Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

Сууга чөккөндөрдү куткарган аз


Жыл башынан бери Кыргызстанда сууга чөгүп каза тапкан жарандардын саны 50дөн ашты. Анын 20сы балдар.

Сууга чөккөндөрдүн басымдуу бөлүгү Чүй облусуна туура келет. Кыргызстанда сууга түшүү эрежелери сакталабы? Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Абдышарип Бекилов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Быйыл 51 адам сууга чөктү деген маалымат тарады. Бул жай мезгили башталгандан берки статистикабы?

Абдышарип Бекилов: Бул жыл башынан берки катталган маалыматтар. Быйыл 51 адам сууга чөгүп каза тапты. Анын 25и эркек, алтоо аял. Эң өкүнүчтүүсү - 20сы балдар. Ал эми жай мезгили башталгандан бери каза тапкандардын саны 42 болду. Анын он беши балдар. Сууга чөккөндөр Чүй облусунда басымдуу.

"Азаттык": Эмне үчүн?

Абдышарип Бекилов: Жыл башынан бери Чүйдө он жети адам сууга чөгүп кетсе, анын он бири жай мезгилине туура келет. Аймак Бишкекке жакын болгондуктан көлмөлөрдүн көбү Чүй облусунда. Башкалаанын тургундары ошол жакка барып сууга түшүп, айрым учурда өмүрү менен кош айтышууда.

"Азаттык": Былтыркы жылдын ушул мезгилинде көрсөткүч кандай эле? Быйыл сууга чөккөндөр азайдыбы?

Абдышарип Бекилов: Сууга чөккөндөрдүн саны жылдан жылга көбөйүп жатат.

"Азаттык": Жайкы мезгилде сууга чөккөндөрдүн басымдуусу балдар турбайбы. Кыргызстанда сууга түшүүдө коопсуздукка канчалык маани берилет?

Абдышарип Бекилов: Жарандар өз өмүрүнө кайдыгер болгондуктан жогоркудай көрсөткүч келип чыгууда. Көлмө, бассейн, эс алуучу жайлардын ээлерине биз эскертүү гана бере алабыз. Чөккөндөрдү куткарып калууга адамдар жетишпейт.

Биз көлмө, бассейн ээлерине бирден адис бергиле, аны үйрөтүп, даярдап, сертификат менен кайра берели, силер аны куткаруучу катары жумушка алып иштеткиле деген сунуш гана бере алабыз.

Сууга чөгүп бараткан адамды куткарууга өтө кыска убакыт талап кылынат. Куткаруучуларды чакырганда, алар баргыча убакыт жетпейт. Жетип барып, тирүү алып чыгуу оор жумуш. Ар бир эс алуучу жайдын ээси куткаруучу даярдаса, коопсуздукту сактоо оңой болмок.

"Азаттык": Ири шаарларда бассейндерде балдардын чөгүп кеткен учурлары катталууда. Ал жерлердеги ар кандай кырсыктарды алдын алуу же куткаруу боюнча аракеттерди ким көзөмөлдөшү керек?

Абдышарип Бекилов: Көзөмөлгө алуу кыйын болуп атат. Аларды кантип көзөмөлдөө керек, мыйзамда кандай жолдор бар? Ушул маселелер каралбай калган. Көлмө же башка жайларды барып текшергенге биздин укугубуз жок. Куткаруучуңар барбы деп текшере албайбыз. Биз да, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция да текшере албайт. Биз сунуш берүү менен гана чектелип калуудабыз.

XS
SM
MD
LG