Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:20

Саясатчылар БШКны калыстыкка чакырды


“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы шайлоо технологиялары менен таанышып, алардын иштөө тартибин да сындан өткөрдү.
“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы шайлоо технологиялары менен таанышып, алардын иштөө тартибин да сындан өткөрдү.

Бүгүн, 23-сентябрда “Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылы БШК мүчөлөрү менен жолугушту.

Кыймылдын мүчөлөрү шайлоо технологиялары менен таанышып, алардын иштөө тартибин да сындан өткөрдү.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыймыл мүчөлөрүнө техниканын иштөөсүнөн күмөн саноо негизсиз экенин айтты.

Азыркы шайлоо технологияларынын эл аралык компаниялар тарабынан сертификаты барын кошумчалап, техниканын иштөөсүнөн күмөн саноо негизсиз экенин белгиледи.

Шайлдабекова бардык программалык коддорду Кыргызстан өз колуна алганын айтып, чет өлкөлүк жарандар системаны тейлеп жатат деген сөздөрдү төгүндөдү.

- Азыркы шайлоо технологиясындагы программалар Кореянын эл аралык кызматташтык агентствосу тарабынан БШК менен биргеликте иштелип чыккан. Келишим аяктаганга чейин дагы бир жылдык мөөнөтүбүз бар. Ошентсе да бардык программалык коддор кыргыз тарабына берилген. Азыркы учурда адистерибиз муну тейлеп, программаны жакшыртууга катышып жатат.

"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылы менен БШК мүчөлөрүнүн жолугушуусу. 23-сентябрь.
"Акыйкат шайлоо үчүн" коомдук кыймылы менен БШК мүчөлөрүнүн жолугушуусу. 23-сентябрь.

Жолугушуу учурунда экс-президент Роза Отунбаева “Силерди эл шайлаган, эч кимден коркпой, эч кимге баш ийбей иштегиле”, - деп БШК мүчөлөрүн калыстыкка чакырды.

- Менин учурумда Акылбек Сариев БШК төрагасы болчу. Мен аны менен шайлоо учурунда көрүшчү эмесмин, ал өз ишин өзү алып барып келген. Мага отчет берчү эмес. Силерди Атамбаев өзүнө жакшы болуп, калган талапкерлерге кыйынчылык болуш үчүн койгон эмес, - деди Отунбаева.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова буга бардык чечимдерди мыйзам негизинде гана алып бара турганын айтып жооп кайтарды.

- Мени Атамбаев шайлаган эмес, мени ушул жакта отурган коллегалар шайлаган. Биз эч ким менен жолукпайбыз жана бардык чечимди өзүбүз добуш берүү аркылуу кабыл алабыз. Ушул отурган жерден бардык кесиптештериме кайрылам, маселени бурмалабастан жамаатты сыйлагыла. Биз коллегиалдуу органбыз, демек чечимдин бардыгы добуш берүү менен кабыл алынат. Көпчүлүк жамаат кандай чечим кабыл алсак, ошону да сыйлай билели.

“Акыйкат шайлоо үчүн” коомдук кыймылынын мүчөлөрүнүн бири Феликс Кулов, жарандык коом БШКга саясий бааны берет деп, Боршайкомду бардык талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүүгө коштоп өттү.

БШК жарандык коомдун оюн укту
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Тажрыйбалуу саясатчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден түзүлгөн “Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы буга чейин үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзамсыздыкка чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабековага, өкмөт башчы Сапар Исаковго кайрылуу жолдоп, кат тапшырган.

Анда мурдагы муфтий, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак Жалиловдун эл менен жолугушууларынын биринде КСДПдан президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп, сөз сүйлөгөнү мыйзамсыз экени белгиленген.

Жээнбековдун эл менен жолугушуусунда Чубак Жалиловдун талапкерди колдоп, башкаларды да добуш берүүгө үндөп сүйлөгөн сөзү тартылган видео 20-сентябрда интернетте тараган. Кыймыл мындан тышкары кайрылуусуна вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин 19-сентябрда Баткен облусунун активи менен жолугушуусунда сүйлөгөн сөзү боюнча да чара көрүү талабын камтыган.

БШКнын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүн жүргүзүү боюнча жумушчу тобу 22-сентябрда вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев жана мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун үстүнөн түшкөн арызды караган.

Ага вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев да чакырылып, Баткен облусунун активи менен жолугушкан учурда сүйлөгөн сөзү тууралуу түшүндүрмө берген:

- Мен үгүт кылган эмесмин жана муну бир нече жолу айткам. Жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн айткан эмесмин, чакан чөйрөдөгү жеке пикирим болчу.

Ал эми Сооронбай Жээнбековдун БШКдагы өкүлү Жылдыз Сманбаева Чубак Жалилов бул жыйынга конок катары чакырылганын айткан. Анын билдиришинче, жыйын президенттикке талапкер Камчыбек Ташиевдин үйүндө уюштурулган. Жыйын үчүн Жээнбеков жоопкер эмес. БШКнын жумушчу тобу жыйында айтылгандарды талдап көрүп, чечим кабыл алмай болгон.

"Шайлоо жөнүндөгү" мыйзамдын 22-беренесинин 15-пунктуна ылайык, диний уюмдардын өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер үгүт жүргүзүүгө, үгүт иштерине аралашууга укугу жок.

“Акыйкат шайлоо үчүн” кыймылы өткөн аптада түзүлүп, ага экс-президент Роза Отунбаева, легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, мурдагы премьер-министрлер Апас Жумагулов, Феликс Кулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков баштаган саясатчылар, коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер мүчө болушкан.

Президенттикке аттанган 13 талапкердин үгүт иштери өлкө аймагында 10-сентябрдан бери уланып жатат. Шайлоо 15-октябрга белгиленген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG