Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:08

Шайлоо алдындагы коопсуздук ойдогудайбы?


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстандын улуттук коопсуздук комитети акыркы он күн ичинде террорчулук жасоого аракеттенген деген шек менен беш-алты кишини кармаганын кабарлады. Ал эми Жаза аткаруу кызматы экстремист катары жазасын өтөп жатып бир жыл мурда качып кеткен адамды издөө иштери майнапсыз болуп жатканын билдирип, жарандарды сак болууга чакырды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өткөн аптада Сириядагы исламды жамынган жоочулар менен байланышы бар деген шек менен Бишкекте эки чет элдик жаранды кармаганын кабарлаган. Бул тууралуу комитеттин расмий өкүлү Рахат Сулайманов минтип билдирди:

- Сириядагы куралдуу жаңжалга катыштыруу үчүн рекруттарды (жалданып согушкандар) жөнөтүү, үгүттө иштерин жүргүзүп, аларга каналдарды ачуу менен алектенгендерди аныктоо иш-чараларынын алкагында 17-августта КМШ өлкөлөрүнүн биринин атуулдары кармалды. Алар эл аралык террордук уюмдун мүчөлөрү болгон, Кыргызстандын аймагында диверсиялык, террордук актыларды уюштуруу пландарын алып жүрүшкөн.

Сулаймановдун айтымында, террорчу катары шектелип кармалгандардын экөө тең чет өлкөнүн издөөдө жүргөн жарандары, алардын бири 51, экинчиси 46 жашта. Ошондой эле расмий өкүл кармалгандар 18-августта өз өлкөсүнүн күч органдарына өткөрүлүп берилди деп билдирип, бирок ал кайсы өлкө экендигин ачык айткан жок.

Экстремизмдин көрүнбөгөн кылтагы

Экстремизмдин көрүнбөгөн кылтагы

Акыркы эки айда Орусияда эки кыргызстандык терроризмге айыпталып, соттолду. Кыргызстанда терроризмге жана экстремизмге шектелип кармалгандар дээрлик апта сайын катталууда.

14-августта УКМК бир катар кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынып, КМШ өлкөлөрүнүн биринде жашырынып жүргөн жигердүү үгүтчүлөрдүн бири жана экстремисттик уюмдун лидери, Кыргызстандын Х.М. аттуу жараны колго түштү деп кабарлаган.

Маалыматта кармалган жаран чет элдик экстремисттик борборлордун тапшырмаларына ылайык Кыргызстандын облустарынын биринде жаштар арасында үгүт иштерин жүргүзүп, радикалдуу идеологияны таратып, жашыруун топ түзүп баштагандыгы аныкталды деп айтылат.

11-августта болсо Жакынкы Чыгыштын согуш жүрүп жаткан өлкөлөрүнө Борбор Азия жарандарын жөнөтүү боюнча туруктуу канал түзүүнү көздөгөн деген жаран кармалган.

Бул арада Жаза аткаруу кызматы бир жыл мурда Бишкектеги жатак абактан качып кеткен “Хизб ут-Тахрир” уюмунун мүчөсүн кармоо создугуп жатканын кабарлап, коомчулукту андан сак болууга чакырды. Мекеме издөө учурунда кылмышкердин эки тууганы да экстремизмге тиешеси бар экени аныкталып, колго түшкөнүн билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова буларга токтолду:

- ИИМдин 10-бөлүмү менен биргеликте, качып кеткен кылмышкерди издеп жатып бул эки жаранды кокустан кармап алдык. Алардын үйүнөн тыюу салынган китептер, баракчалар табылды. Өздөрүнө ошол экстремисттик уюмга тиешеси бар деген шек менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Демек ишмердүүлүгүнө уруксат берилбеген уюмдардын мүчөлөрү ушинтип айылдарда эле жүрүшү мүмкүн экен да. Ошол себептүү алардан сак, сергек болуп шектүү аракеттер болсо тиешелүү кызматтарга кабарлап коюусун тургундарга эскертебиз. Бирок бизден качып кеткен жаранды азырынча кармай элекпиз.

Иллюстрация
Иллюстрация

Ошентип соңку он күн ичинде эле экстремизмге жана терроризмге байланыштуу бир нече адамдын кармалышы коомчулуктун көңүлүн бурду. Кээлери муну тыюу салынган топторго карата күрөштүн күчөшү катары бааласа, айрымдар Кыргызстандагы чоң саясий өнөктүктүн алдындагы деструктивдүү күчтөрдүн активдешүүсү катары мүнөздөшүүдө.

УКМКнын мурдагы жетекчиси Артур Медетбеков соңку саясий жагдайлардын катыштыгы жөнүндө кеп салды:

- Биринчиден, экстремисттик уюмдар Кыргызстандагы өкүлдөрү аркылуу өлкөдө ар кандай аракеттерин жандантып жатканы белгилүү. Экинчиден, өлкөдөгү саясий кризис, сот процесстери да абалды курчутуп жатат. Ушул фактылар жана жогорудагы экстремисттик топтордун мүчөлөрүнүн кармалышы сыяктуу жагдайларды чогултуп туруп караганда, Кыргызстандын коопсуздугуна потенциалдуу түрдө коркунуч бар десек жаңылышпайбыз.

Ал эми чыр-чатак жана диний экстремизм маселелери боюнча серепчи Расул Абазбек уулу президенттик шайлоонун алдында күч кызматтарын коопсуздукту тыкыр кароого чакырды:

- Акыркы мезгилдеги УКМКнын экстремисттик жана террористтик топтордун бир нече мүчөлөрүн кармадык дегени мактоого аларлык иш. Бирок негизги коркунуч алдыдагы шайлоо учурунда болот деп ойлойм. Анткени көпчүлүк террордук уюмдар, анын ичинде Кыргызстанда жана башка бизге жакын аймактарда иш алып барып жаткан экстремисттик кыймылдар атайын масштабдуу саясий окуялардын тушунда активдешет. Алар өз максаттарына жетүү үчүн көбүнчө шайлоо же башка өнөктүктөр учурунда ар кандай аракеттерди мерчемдешет. Ошого байланыштуу биз атайын кызматыбыздын аракеттерин күчөтүп, иш-аракеттерин жакшыртышыбыз керек. Алардын тажрыйбаларын арттырып, кесиптик потенциалын чыңдоо зарыл. Анткени кемчиликтер көп. Коопсуздук маселесинде биз көп мезгилде кудай сактасын деп эле келатабыз.

Кыргызстандын атайын кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө Сирияга кеткен кыргыз жарандарынын саны 500дөн ашат.

Кыргызстандын коопсуздук кеңеши өлкөдөгү диний экстремисттик жана деструктивдүү күчтөрдүн коркунучтарын алдын алуу боюнча жайы менен бир нече жыйындарды өткөргөн.

23-августта президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга жумуш сапары менен келген Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен аскердик-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө мамилелерди өнүктүрүү, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүүдө өз ара аракеттенүү маселесин талкуулады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG