Алар Бишкектеги Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүн күнөөлөп жатышат. Алардын бири тишин алдырган соң алты жылдан бери ушул госпиталда дарыланып, айыкпай жатканын айтты. Бөлүмдүн башчысы Алмаз Кулназаров бейтаптардын дооматтарын толугу менен четке кагууда.
"Ачып, кайра жаап койдук..."
Өзүн Азамат деп тааныштырган жигит бетиндеги имплантты алдырып салыш үчүн Бишкектеги Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаровга ушул жылдын 23-апрелинде кайрылганын айтты. Анын сөзүнө караганда, дарыгерлер алгач текшерип, анализдери даяр болгон соң аны операцияга кабыл алышкан. Азаматтын айтымында, беш саат операциядан соң дарыгер Кулназаров имплант табылбаганын айткан.
- Бетимде жука имплант бар болчу. Ошону алып ташташ керек эле. 23-апрелде Кулназаров менен Лисагоров деген дарыгер экөө көрүп, "анализдерди тапшырып, 25-апрелде кел, операция кылабыз" дешти. Операциядан кийин беш сааттан кийин өзүмө келдим. "Жакшы болуп калган экен" деп сүйүнүп, операция кандай өткөнүн сурайын деп иш бөлмөсүнө барсам, “кечирип кой, Азамат, имплантты тапкан жокпуз, жаагыңды ачып, кайра жаап койдук” деди.
Азаматтын айтымында, имплантты Москвада койдурган. Ыңгайыздык жараткан үчүн аны Кыргызстанга келип алдырууну туура көргөн.
Адам өмүрү менен ойногон ак халатчандар
Адам өмүрү менен ойногон ак халатчандар
"Азаттыкка" кайрылган экинчи бейтап - Татьяна. Ал алты жылдан бери Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаровдун көзөмөлүндө болгонун, баары тишин алдыргандан башталганын айтып берди.
- Мен тишим катуу ооруганынан кайрылгам. Менин совет убагында дарылаган тишим бар болчу, бирок ал ооручу деле эмес. Кулназаров текшерип чыккандан кийин ошол тишим оорутуп жатканын айтсам, аны жулду. Бирок оору басылган жок. Мен дагы эле ооруп жатканын айтып кайрылдым. Дарыгер совет убагында дарылоо ыкмасы башкача болгонун, анын жанындагы тиш оорутуп жатканын айтып экинчи тишимди жулду. Ошондон кийин тиштерим шалкылдай баштады. Башка тараптагы тишим ооруй баштап, кайра келдим. Кулназаров ушундай боло бере турганын, ушундай оору экенин айтып үчүнчү тишимди жулду. Бирок оору басылган жок.
Татьянанын айтымында, Кулназаров ага "пародонтоз" деген диагноз коюп, башка дарыгерге көрүнүүнү сунуш кылат. Бирок бет-жаак боюнча хирург Аврора Цепелева алдыңкы тиштер кыймылдабай эле турганын айтып, кайра Кулназаровго жөнөтөт.
- Ошондон кийин Кулназаров башка тиштерди да жулуп салгандын ордуна тез арада протез коюш керек экенин айтты. "Консилиум чогултабыз" деп, аны да кылган жок. Анан бетим сезгенип, ал жерди кести. Анан ээгиме өттү. Үчүнчү жолу мурдумдун кайкысын кести. Ошентип бетим бүт тырыкка айланды. Оору өтпөгөндүктөн ал тиштеги бардык көпүрөлөрдү алып, "балким инфекция болушу мүмкүн, тазалап чыгам" деди. Мени толук уктатты, кайра ойгонсом бардыгы ордунда. Протезге тийбептир. Ачып көрүп, аябай татаал экенин көргөн окшойт, "протезди алган жокмун, анткени кайра аны койгонго мүмкүн болбой калышы ыктымал" дейт. Анын айынан тишимдин түптөрү ириңдеп кетиптир.
"Бизге ириң, сезгенүү менен келген"
Жогоруда аты аталган эки бейтап тең консилиумга чогулган дарыгерлердин баары Кулназаровдун таанышы экенин, алардын сөзү бир чыкканын айтышууда.
Анткен менен улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров жогорудагы бейтаптардын айткандарын толугу менен төгүндөп жатат. Анын айтымында, Азамат буга чейин бир нече ирет Москвада дарыланган.
- Беш жыл мурда биринчи жолу жаагы сынып, Москвада операция болгон. Экинчи жолу 2,5 жыл мурда жасалган. Ал бизге келип буга чейин үч жолу көрүнгөн. Биз "ириң жок, оорунун сезгенүүсү жок болгондуктан операция зарыл эмес" деп түшүндүрдүк, кеңештик. Ал өзү ыңгайсыздык жаратып, ишине, жашоосуна да таасирин тийгизип жатканын айтты. "Жараны ревизия кылуу" деген операция жасап, тырык бөлүктөрүн алып койдук. Биз караган жерде ириң, сезгенүү жок болгондуктан ревизия менен жаптык. Консилиумдун жыйынтыгы чыккандан бери бул бейтаптар бир да келе элек.
Ал эми экинчи бейтап Татьяна туурасында мындай деди:
- Алты жылдан бери аны Кыргызстандагы жакшы дарыгерлердин баары дарылап жатышат. Тери оорулары боюнча адис, профессор Балтабаев, стоматолог, ооз көңдөйү боюнча адис Цепелева, иммунолог, ревматологдор дарылап жатат. Москвага анализин тапшырып келген. Новосибирск шаарына барып келген. Ооба, башында кабыл алгам. Бизге да ириң, сезгенүү менен келген. Акыркы жолу келгенде ушул жерден операция жасалды. Өзү "операциядан кетти" деп жатпайбы. Тиштин тамырынын учун кескен операция бар. Тишти сактап калыш үчүн тамырдын учундагы сезгенүүнү алат, тиш өзү калат. Бул ыкма көп жылдан бери пайдаланылып жүрөт. Андай операция жасоого көрсөтмө бар, рентгенде көрүнүп турат.
Ал ортодо Саламаттык сактоо министрлигинде эки бейтаптын арызынын негизинде жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министр Космосбек Чолпонкулов "Азаттыкка" билдирди. Министр бул иш өзүнүн көзөмөлүндө экенин айтты:
- Жумушчу топ түзүп, "Азамат, Татьяна боюнча жакшылап изилдегиле" деп тапшырма бердим.
"Дарыгерден жабыркадык" деген эки бейтап Бишкек шаарынын Биринчи май райондук милициясына чара көрүп берүүнү өтүнүп арыз жазышкан.
Анткен менен министрликтин дарылоо, алдын-ала жардам берүү бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Калмаматов жана Биринчи май райондук милициясынын Алымбек аттуу тергөөчүсү иш жүрүп жатканын айтуу менен гана чектелишти.
Дарыгер катачылыгы: тиш оору алган өмүр
Дарыгер катачылыгы: тиш оору алган өмүр
Буга чейин Бишкек шаарынын 21 жаштагы тургуну Касмалы уулу Нурландын каза болгонуна Алмаз Кулназаровдун шалаакылыгы себеп болгонун айтып маркумдун энеси Назира Сатыбалдиева "Азаттыкка" кайрылган болчу. 2016-жылы августтагы Нурландын өлүмүнүн себебин аныкташ үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Каза тапкан жигит ага чейин эмканадан тишин жулдуруп, бирок жакшы боло албай, Улуттук госпиталдын бет-жаак бөлүмүндө дарыланганы белгилүү болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги менен Улуттук госпиталдын комиссияларынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 21 жаштагы Нурландын өлүмүнө алып келген, дарылоо ишинде кеткен кемчиликтер үчүн Алмаз Кулназаров менен дарыгер Айнура Алымбаева кызматынан бошотулган. Бирок сот алардын кызмат ордун калыбына келтирүү жөнүндө чечим чыгарып, дарыгерлер өз ишине кайтып келишкен.
Бул окуя боюнча Башкы прокуратуранын тапшырмасы менен иш козголуп, учурда Бишкек шаардык милициясы тергеп жатат. Маркум Нурландын жакындары эки жылдап жүрүп ачылган кылмыш иши акыйкат тергелсе деп үмүт кылууда. Бирок алар жарым жылдан бери жылыш жок экенин айтып жатышат. Тергөө иштери акыйкат жүрүшүн жана ишти өз көзөмөлүнө алууну өтүнүп, маркумдун энеси ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге кайрылды.