги бар. Ушундай имаратты бүлүндүрбөй сактап калды. Мээнети үчүн берилген үйдү эмне үчүн кайра талашып жатканына түшүнбөй жатам», - деди алардын бири.

«Тандалма батир болсо да бир жөн эле. Үңкүрдөй болгон эки бөлмө. Анда он чакты киши жашайт. Анын эмнесин талашып жатат? Бир убакта бул адамдын эмгегин баалап беришти эле», - деди дагы бир маектешибиз.

ӨКМдин мурдагы кызматкеринин бир уулу 1999-жылдагы Баткен коогалаңында жараат алып, II топтогу майып.

Махамадали Маматураимовдун жубайы Ризванбуви батирди менчиктештирүү мыйзамдуу болгонун далилдеген документтер турса да бир тараптуу чечилбей жаткандыгын айтып кейийт. Бул иш жаңы ачылган жагдай боюнча ушул жылы 23-мартта Жогорку сотто каралат.

Адилеттик издеген Ризванбуви Маматураимова президентке кат менен кайрылган. Бирок азырынча өлкө башчысынан жооп ала элек.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG