Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

ВИЧ менен күрөшкөн балалык


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда 600дөн ашуун бала ВИЧ илдетин алып жүрөт. Алардын 382сине дарт 2006-2007-жылдары ооруканадан жуккан. Бул тууралуу Республикалык СПИД бирикмеси "Азаттык" радиосуна билдирди.

Ноокат райондук жугуштуу дарттар ооруканасында жана Ош облустук балдар ооруканасында вирус жуккан балдар Ош, Жалал-Абад шаарларында, Сузак, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн райондорунда жашайт.

Ош: ВИЧке кабылган эне-бала кодуланат

Ош: ВИЧке кабылган эне-бала кодуланат

Укук коргоочулар ВИЧ-илдеттүү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетерин айтышууда.

Балдарга ВИЧ жугуп калганына байланыштуу 2008-жылы Кылмыш кодексинин 117-беренеси (ВИЧ инфекциясын жуктуруу) боюнча 14 дарыгерге кылмыш иши козголгон. Иш Жогорку Сотко чейин жеткен. Териштирүү беш жылга уланган. Алты дарыгер акталып, калгандары шарттуу түрдө төрт жылга кесилген. Анын эки айын алар тергөө абагында өткөрүшкөн.

Ооруканада балдарга ВИЧ илдетин ким, кандайча жуктурганы так аныкталган жок.

Кылмышка тиешеси бар деп жоопко тартылган дарыгерлер жаза мөөнөтүн өтөп, айрымдары ишин кайрадан улантып жатат. Жабыркаган энелерге жана балдарга негизинен бейөкмөт уюмдар көмөк көрсөтөт. Онго жакын аялга өкмөт Ош шаарынан үй берген.

Кыргызстанда ВИЧ оорулуу адамдарга Глобалдык фонддун жардамынын алкагында дары-дармектер берилет. Бул каржылоо 2021-жылы токтойт.

ВИЧ илдети менен өлкө аймагында жети миңден ашуун адам каттоого алынган. Бул илдеттен 1657 киши каза тапкан.

"Азаттык" ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгы менен илдет жугуп калган балдардын жана энелердин тагдыры тууралуу атайын берүү даярдады:

Дарт тооруган балалык
please wait

No media source currently available

0:00 0:27:53 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG