Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:31

Табиятты сүйгөн таза инсандан ажырадык


Эмил Шүкүров.
Эмил Шүкүров.

Белгилүү эколог Эмил Шүкүровдун тажиясы 25-августта Кыргыз академиялык драма театрында өттү. Сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Таанымал илимпоз табиятынан жөнөкөй, Кыргызстандын жаратылышы үчүн чын дилинен күйүп-бышкан, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерин дүйнөлүк тажрыйбалар аркылуу ишке ашырууга умтулган адис болгон.

Маркум кезинде "Алейне" аттуу экологиялык кыймыл уюштуруп, анын канатынын алдында табиятты коргоо багытында иштеген бейөкмөт уюмдар, кыймылдар өсүп чыккан. Бир нече шакирттерди тарбиялаган. Бул тууралуу кесиптеши Назгүл Эсен кеп кылды.

“2002-жылы таанышып, FAUNA international деген долбоордо бирге иштегенбиз. Бул кишинин илимге кошкон салымы абдан чоң. Мейли география, мейли экология, мейли философия жаатында болсо да өтө негиздүү эмгектерди жасап кетти. Ар тараптуу, кенен ойлонгон, даанышман адамдардын бири эле”.

Шүкүров Кыргызстандын Кызыл китебин, Атласын, зоогеографиялык картасын түзүүгө катышкан. Кошмо шериктеш мамлекеттер аралык бир нече илимий коомчулуктарды негиздөөгө салым кошуп, Борбор Азия аймагындагы экологиялык борборунун, Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун мүчөсү болгон.

Кыргыз мамлекетинин “Улут саламаттыгы”, “Айлана-чөйрөнү коргоо улуттук планы" долбоорлорун түзүүгө катышкан. Окумуштуу катары үч жүзгө жакын илимий эмгек жазган.

Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев маркум Эмил Шүкүров өмүрүнүн акырына чейин экологиялык маселелер боюнча иштегенин, соңку жылдары Бишкектеги Ботаникалык бакты сактап калуу демилгесин көтөрүп келгенин белгиледи.

“Бир ай мурда Эмил Жапарович ооруп жаткан. Ошого карабай жолугушуп, "Ботаникалык бакты кантип сактап калабыз, кайдан каражат татыбыз? Эл аралык кайсы уюмдарга кайрылабыз?" деген суроолордун тегерегинде сүйлөштүк эле. Эмил Жапарович бул боюнча "президенттик аппаратка, өкмөткө кат жазайын. Бирге иштейли" деп айткан”.

Маркум окумуштуу өзүнүн адистик жөндөмү, билими, көсөмдүгү менен жогорку даражага жетип, көп жылдар бою мамлекеттик жана коомдук ишмер, эл аралык деңгээлдеги илимпоз катары эмгектенген. 2016-2017-жылдары Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Бир жылдай иштеп, өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.

Ошол эле учурда Шүкүров адистигине байланыштуу көйгөйлөрдү коомчулукка далилдүү ойлору менен жеткире билген билимдүү, позициясына бекем турган чынчыл инсан болгон.

Мындан улам ага «Чеч-Дөбө» кеңеши тарабынан мамлекеттик жана коомдук ишмер Ишенбай Абдуразаков атындагы «Руханий эш» наамы ыйгарылган. Коомчулуктун сый-урматына жеткен инсан тууралуу "Руханий эш" сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир кеп салды:

“Эмил Шүкүров айлана-чөйрө, экология маселесине тынчсызданган жападан жалгыз адам эле. Ал мөңгүлөрдүн эриши баштаган орчундуу маселелерди көтөрүп келген. Биз - коомчулук, көбүнчө мындай маселелер парламентте көтөрүлүп калганда гана чуулдайбыз. Бул киши болсо көйгөй тууралуу орус басылмаларына жазып, коңгуроо кагып турган”.

Чыгармачыл чөйрөдө Эмил Шүкүровдү сүрөтчү, акын катары да таанышчу. "Чоочун түштөр" аттуу ыр жыйнагы жарык көргөн.


Окумуштуу 23-августта 81 жаш курагында оорунун айынан дүйнө салды.

Эмил Шүкүров 1938-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик университетинин биолог-зоолог адистигин, андан соң Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн. Узак жылдар бою Кыргыз микробиология жана гигиена институтунда эмгектенип, илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. География илимдеринин докторлугун, биология илиминин кандидаты илимий даражасын коргогон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG