Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:52

Тик учак чыры: мурунку бийликтин изи


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда аскердик тик учактар чыры кайрадан күндүн башкы темаларынын бирине айланды.

14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев “Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат" деген маалыматты териштириш керек экенин айтып чыкты. Эл өкүлү өкмөт башчыны буга жол берген кызматкерлерди жоопко тартууга чакырды:

- Экөөнү Америкадан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип жатабыз. Экинчиден, биз аны Орусиядан жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн, ошого кол койгон адам жооп бериши керек, бул кылмыш.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев бул ишти териштирүүгө убада берип, кыска гана жооп кайтарды:

- Кетип жаткан тик учактар боюнча териштирели. Биздин кадыр-баркыбызга шек келтирип жаткан болсо карап чыгып, туура жагына чечишибиз керек.

Бир күндөн кийин Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы депутат айткан тик учактар боюнча маалыматты төгүндөп, "чындыкка дал келбейт" деп чыкты. Башкы штаб: “Бир да тик учак өлкөнүн сыртына учкан эмес, бүтүн авиапарк дислокациялык аэродромдордо турат жана Кыргызстанды коргоону камсыз кылуу боюнча пландуу ишти аткарууда” деп билдирди. Бирок Сомалиге ижарага тик учак берүү келишими боюнча эч нерсе айткан жок.

"​Сомалиге тик учактар ижарга берилет" деген кабар 2014-2015-жылдары да тарап, бирок ошол бойдон унутулуп калган. Ошол кездеги коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 2014-2015-жылдары “Кыргыз курал” ишканасы менен чет өлкөлүк ортомчу фирма аркылуу төрт аскердик тик учагын берүү жөнүндө келишим болгонун “Азаттыкка” билдирди.

Кудайбердиевдин айтымында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев Башкы штабдын тик учактарды чет өлкөгө жөнөтүү тууралуу сунушун кароону өкмөткө тапшырган.

"Азаттыктын" колуна тийген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу.
"Азаттыктын" колуна тийген экс-президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин айтымында, Башкы штаб уруксат алыш үчүн Куралдуу күчтөрдүн кол башчысынын дарегине "тик учактар Угандага тынчтык орнотуучу эл аралык уюм аркылуу жөнөтүлөт" деген сунуш берген. Кудайбердиев ушундан улам ижара боюнча ошол кездеги президент кабардар болбошу, ошол эле учурда Башкы штабдын, "Кыргыз курал" ишканасынын жетекчилиги жана президенттик аппараттын жооптуу кызматкери келишип алышы мүмкүн деп шекшийт.

- Башкы штабдын өкүлдөрү өз алдынча иш-чара уюштуруп, 2014-жылы 3-декабрында келишимге кол коюлган. Ага Коргоо министрлигине караштуу “Кыргыз курал” ишканасынын жетекчиси кол койгон. Ал кол койгонго эч кандай акысы жок. Эки өлкөнүн ортосундагы келишимге кол коюш үчүн өкмөт уруксат бериши керек болчу. Андай болгон эмес. Ал өз алдынча алдын-ала эле келишимге мыйзам бузуу менен кол койгон.

Кудайбердиев ал жетектеген министрликке караштуу “Кыргыз курал” ишканасынын жетекчилиги министрдин башын аттап чет өлкөлүк уюм менен түзгөн келишими боюнча бардык укук коргоо органдарына, өкмөткө кайрылуу жөнөткөн.

- Келишим менен таанышып, ал мыйзам бузуу менен түзүлгөнүн билгенден кийин өкмөткө, УКМКга, Башкы прокуратурага кат жаздым. Анын негизинде Башкы прокуратура Аскер прокуратурасына тапшырма берип, алар баарын текшерип, жыйынтык чыгарган. Албетте, келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн деп, аны токтотуу жөнүндө чечим чыккан. Ошентип тик учактар кетпей калган.

Абибилла Кудайбердиевдин маалыматына караганда, тик учактар эки жылга берилип, ал үчүн жалпысынан 30 млн. доллар ижара акысы алынмак. Бирок келишимде акча каражаты Дубайдагы банктардагы “Sky Tech Trading Services FZE” компаниясынын эсебине түшөөрү көрсөтүлгөн.

Мурдагы коргоо министри Абибилла Кудайбердиев айткандарын негиздеген документтер бар экенин билдирип, анын кызматтан алынып, кылмыш ишинин козголушун дал ушул маселе менен негиздеп жатат.

2015-жылы УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы мурдагы министрлер Таалайбек Өмүралиевге, Абибилла Кудайбердиевге жана “Аскер курулуш” ишканасынын башкы директору Кубаныч Колхожоевге, министрликтин жооптуу кызматкерлерине карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Ишенип берилген мүлктү коромжу кылуу, өз пайдасына коротуу” беренелеринин негизинде үчүнчү кылмыш ишин козгогон.

Кыргызстандын тик учагы.
Кыргызстандын тик учагы.

2014-2015-жылдары президенттик аппаратта азыр камакта отурган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков иштеп турган. Орусиялык "Kommersant.ru" сайты "Угандага тик учак жөнөтүү боюнча келишимдерге Атамбаев жана Исаков байланышкан" деп шектелип жатканын жазып чыкты.

Экс-президент, КСДП партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев азырынча бул тууралуу пикирин билдире элек. Партиянын басма сөз кызматкери Кундуз Жолдубаева тик учактар боюнча кабарларды кезектеги “жалган” маалыматтар деп мүнөздөдү.

- Бул катардагы “фейк” жаңылык. Бул маселени кечээ Жогорку Кеңеште депутат Иманалиев көтөрдү. Анан расмий орган болгон Башкы штаб “эч кандай келишим жок, тик учактар Кыргызстандын сыртына чыккан жок, бардыгы өлкөнүн ичинде” деп жооп берди.

2015-жылы мекеме аралык жумушчу топ “Кыргыз курал” мамлекеттик ишканасы менен Уганданын Коргоо министрлигинин тик учактарды ижарага берүү тууралуу келишиминин мыйзамдуулугун текшерген. Буга Абибилла Кудайбердиевдин ошол кездеги коопсуздук боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиевдин наамына жазган каты негиз болгон. Муну Маматалиев өзү да бышыктады:

- Президентке атайын өкмөттүн аты менен комиссиянын жыйынтыгы кеткен. Ошол боюнча эч кандай жооп келген эмес. Кийин ачык эле сөз жүргөн, мурдагы бөлүм башчы, кийинки премьер-министр Сапар Исаков аралашкан деп.

2014-2015-жылдагы Башкы штабдын, “Кыргыз курал” ишканасынын жетекчилери менен байланышууга мүмкүн болбоду. Бул маалыматтар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы болуп эсептелген мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камалып, мурдагы жана кийинки бийликтин саясий тиреши күчөп турган учурда ачыкка чыкты. Ушундан улам айрым саясий серепчилер экс-президенттин жакын адамдарына карата дооматтар, оппоненттеринин каралоосу болушу мүмкүн экенин да айтышты. Саясат таануучу Айнура Арзыматова мындай деди:

- Көпчүлүгү “Ата Мекендин” өкүлдөрү болуп жатпайбы. Улам бир нерсени алып чыгып аткандар - мурдагы Атамбаев менен мамилеси жаман болгондор. Азыр аябай ыңгайлуу учур болуп жатпайбы. Атамбаевдин жакын адамдарын чымчылаганы анын өзүнө да тийип атпайбы. Мен бул атайын өнөктүк деп ойлойм.

Кыргызстанда ушул тапта Куралдуу күчтөрүндө жети тик учак бар. Анын бири президенттин сапарлары үчүн каралган. Аскердик тик учактардын экөөнү АКШ, экөөнү Орусия жардамга берген. Алардын ар биринин баасы орто эсеп менен 70-90 млн. сомду түзөт.

Кыргызстанда буга чейин да тик учактар боюнча чуулуу окуялар катталган. 2011-жылы Ооганстандан келген үч тик учак "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп камакка алынган эле. Транспорт прокуратурасы иликтөөнүн жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз боёмочулук менен шугулданган топ ашкереленгенин билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG