Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

НТС каналына сот аткаруучулар барды


НТС каналына барган сот аткаруучу
НТС каналына барган сот аткаруучу

НТСтин жетекчилиги каналга байланышкан сот иштерин телеканалды жабуу аракети катары баалады.

Телеканалдын кызматкерлеринин айтымында, 19-декабрь күнү кечке маал сот аткаруучулар барып, эфирди токтотууну жана имаратты жабууну талап кылган. Азырынча сот аткаруучулар кандай көрсөтмөнүн негизинде барышканы боюнча толук маалымат бере элек.

Телеканалдын башкы директору Жайнак Үсөн уулунун айтымында, район аралык соттун аныктамасында телеканалдын бардык мүлкү камакка алынганы, анын ичинде имарат, жабдыктар жана радиожыштыктар да бар экени көрсөтүлгөн. Ошондой эле аныктама документте "Grexton Capital LTD" жана "Аянт" ЖЧКсы сотко даттануучу, ал эми НТС телеканалы үчүнчү тарап болуп көрсөтүлгөн.

Жайнак Үсөн уулунун сөзүнө караганда, буга чейин бул компаниялардан эч кандай билдирүү түшкөн эмес.

- Сот аткаруучулар милиция кызматкерлери менен бул жакты курчап, кызматкерлерди эч жакка чыгарбай соттун чечими менен келишиптир. Ал жакта "Grexton Capital LTD" менен "Аянт" ЖЧКнын бизге дооматтары бар деп жатышат. Ошону биз азыр дагы тактайбыз. Анан “жумушуңарды токтотосуңар” деди. Анан биз кайра арыз жазып, “эртең саат 11ге чейин убакыт бергиле” дедик. Анан алар кетишти. Менимче мунун бир гана себеби бар - НТСти жабыш керек.

Телеканалдын юристи райондук соттун аныктамасы менен НТСтин обого чыгышына тыюу салынарын билдирди. Телеканалдын жетекчилиги соттун аныктамасын жокко чыгарууга аракет кылат.

Сот аткаруучуларды коштоп ондон ашык милиция кызматкери барган. Алар имаратты курчап, эч кимди киргизбей турушту. Андыктан сот аткаруучулардын кандай доо арыздын негизинде телеканалга барышканы тууралуу маалымат ала алган жокпуз. Ал эми Жогорку Соттун басма сөз кызматы окуянын чоо-жайы боюнча тактап, маалымат берилерин билдирди.

НТС каналына сот аткаруучулар барды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматтары бул окуядан кабарсыз экенин айтышты.

НТСти сотко бергени айтылган аял телеканалдын имаратына келип, бирок аты-жөнүн журналисттерге айтуудан баш тартып, учурда НТС телеканалынын мүлкүн эсептөө жүрүп жатканын, телеканалдын ишин токтотуу аракети жок экенин билдирди:

- Мүлк-жабдыктарды эсептеп өткөрүп алуу процесси жүрүп жатат. Телеканалдын ишине эч тоскоолдук жок. Сот аткаруучулар өз ишин бүтүргөндөн кийин иш кадимкидей жүрө берет. Силерге "телеканалды жабуу аракети жүрүп жатат" деп туура эмес маалымат берилген.

Ал кандай арыздын, кайсы сот чечиминин негизинде мындай иш-аракет жүрүп жатканын айтуудан да баш тартты. Ал бул маалыматты НТС кызматкерлеринен алууну сунуш кылды. Кийинчерээк НТС телеканалынан көрсөтүлгөн Бишкек район аралык сотунун аныктама кагазында бул аял "Grexton Capital LTD" компаниясынын өкүлү Елена Дзимидович экени жазылган.

НТСти сотко берген аял аты-жөнүн айтуудан баш тартты
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:16 0:00

Ошентип, азырынча НТС телеканалынын айланасындагы окуялар боюнча толук маалымат белгилүү боло элек. Болгону “K-News” маалымат агенттиги Сот департаментинин маалымат катчысы Назира Сагыналиеванын сөзүнө таянып, “район аралык сот 19-декабрь күнү чыгарган чечими менен “Grexton capital LTD” компаниясынын доосун канааттандырган, ал чечимде НТС каналынын мүлкүн толук сактоо жана ага ээлик кылууга тыюу салыш үчүн аны камакка алуу каралган” деп жазды. Ошондой эле анда телеканалды басып алуу боюнча эч кандай сөз жок экени маалымдалат.

Кенжебек Бокоев
Кенжебек Бокоев

Окуя болуп жаткан НТС телеканалына келген “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, бул окуяны “саясий буюртма” деп атады. Анын пикиринде, бул телеканалдын кожоюну катары айтылып жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабановдун саясий ишмердүүлүгү менен байланышы болушу мүмкүн.

- Менин жеке оюмда, бул саясий буйрук. Анткени сотко белгисиз компаниялар доо арыз берсе, бүгүн эле соттун аныктамасы чыгып отурса, бүгүн эле НТС телеканалына сот аткаруучулар, укук коргоо органдары келип басып атса - биз бул маселени эртең Жогорку Кеңеште көтөрөбүз.

НТС каналы саясатчы Өмүрбек Бабановго таандык экени айтылып жүрөт. Бирок телеканалдын жетекчилиги бул боюнча маалымат берген жок. Юстиция министрлигинин сайтында каналдын ЖЧК катары катталганын көрүүгө болот. Буга чейин каналга таандык "Санжыра" радиосу кыргыз өкмөтүнө караштуу Байланыш агенттигинин талабы менен эфирин токтоткон. Ага радионун лицензиясы узартылбаганы себеп болгону айтылган.

Бул макала даярдалып жаткан учурда Өмүрбек Бабанов "Фейсбуктагы" баракчасына кайрылуу жазды. “Ойго келбеген иш болуп жатат. Рейдерлик жол менен, сотту колдонуп, НТС телеканалын тартып алганы турушат. Юридикалык документтер, акыйкаттык - куру барак, куру сөз болуп калды беле? Башкы максат - көз карандысыз, жеке телеканалды жаап салуу же тартып алуубу?” - деп айтылат кайрылууда.

Быйыл 4-ноябрда конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу боюнча Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгогон. Ал президенттикке талапкерлигин коюп, азыркы президент Сооронбай Жээнбековго негизги атаандаш болгон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG