Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Сөз эркиндигине сокку урган чечим


Жогорку Соттун Zanoza.kg сайты боюнча чыгарган өкүмү эгемен Кыргызстандын тарыхында сөз эркиндигине сокку урган оор чечимдердин бири катары бааланды.

Жогорку Сот 30-ноябрда Zanoza.kg сайтын негиздеген Дина Масловага, Нарын Айыпка, "Ата Мекен" партиясынын юристтери Канат Азизге, Таалайгүл Токтакуновага жана "Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакуповага байланыштуу райондук жана шаардык соттор чыгарган өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырды. Булар боюнча жалпы 40 миллион сомдук доо коюлган беш иш козголгон. Алардын үчөөнө Жогорку Сот акыркы чекитти койду.

Zanoza.kg сайтын негиздегендердин бири, журналист Нарын Айып эми эл аралык сотторго кайрылуу жагы каралып жатканын айтты:

- Адвокаттар менен кеңешип, эми эл аралык сотторго беребиз. Анткени материалдарда намыска шек келтирген бир да сөз жок же биз асмандан алып бир нерсе жаза койгон эмеспиз, фактылар келтирилген. Кээ бир адамдар фактыны текшериши керек болчу деп айтып жатышпайбы. Бул жерде эми биз Текебаевдин айтканын жаздык да, анын эмнесин текшериши керек? Так ошондой эле Атамбаевдин айтканын, Жээнбековдун айтканын жазып жатабыз. Тааныбаган көчөдөгү бир адам айтса, анда текшерсек болмок.

Нарын Айып.
Нарын Айып.

“Фридом хаус”, “Чек арасыз кабарчылар” сыяктуу эл аралык уюмдар быйыл Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданган бир катар билдирүүлөдү жасаган. “Чек арасыз кабарчылар” уюму жайында жарыялаган рейтингде Кыргызстан сөз эркиндиги жаатында “көйгөйлүү өлкөлөрдүн" катарынан орун алган. Ага ылайык, 180 өлкө ичинен Кыргызстан былтыр 85-орунду ээлесе, быйыл 89-орунга түшүп, төрт позицияга төмөндөгөн.

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Сөз эркиндиги: айып кимде...

Бийлик менен медиа ортосундагы чыңалуу кыргыз коомчулугунун көңүл чордонунда турат.

Мурдагы депутат Равшан Жээнбековдун пикиринде, Жогорку Соттун Zanoza.kg сайты боюнча чечиминен кийин Кыргызстандын эл аралык рейтинги дагы төмөндөйт:

- Эл аралык уюмдардын бардыгынын изилдөөсү боюнча акыркы жылы сөз эркиндиги жаатында абалыбыз бир топ начарлаган. 2017-жылдагы жыйынтык боюнча изилдөөлөр кийинки жылдын башында чыгат. Жогорку Соттун бул акыркы чечиминен кийин биздин рейтингибиз дагы начарлайт.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков Zanoza.kg сайтынын журналисттери аша чапкан учурлар болгонун айтып, ошол эле кезде миллиондогон соттук доолор өтө чоң көлөмдө болуп калды деген ойдо:

- Аша чаап кеткен учурлар Zanoza.kg сайтында да болгон. Президенттин дарегине, ошол кездеги саясатка төп келбеген, аша чапкан материалдар көбүрөөк берилген. Эми чынын айтуу керек, эки тараптан тең аша чабуу болду. Айып пулдун көлөмү чоң болгону соттордун да аша чаап кеткенин көрсөтөт. Акаевдин убагында да, Бакиевдин убагында да ЖМКларды мынчалык чоң доого жыкчу эмес.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти кызматын 24-ноябрда тапшырды. Ал башкарган алты жылда сөз эркиндигинин абалы, журналисттерге түзүлгөн шарт Акаев менен Бакиев учурундагыга караганда жакшыраак болду дейт мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун:

- Акаев менен Бакиевдин тушунда журналисттер камалган. Ал гана эмес Бакиевдин тушунда журналисттер өлтүрүлдү. Сыргак Абдылдаевге кол салынды, Геннадий Павлюкка кол салынып, өлүп кетти. Чет өлкөгө качкан журналисттер болду. Ошол мезгилдерге салыштырмалуу Атамбаевдин тушунда көп жакшы иштер жасалды.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Турсунбек Акун Сооронбай Жээнбековдун президенттиги учурунда сөз эркиндигине мамиле дагы оңолот деген ишенимде. Ал эми саясатчы Равшан Жээнбеков мындай оптимисттик ойдон алыс:

- Жакынкы айларда өзгөрөт деген үмүт жок. Анткени биз мамлекетте саясат жасап жаткан адамдардын өзгөргөнүн көрбөсөк, мурдагы эле Атамбаев койгон адамдар иштеп жатса, анда биз саясат өзгөрөт, соттор адилеттүү чечим кабыл алат деп үмүт артпашыбыз керек. Менимче, жакынкы убактарда өзгөрүү болбойт.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо арызына ылайык, Zanoza.kg сайтынан жалпы 27 миллион сом өндүрүүнү Бишкектин Октябрь райондук соту канааттандырган. Анын ичинен "ПроМедиа" 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон.

Мындан тышкары, "Ата Мекендин" юристтери 10 миллион, Чолпон Жакупова 3 миллион сомго жыгылган.

Бишкектеги “Медиа полиси” уюмунун кабарлашынча, алты жыл ичинде Башкы прокуратура баш болуп, депутаттар, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери жана бийликтеги аткаминерлер маалымат каражаттарына каршы 25 арыз жазышкан. Аларга койгон доонун жалпы суммасы 80 миллион сомго чукулдаган. Кыргызстанда мыйзамдарга ылайык, журналисттерге каршы кылмыш иши козголбойт, бирок акчалай айып төлөтүү сыяктуу административдик жаза каралган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG