Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:19

Жалал-Абад: университет ичиндеги кармаш


Жалал-Абад мамлекеттик университетинде журналистика кафедрасынын быйылкы жылы студент кабыл албашы жана кээ бир тайпаларынын жоюлушу эки жаат болуп бөлүнгөн окутуучуларды соттошууга чейин алып барды.

Алардын катарында факультет декандары жана проректорлоруна чейин бар. Окутуучулар Билим берүү министрлигинен келген текшерүү комиссиясына да доомат коюп жатышат.

Жалал-Абад мамлекеттик университети быйыл бир топ адистиктерди даярдоо укугунан ажырады. Алардын катарында журналистика кафедрасы да бар. 2011-жылы мамлекеттик тил жана журналистика болуп кайрадан уюшулган кафедра быйыл кээ бир кызыкдар тараптардын өтүнүчү менен жабылып калганын анын мурунку деканы Гүлжамал Рыскулова айтты:

- Былтыр Жк-14 тайпасы "Чокоева деген окутуучуну алмаштырып бергиле, бизге сабак өтпөсүн" деп кайрылышкан. Анын негизинде биз факультетте маселе көтөрүп, бул жагдайды караганбыз. Ал эже биздин үстүбүздөн арызданып, бир топ уюшкан мугалимдер менен Билим берүү министрлигине кафедра талапка жооп бербейт деп кат жазышыптыр. Быйыл февраль айында келген комиссия биз менен жолукпай туруп эле, ректорат менен сүйлөшүп, чечим чыгарып кетип калган. Анда студенттердин санынын аздыгын жана моралдык атмосфераны эске алып кафедра кайрадан уюшулсун жана студент кабыл албасын деп айтылган. Ошентип кафедраны бөлүп, ошол тайпаны 10 студенти менен быйыл апрелде жоюп, таркатып жиберди. Булардын үстүндө окуу иштери боюнча проректор турат. Биз анын мыйзамсыз иштери боюнча да прокуратурага кайрылганбыз.

Бул боюнча нааразычылык билдирип, кафедранын бир топ окутуучулары, студенттери жана факультеттин деканы Билим берүү министрлигине кайрылуу жолдошкон. Бирок алардын көпчүлүгү орто жолдо жоголуп, жетпей калган дейт Рыскулова:

- Ушул жылдын июнь айында кайрадан министрликке барып тактасам, биздин каттардын көпчүлүгү орто жолдо жоголуп кетиптир. Президенттик аппаратка, Жогорку Кеңешке да ушул багытта кайрылуу бергенбиз. Ошондой эле мыйзамдуулугун текшерүү боюнча биз УКМК, прокуратурага да кайрылсак алар окуу жайдын ички маселелерине кийлигише албайбыз, министрлик чечип берсин деп аларга кат жолдогон. Бирок аларга да жооп болгон жок. Филология факультетинин мурунку деканы Дарбанов да кандайча кысымга кабылганын, мыйзамсыз иштерге күбө болгонун айтып кайрылган. Ал өз арызы менен жумуштан кетип конкурстун негизинде кайра шайлоого келип, добуш берүүдө атаандашы менен теңме тең чыгып калды. Бирок кайра эле ошол кишинин талапкерлигин ректорат экинчи ирет коюп мыйзамсыз өткөрүп жиберди.

"Жк-14 тайпасынын баары келген жок" деп документ толтуруп бересиң деп талап кылды. Мен ага барган жокмун. Ошентип отуруп акыры быйыл апрелде аларды жоюп тынды.
Чолпон Алиева

Талаш жараткан маселенин баары 2013-жылы түзүлгөн мамлекеттик тил жана журналистика кафедрасынын айланасына барып такалууда. Анда сабактары кыскарып, лекциялары азайган башка кафедранын окутуучулары ар түрдүү каттарды уюштура баштаган. Ошол эле учурда Журналистика кафедрасы туура эмес уюшулуп, анын жетекчиси да мыйзамсыз дайындалган деген маалымат таратышкан. Филология илимдеринин кандидаты, доцент Дилбар Чокоева бул иштерге кезегинде ректор көңүл бурган эмес дейт:

- 2013-жылы кыргыз тили кафедрасын кыскартып, мамлекеттик тил жана журналистика кафедрасын уюштурушкан. Анда окумуштуулар кеңешинин чечими жок эле өз алдынча бириктирип, кээ бир мугалимдердин сабактары кыскарып кеткен. Айтмамат Оморов деген окутуучу болуп министрликке жазган катыбызда кафедраны уюштуруу эрежеси бузулду деген фактыларды келтиргенбиз. Ал жактан келген комиссия буларды тактап, өз жыйынтыгын чыгарып кетти. Кезегинде буга ректорубуз да жакшылап көңүл бурган эмес.

Журналистика кафедрасынын улук окутуучусу Чолпон Алиева тайпаны жана адистикти жоюуда кыргыз тилчи окутуучулар жана кээ бир адамдар өз кызыкчылыгын көздөдү деген пикирде. Анткени ошол учурда филология факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген окутуучу тайпанын журналдарын жашырып, зачеттук документтерди жасалмалап толтурушкан.

- Мен бир топ убакыт ооруп, сабакка келбей калдым. Кийин университетке келип, сабак учурунда тайпанын журналын сурасам жок экен. Баарынан сурап таба албай койдум. Кийин бир окутуучу толтуруп жатканын көрүп калып сурасам, "декандын орун басарынан алдым, кайра өзүмө бер деп айтты" деди. Анан мен андан сурап бат толтуруп кайра бергем. Андан соң сессия маалында ошол журнал бекиткен декандын орун басары "Жк-14 тайпасынын баары келген жок" деп документ толтуруп бересиң деп талап кылды. Мен ага барган жокмун. Ошентип отуруп акыры быйыл апрелде аларды жоюп тынды. Бул иштин айынан мурунку деканыбыз да иштен кетти. Ректорат тарабынан "журналистиканын бир тайпасын жоюп бересиң" деп буйрук берилгенде ал киши аткарбай койгон.

Журналистика гана эмес, быйыл салык салуу, авто жолдордогу коопсуздук жана көзөмөл адистиктерине да уруксат берилген жок. Журналистика кафедрасы жоюлган жок, кайра оптимизация болду.
Акунжан Абдрашев

Ошентип бул иш ырбап отуруп жеке маселелерге чейин өтүп, азыр жарандык тартипте Жалал-Абад шаардык сотунун кароосунда жатат. Министрликтен 6-июль күнү келген экинчи комиссия да өз чечимин өзгөрткөн жок.

Аймактагы абройлуу окуу жай деп саналган Жалал-Абад мамлекеттик университетинде 15 миңге жакын студент билим алып, 20дан ашык багыт боюнча адистиктер даярдалат. Окуу жайдын ректору Акунжан Абдрашев журналистика гана эмес, быйыл бир топ адистиктерде кабыл алуу токтотулганын билдирди. Ал эми соттошуп жаткан окутуучулар боюнча комментарий берүүнү каалаган жок.

- Азыр кадр жана сапат жагына өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Журналистика гана эмес, быйыл салык салуу, авто жолдордогу коопсуздук жана көзөмөл адистиктерине да уруксат берилген жок. Журналистика кафедрасы жоюлган жок, кайра оптимизация болду. Быйыл гана кадр жетишпестигине байланыштуу кабыл алынбайт жана калган группалар окуй берет. Ал эми окутуучулардын маселеси боюнча эч нерсе айта албайм. Алардын жеке маселелери азыр сотто каралууда.

Окутуучулардын айтымында, жогорудагы маселелердин баары быйыл күздө өтүүчү окуу жай ректорун шайлоого барып такалат. Ошол себептүү кызыкдар тараптар факультет жана кафедра башчылыгына өз адамдарын коюу менен алек.

Журналистика кафедрасында 50дөн ашык студент билим алат. Жалал-Абадда эки жеке менчик, бир мамлекеттик телеканал, төрт облустук гезит жана 12 район-шаардык басылмалар иш алып барат. Буларды эске алганда журналистика адистиги аймакка керектүү эле көрүнөт.

XS
SM
MD
LG