Бир суткада жети адамды ит тиштеген
Нур-Абад айылынын тургуну Рисалот Хурбаеваны ит каап алганда колунун сөөгү майдаланып кеткен. Араван райондук ооруканасында анын манжасына операция жасалды.
"Базарда иштейм. Эртең мененки намазды окуп, базарга жөнөгөм. Арыктын боюнда автобус күтүп отурсам, бир ит мени көздөй чуркап келе жатыптыр. Жерден таш алып, “кет” деп тап берсем, кайра мага атырылды. Сумкам менен коргонуп, качканыма карабай, сол колумду тиштеп, сөөмөйүмдү чайнап салды".
Рисалот Хурбаева 3-июль күнү, эртең менен ооруканага кайрылган.
Андан бир күн мурда, тагыраагы 2-июлда ооруканага кечки саат ондон баштап түн бир оокумга чейин алты киши кайрылган. Алардын экөө он төрт жашка чейинки балдар.
"Арыктын боюнда отурсам каап алды. Качканга жетишпей калдым. Башымды тиштеди. Сары, чоң ит талады", - деди он үч жаштагы Захрие.
Захрие ооруканага 2-июль күнү кечке жуук түшкөн.
Шектүү ит тогуз жаштагы Диербекке да тиш салган. Ал ит арык жээгинде бети-колун жууп жаткан кезде жамбашын тиштеп алганын айтып берди.
Жалпы жонунан эки күндө ит капкан жети киши ооруканага кайрылган. Алардын баарынын абалы жакшы экенин, кутурмага каршы тиешелүү дары-дармектерди алып жатканын Араван райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнүн башчысы Мамадияр Авазали уулу билдирди:
"Бизге "ит тиштеди" деп кайрылган бейтаптардын баары бир айыл өкмөттүн тургундары. Алардын абалы жакшы. Кутурмага каршы дарыларды бери жатабыз. Бир аялдын колуна операция жасалды".
Дарыгердин айтуусунда, адамга тиш салган иттин кутурганын аныктоо үчүн анын башы Оштогу облустук санитардык-эпидемиологиялык лабораториясына текшерүүгө жиберилген.
"Кооптонууга негиз жок"
Бул Араван районунун Нур-Абад айылында кутурмага шек саналып катталып жаткан экинчи учур. 21-июнь күнү аталган айыл өкмөттүн Какыр-Килтен айылында ит малга жана эки адамга тиш салган. Тиешелүү экспертиза айбандын кутуруп кеткенин аныктаган.
Буга байланыштуу 25-июнь күнү кутурманы чектөө боюнча атайын штаб түзүлгөн.
Штабдын төрайымы, Араван райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башкы врачы Санабар Турдукулова “Азаттыкка” штабдын мүчөлөрү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлады.
"Штабга райондогу сегиз үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, санитардык эпидемиологиялык кызматкерлер жана ветеринарлар кирген. Биз азыр райондогу бардык айылдарда элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. "Кандай гана жандык болбосун адамга кол салган учурлар назардан тыш калбай, сөзсүз дарыгердин көзөмөлүнөн өтүшү керек" деген тапшырма бердик".
Санабар Турдукулованын маалыматы боюнча, штабдагы ветеринарлар аркылуу акыркы үч күндө жетимиштен ашуун жолбун ит атылган.
Аравандагы кырдаалга Ош облустук санитардык-эпидемиологиялык борбору да көз салып турганын кабарлады.
Аталган борбордун башчысынын орун басары Артыкбай Эралиев аймакта кутурмага байланыштуу кооптуу жагдай жаралбаганын жана ооруга каршы вакцина, дары-дармектер жетиштүү экенин айтууда.
"Кечээги окуядан кийин Оштон кутурмага каршы дары-дармектерди алып келдик. Баары жетиштүү көлөмдө сакталып турат. Дарылануу акысыз. Учурда дарыгерлерибиз бардык айылдарды кыдырып, ит же башка жандык кол салган адамдардын баарын текшерүүдөн өткөрүп жатат. Мындан тышкары жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 2-3-июль күнү ит тиштегенин айтып, көп адамдын ооруканага кайрылышын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасы деп ойлойм. Убагында кайрылып, тиешелүү дарылануудан өтсө, кутурмадан айыгат. Кайдыгерлик кылып, маани бербей койсо, өтүшүп кеткенден кийин кеч болуп калат".
Расмий маалыматтар боюнча Ош облусунда жылына түрдүү жандыктын тиш салганына даттанып 3,5-4 миң адам кайрылат. Былтыр Ош шаарында колун кутурган ит тиштеп алган студент жигит кайтыш болгон.
Быйылкы жарым жылдыкта кутурмадан набыт болгондор облуста каттала элек.