Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:21

Осмонов: Эл революциядан сабак алып жатат


Кыргыз тарыхы боюнча окуулук.
Кыргыз тарыхы боюнча окуулук.

Бийликти ыңкылап аркылуу алмаштыруунун артында мыйзам алкагына түшүү милдети турат.

2005-жылдын 24-мартынан кийин кош парламент түзүлүп, бийлик тизгини эки инсандын ортосунда талашка түшкөн. Жаңы тарыхтын татаал жолундагы укуктук чиелеш маселелердин тегерегинде белгилүү илимпоз Өскөн Осмонов ой жүгүртөт.

«Азаттык»: - Революция деп атабыз, анын өзүнүн эн тамгасы, белгиси бар. Ошол белгиси деп эмнелерди айтат элеңиз?

Ө. Осмонов: - Эгемендиктин жылдары 2005, 2010-жылдары революция болуп өттү деп эсептейбиз. Ушул эки окуя революциябы же төңкөрүшпү деген маселе коомдук илимдерде катуу талкууланып келатат. Буга аныктама бериш үчүн 2015-жылы 24-мартта эки революциянын биринин он жылдыгына, экинчисинин беш жылдыгына карата атайын илимий-практикалык конференция болуп өткөн. Ошондо ушул эки окуяга так аныктама бериш үчүн көптөгөн окумуштуулар, коомдук ишмерлер катышкан болчу, ал жерде атайын резолюция кабыл алынган. Ошол резолюциянын негизинде тарых боюнча окуу китептерин жазып жүргөн окумуштуулар революциялар боюнча атайын тема киргизгенбиз. «Элдик революциялар, анын себептери жана натыйжалары» деп жазганбыз.

Элдик революция болгондугуна чын эле далилдер жетиштүү. Коомдун өнүгүшүндө эволюциялык жана революциялык жолдун ролу зор, революциялык жол сапаттуу секирик деп эсептелет. Революция болуш үчүн коомдо өзгөрүүнүн объективдүү жана субъективдүү себептери болуш керек деген аксиома бар. Ушул эки революциянын алдында Кыргызстанда алардын объективдүү жана субъективдүү себептери болгондугу ошол конференцияда айтылды.

Объективдүү себеби – мурдагы башкарып тургандар өзүнө ыңгайлуу бийлик жүргүзүүгө аракет кылат. Мисалы, 2005-жылдагы революциянын алдында мамлекеттик бийлик Конституция аркылуу өзүнө ыңгайлуу шарттарды түзүп алган. Анан президенттик бийлик өтө күчөп кеткен. Анын үстүнө президенттин тегерегиндеги жакындары бийликке аралаша баштаганы анык болуп калган. Бул - революциялык кырдаалдын эң негизги себеби. Ал эми төмөндө тургандар алардын бийлигине баш ийбей, нааразылык күчөп кеткен. Жогоруда тургандар мурдагыдай башкара албай калган, ал эми төмөндөгү эл массасы мурдагыдай жашагысы келбейт. Бул эки революцияга тең мүнөздүү көрүнүш, ошондуктан муну элдик революция деп тыянак чыгарышкан. Антип тыянак чыгарышка дагы бир себеп негиз болду - эки революциянын алдында карапайым калк республиканын масштабында, мисалы 2005-жылы Жалал-Абадда, Ошто, Кочкордо, Таласта, Ысык-Көлдө, Баткенде, Бишкекте эл массасы толкуп чыга баштаган. Ошондуктан алар элдик революция деп аталып калды.

«Азаттык»: - 2005-жылдын 24-мартындагы революцияны кеп кылсак. Ал болгондон кийин бийликтин мыйзамдашуусу кандай өттү? Президент, өкмөт башчы өлкөдөн чыгып кетишти, парламент эки анжы болуп калды. Жаңы парламент чала-була ишке киришип калган, эскиси болсо кетти-кетти болуп турган…

Ө. Осмонов: - Бул ушу кезге чейин окумуштуулар, коомчулук арасында талаш-тартышты пайда кылып келе жаткан маселе. 24-мартта кандай окуя болгон? Республиканын жер-жерлеринде эл көтөрүлүп, ал 24-мартта Бишкекте улантылган. Ага жетекчилик кылыш үчүн саясатчылар «Эл биримдиги» деген кыймылга бириккен. 24-мартта бийликти жактоочулар менен «Эл биримдигинин» ортосунда тирешүү чыгып, аянтта кан төгүлүп кетүү коркунучу туулган. Президент Аскар Акаев менен премьер-министр Танаев өлкөдөн чыгып кетишкен. 2005-жылы 24-мартта Кыргызстан президентсиз калган.

Конституцияда мындай учурда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өтөрү жазылган. Премьер-министр да качып кеткенине байланыштуу мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу Жогорку Кеңештин эки палатасынын төрагаларынын бирине өтмөк. Конституция боюнча Жогорку Кеңеш Мыйзам чыгаруу жыйыны менен Эл өкүлдөр жыйынынан – эки палатадан турчу эмес беле. Алардын ыйгарым укуктары 14-апрелде аяктамак. Мурдагы парламенттин, легитимдүү деген парламенттин ыйгарым укуктары бүтө электе эле февраль айында жаңы шайланган парламент да ишке кирише баштаган. Борбордук шайлоо комиссиясы жаңы шайланган курамды шашылыш түрдө каттоодо өткөрүп жиберген. Бирок бул чечимди Жогорку сот четке кагып, «мурдагы парламент 14-апрелге чейин иштеш керек» деген атайын чечим чыгарган. Мына ушул жерден тирешүү башталган.

Мыйзам боюнча жаңы премьер-министрди дайындоо президенттин укугу болчу. Президент Эл өкүлдөр жыйынына премьер-министрликке талапкерди сунуш кылмак. Президент жок болгонуна байланыштуу премьер-министрликке талапкерди Эл өкүлдөр жыйынына Мыйзам чыгаруу палатасы көрсөтмөк.

24-марттын кечинде Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы болуп Ишенбай Кадырбеков шайланган. Ишенбай Кадырбеков «Хаят» мейманканасында чет элдик элчилерди кабыл ала баштаган.

«Euronews» маалымат агенттиги: «Кыргызстанда бийлик алмашты, Мыйзам чыгаруу жыйынынын спикери Ишенбай Кадырбеков президенттин милдетин аткара баштады» деп дүйнөгө жар салган. Конституция боюнча премьер-министрдин талапкерлигин көрсөтүү Мыйзам чыгаруу жыйынына тийиштүү болгон. Ишенбай Кадырбеков өкмөт башчылыкка талапкерди Эл өкүлдөр жыйынына көрсөтмөк. Ушундай болсо өкмөт башчы легитимдүү болмок.

"Азаттыктын" архиви: 24-март: өлкөнү өзгөрткөн түн. 23-март, 2018-жыл

Жогорку соттун чечимине карабай жаңы шайланган парламенттин өкүлдөрү президенттин кызматтан кетишин кабыл алуу, премьер-министрди дайындоо милдетин өзүнө алып алган. Бул мыйзам жагынан алганда туура эмес чечим болчу. Ошондуктан Акаевдин кызматтан кетүү жөнүндө арызына да, жаңы өкмөт дайындоо тууралуу жарлыкка ошол кездеги Мыйзам чыгаруу жыйынын жетектеп турган Ишенбай Кадырбеков кол койсо туура болмок. Мындай тыянакка саясатчылар менен окумуштуулардын көпчүлүгү келген.

2005-жылы 2-апрелде Акаев Москвадан президенттик ишин тапшыра тургандыгын билдирген. Ошол жакка Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Ишенбай Кадырбеков жетектеген же ошол дайындаган комиссия барып, Акаевдин кызматтан кетүү тууралуу арызын алып келсе туура болмок.

Бирок жаңы шайланган Жогорку Кеңештен атайын комиссия түзүлүп, аны Текебаев жетектеп барып, Акаевдин арызын алып келип атышпайбы. Ошондуктан айрым саясатчылар өкмөт башчылыкка Бакиевдин дайындалышы, ошол эле учурда президенттин милдетин аткарышы 14-апрелге чейин легитимдүү болгон эмес деген тыянакка келип жатышат. 24-марттан 14-апрелге чейин президенттин милдетин аткаруу Ишенбай Кадырбековго тиешелүү болгону айтылып келатат. Кээ бирөөлөр айтып атышпайбы, «бир-эки күн президенттин милдетин аткарган» деп. Чынында мынабу документтерди, материалдарды карап тактап келгенде 20 күнгө жакын убакыт Ишенбай Кадырбеков президенттин милдетин аткаргандыгы такталып, окуу китебине ушуну киргизип жаздык.

«Азаттык»: - Курманбек Бакиев Эл өкүлдөр жыйынынын чечими менен өкмөт башчынын милдетин аткаруучу болуп калган. Андан кийин Мыйзам чыгаруу жыйынынын чечими менен президенттин милдетин аткаруучу болуп калды. Бир эле кишиге эки милдетти жүктөп коюу мыйзамга туура келеби?

Ө. Осмонов: - Мыйзам талабы боюнча өкмөт башчылыкка талапкер боюнча сунушту Мыйзам чыгаруу жыйыны Эл өкүлдөр жыйынына бериш керек болчу. Бирок аны күтпөй эле жаңы шайланган парламент мурдагы парламенттин ыйгарым укугу бүтө электе өкмөт башчысын дайындап коюп атпайбы. Президенттин милдетин аткаруу да Бакиевге тапшырылып калып атат. Чындап келгенде Бакиевдин ошол кездеги 14-апрелге чейинки бийлиги легитимдүү эмес. Анан чала мыйзам жолундагы мамлекеттик бийлик президенттик бийлик 2005-жылдын июлуна чейин созулуп кеткен. Чала мыйзам ушундай. Кийинки революция мындай абалдан сабак алып, мыйзам талаасында маселени туура чечти деп айтсак болот. 2010-жылдагы революцияда ошондой болду.

«Азаттык»: - Революция - Конституцияда жок, мыйзамсыз нерсе. Аны мыйзамдаштыруу аракети түкшүмөл суроолорду жаратпай койбойт. Бул жагынан алганда 24-марттан 14-апрелге чейинки окуялар революция мыйзамсыз экенин көрсөтүп койду да, же андай эмеспи?

Эл өзү жон териси менен ушул революция аркылуу президенттердин алмашуусу кандай натыйжа берерин, шайлоону кандай өткөрүш керек экенин, демократия жолундагы чоң сабактарды алып атат.

Ө. Осмонов: - Жок, андай эмес. Бул жерде мамлекеттик бийлик чала мыйзам менен бекитилгени көрүнүп калбадыбы. Элдик революция болду, анын себептери айкын көрүндү. Революция ишке ашты, бирок бийликти тактоодо жанагыдай калпыстыктар кеткен.

«Азаттык»: - Бийликтин бир колдон экинчисине өтүшү калпыс, аябай кыйын маселе экен. Кездешип калчу окуялардан алдын алыш үчүн конституциялык мыйзамдар керек окшойт, же андай эмеспи?

Ө. Осмонов: - Так мыйзамдар болгону 2010-жылкы элдик революциядан көрүндү. Революция кандуу жол менен ишке ашты, Убактылуу өкмөт түзүлүп, Баш мыйзам даярдоочу комиссия түзүлүп, ишке киришти. Анан Конституциянын долбоорун 27-июнда элдик референдумга алып чыкты. Эл Убактылуу өкмөт иштеп чыккан Конституциянын долбоорун, парламенттик башкарууга өтүү жөнүндөгү Баш мыйзамды бекитти, анан буга улай өткөөл мезгилде президенттин ыйгарым укуктарын Роза Отунбаевага тапшыруу жөнүндөгү Убактылуу өкмөттүн декретин бекитти. Бул мыйзам алкагында чечилди.

Кыргызстанда президенттер тез-тез алмашат деп атпайбызбы. Төрт президент эл тарабынан шайланды – Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков. Ал эми эки адам, тарыхый жагынан тактап келсек, Ишенбай Кадырбеков менен Роза Отунбаева революциянын алгачкы мезгилдеринде Кадырбеков жыйырма күндөй, Отунбаева бир жарым жылдан ашыгыраак убакыт президенттин милдетин аткарды. Ушунун баары биз үчүн чоң сабак.

2010-жылдын 7-апрели тууралуу парламенттин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков менен маек. 26-март, 2019-жыл.

Борбор Азиядагылар «Кыргызстанда революция болуп, президенттери тез-тез алмашып атат» деп сындап атышпайбы. Мунун жакшы жактары эмнеде? Эл өзү жон териси менен ушул революция аркылуу президенттердин алмашуусу кандай натыйжа берерин, шайлоону кандай өткөрүш керек экенин, демократия жолундагы чоң сабактарды алып атат. Анан мына бул Борбор Азиядагы мамлекеттерде авторитардык режимдердин көпкө созулушу, менин жекече оюмда, аларды артка тартат. Мына, парламенттик системага өтүп, аны өркүндөтүүгө аракет кылып жатабыз, шайлоо системасын жакшыртып атабыз. Эртедир-кечтир биз туура жолго түшөбүз деген чоң ишенич бар.

«Азаттык»: - Ушу жаңы тарыхты окутуу жаштар арасында кызыгуу жаратып жатабы?

Өткөн окуялардан сабак алыш үчүн аны объективдүү чагылдыруу зарыл. «Тарых бул турмуштун мугалими» деп бекеринен айтылган эмес.

Ө. Осмонов: - Калыстык үчүн мурдагы президенттердин жакшы иштерин айта кетишибиз керек. Тарыхчы катары айтпасам болбойт. Туңгуч президентибиз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын дүйнөгө даңазалап, БУУда бул боюнча атайын резолюция кабыл алынды. Атамбаев да тарыхка өзгөчө көңүл бурду. 1916-жылкы улуу Үркүндүн 100 жылдыгы. Буга чейин тайсалдап эле тарыхка деле так жаза албай, анан мамлекеттик деңгээлде белгилөөдөн тартынып, эстелик коё албай атпадык беле. Тарыхый изилдөөлөрдү жандандырыш үчүн атайын комиссия түзүп, атайын коом түзүп, анан тарыхый даталарды белгилөөгө мамлекет тарабынан көңүл бурулганын, изилдөөгө шарт түзүп бергенин айтпай кетпесек болбойт. Өткөн окуялардан сабак алыш үчүн аны объективдүү чагылдыруу зарыл. «Тарых бул турмуштун мугалими» деп бекеринен айтылган эмес.

«Азаттык»: - Өскөн ага, рахмат, ишиңизге ийгиликтер арбын болсун!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG