Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:18

Наргозуев: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок


Бегаалы Наргозуев.
Бегаалы Наргозуев.

Кыргызстанда маалымат жана басма сөз күнү белгиленип жатат. Маалымат каражаттарындагы эркиндик тууралуу “Сөз эркиндигин коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун өкүлү Бегалы Наргозуев "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кыргызстанда журналисттердин кысымга кабылган учурлары бар. Өлкөдө сөз эркиндиги жетиштүү корголуп жатабы?

Бегалы Наргозуев: Freedom House уюмунун тыянагына таянсак, Кыргызстан Акаев мезгилинен тарта эле чала-чарпыт сөз эркиндиги бар мамлекет катары эсептелип келгенбиз. Ал эми соңку 25 жыл ичинде биринчи жолу быйыл "басма сөз эркиндиги жок" деген өлкөлөрдүн катарына кошулдук.

Азыр президент баш болуп "коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу бизде эркиндик бар" деп айтышууда. Бирок ага алты жылдан бери такта отурган азыркы бийликтин эч кандай салымы жок. Анткени, башта айтып өткөндөй, бул эркиндик Акаев мезгилинен эле түптөлүп калган.

Атамбаевдин бийлиги тушунда басма сөз эркиндиги жок өлкөлөрдүн катарына кирдик. Ошондуктан алардын муну айтып мактанышы уят. Ушул тапта Кыргызстанда сөз эркиндиги бар дегендин өзү күлкүнү келтирет. Мына, журналисттерди сабап кетишүүдө. Мисалы, Шайырбек Маматокторов сабалды, Дайырбек Орунбековдун артынан милиция аңдып жүрөт. Президенттин көрсөтмөсү менен аны соттоп, 2 миллион сом айып пулга жыкканын, аны төлөбөй койду деп кылмыш ишин ачып, абакка отургузуу аракети көрүлүп жатканы буга мисал. Ал эми Уран Ботобеков, Адилет Айтикеев чет өлкөгө качып кетүүгө мажбур болду.

"Азаттык": Бийлик дарегине маалымат алууга, аны жайылтууга чектөө киргизүү аракеттери көрүлүп жатат деген сын айтылып келет. "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү аракетин эмнеден көрөсүз?

Бегалы Наргозуев: Бүгүнкү күнү кезинде мурдагы бийликти сындап жүргөндөр бийликке келип алышып, эми чындыкты бетке айткандарды өздөрү көтөрө алышпай куугунтуктап жатышат. Коркутуп-үркүтүп, айып пул салуу, психологиялык басым жасоо менен журналисттердин оозун жабууга умтулуп жатат деп эсептейм. Бийлик бул жолдон кайтпай, тескерисинче күчөйт.

"Азаттык": Акыркы убактарда бир катар өкмөттүк, жеке менчик маалымат каражаттарына бир беткей маалыматтар жарыяланганына байланыштуу сындар да күч. Бул багыттан алып караганда журналисттердин ишмердүүлүгүнө кандай баа берсе болот? Алар кесиптик эрежелерди канчалык деңгээлде сактап жатышат?

Бегалы Наргозуев: Бир беткей маалыматтар тууралуу кептерге "өзүнүн кашындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт" деген макал менен жооп кайтарам.

Журналисттер бул – коомдун азыгы, өнүмү. Саясатчылар кандай болсо алар деле ошондой болушат. Ошондуктан бир беткейлик дегенди чычалоо катары баалайм. Бул бир тараптуу көз караш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү деле өз доорунан, кыргыз коомчулугунан калышпай ат чабышып, өз милдеттерин аткарып келе жатышат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG