Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Жамшитов: саясий буйруктарды аткарбайм


Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Башкы прокурорлук кызматка дайындалганына бир ай болгон Өткүрбек Жамшитов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди. Жамшитов прокуратура тармагын тазалоо аракети болуп жатканын, чуулгандуу кылмыш иштерин аягына чыгараарын жана бийликтин саясий буйруктарын аткарбай тургандыгын билдирди.

"Азаттык": - Өткүрбек мырза, кызматка дайындалганыңызга бир ай болуп калды. Ишти эмнеден баштап жатасыз?

Жамшитов: - Өткөндө Жогорку Кеңеште талапкерлигим каралып жатканда да ушул суроо берилген. Биринчиден, прокуратуранын бедели менен баркын көтөрүүнүн үстүндө иштеп, тазалануудан баштадык. Өзүбүздүн кызматкерлердин иштөө жолун, эл менен болгон мамилесин башкачараак кылсак деген ой бар. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинде президенттин айткан сын-пикирлери абдан туура болгон. Ошондой иштер бүгүн да бар. Иштерди аткарууга мөөнөт берилген. Депутаттар да ошол иштерди сурап жатышат. Азыр кайсы бир мөөнөттөгү иштер каралып жатат, 15-20 томдук иштер бар.

"Азаттык": - Прокуратура тармагында тазалануунун механизми кандай?

Жамшитов: - Акыркы болгон фактылардан сабак алсак болот. Азыр кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Азыр 2017-жылдын отчетун парламентке берип алсак, аймактарды кыдырам. Эмне маселе бар экенин элден сурайбыз.

"Азаттык": - Учурда ЖЭБ, Улуттук тарых музейи, ат майдан боюнча териштирүү башталды. Коомчулукта "ушул иштер аягына чыкпай калат" деген кооптонуу бар. Бул иштер аягына чыгабы?

Жамшитов: - Азыр чуулгандуу иштер боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ар бир кылмыш иши прокуратуранын көзөмөлүндө. Мыйзам талабына ылайык көрсөтмөлөр берилип жатат. Мен ишенем, чоң кылмыш иштери сотко жетип, аягына чыгат.

"Азаттык": - Сизге чейинки саясатчыларга козголгон кылмыш иштери бар. Анын ичинде "Өмүрбек Текебаев боюнча жаңы жагдайлар каралат" деп жатышат. Ошол боюнча эмне маалымат бар?

Жамшитов: - Азыр Текебаевдин ишин депутаттар "беш жаңы жагдай боюнча кайра карап чыккыла" деген. Мен ал боюнча тергөө башкармалыгына тапшырма бергем. Реалдуу карап жатат. Ошонун жыйынтыгында маалым болот.

"Азаттык": - Депутаттар "башкы прокурорлор саясий оюндардын куралы болуп келатат" деп сындашат. Кылмыш иштерин саясий өңүттө карабай, мыйзам чегинде иш алып барууга сиздин эркиңиз жетеби?

Жамшитов: - Ар бир кылмыш ишинин артында адамдын тагдыры бар. Адамдын тагдырынын артында үй-бүлөсү бар. Ошондуктан адамдын тагдырын биз жеңил карабашыбыз керек. Баары мыйзам чегинде каралып, күнөөсү болсо айтып, жок болсо "муну жоопко тарта албайбыз, сотко жеткире албайбыз" деп ачык айтышыбыз керек.

"Азаттык": - Бүгүн сизге саясий эрк берилдиби?

Жамшитов: - Ооба, "баары мыйзам чегинде болсун" деген талап болду. Башка саясий иштерге аралашуунун кереги жок.

Жамшитов: саясий буйруктарды аткарбайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:50 0:00
Түз линк

"Азаттык": - Коррупцияга каршы күрөш боюнча прокуратуранын орду кандай?

Жамшитов: - Азыр баары "кайда барсаң акча сурайт, жемкорлук бардык жерде бар" дешет. Буга коомчулук да жардам бериши керек. Жалгыз прокуратуранын же башка укук коргоо органдарынын колунда эмес. Ошон үчүн ишеним телефондору бар. Реалдуу фактылар менен коомчулук жардам берсе, сөзсүз чара көрөбүз.

"Азаттык": - Мурдагы башкы прокурорлордун тагдыры белгилүү. Айрымдарына кылмыш иши козголуп жатат. Сиз абдан жоопкерчиликтүү кызматке келдиңиз. Кандай жүктү сезип атасыз? Бийлик да алмашты...

Жамшитов: - Жоопкерчилик абдан чоң. Ушул системанын иштөө принциптерин жакшыртып, өзгөртөт деген ишеним берилди. Президенттин тапшырмалары абдан туура болуп атат. Ошонун баарын аткарууда абдан чоң жүк жүктөлгөнүн жон терим менен сезип атам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG