Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

БШКнын эрки жана ыдыраган ырк


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрт мүчөсү укуктары бузулуп жатканын айтып, Жогорку Кеңешке кайрылышты.

БШК шайлоо процессинде көз каранды эмес иштеп жатабы? Кабыл алынган чечимдерге бийлик же партиялык фракциялар канчалык таасир бере алат? Канткенде Борбордук шайлоо комиссиясы өз алдынча мамлекеттик орган боло алат?

“Арай көз чарай” талкуусуна Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов, БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев жана БШКнын аппарат жетекчиси Бакыт Жумагулов катышты.

“Азаттык”: Назарали мырза, БШКнын сиз жана дагы үч мүчөсү "укуктарыбыз тебеленип жатат, чектөөлөр көп" деген кине менен парламентке кат жолдодуңуздар. Суроонун негизги өзөгүн чечмелеп бересизби, маселе эмнеде?

Маселенин өзөгү - мыйзамдуулуктун сакталбагандыгында жана ал жерде натыйжалуу иш жүрбөй жатат.
Назарали Арипов

Назарали Арипов: Маселенин өзөгү - мыйзамдуулуктун сакталбагандыгында жана ал жерде натыйжалуу иш жүрбөй жатат. Бардык маселелерди көпчүлүктү түзгөн сегиз мүчө эле чечип жатат, калган төртөө кворум түзүү үчүн эле керек болууда. Биз мыйзамдуулук жана укук сакталса деп жатабыз.

БШК – көз каранды эмес коллегиалдуу орган. Анын 12 мүчөсүнүн ар биринин өз оюн айтканга укугу бар. Кечээ БШК төрайымы бизди атайын кворум кылбай койду деп күнөөлөп жатат, андай болгон эмес. Материалдар убагында таркатылып берилбейт. Бизди саботаж жасады дегени да туура эмес. Төрайым өзүнүн күнөөсүн бирөөгө шылтап жатат.

Биз иштеген бир жарым жыл ичинде төрайым тарабынан бир дагы жолу мыйзамдык процедуралар сакталбады. Жетекчибиздин мурда коллегиалдуу органдарда иштебегендиги көрүнүп калды. Маселе анын жетекчилик шыгы, уюштуруучулук жөндөмү жогунан болууда.

Нуржан Шайылдабекова, БШКнын төрайымы: Алардын күн тартибине кирген маселелердин материалдары кеч берилет деген дооматтары туура эмес. Бизде регламент боюнча бардык маалыматтар берилип турат. БШКнын мүчөлөрүнүн укуктары сакталып жатат. Менимче, алардын бул позициясы алдын ала пландаштырылган эле иш. Кечээ президенттикке талапкердин бирөөсү жөнүндө маселе каралышы керек болчу. Тагыраак айтсам, ал талапкер Бабановдун үгүт иштерине байланыштуу болчу. Ушуга байланыштуу алар биздин отурумубузду болтурбай коюшту.

Назарали Арипов: Бул калп. Бизге отурум башталарына он беш мүнөт калганда берген материалдарында талапкерге байланышкан эч бир маселе жок болчу. Шайылдабекованын ар бир айткан сөзү боюнча жекеме-жеке чыгып талкуулоого даярмын. Биз эч качан кайсы бир талапкерди колдогон жокпуз.

БШКнын аппараты жактан айтсак, биздин жалпы бөлүмүбүз отурум болор алдында бардык мүчөлөрү менен байланышып чыгат, кворум болобу же болбойбу деп тактайт.
Бакыт Жумагулов

Бакыт Жумагулов: БШКнын аппараты жактан айтсак, биздин жалпы бөлүмүбүз отурум болор алдында бардык мүчөлөрү менен байланышып чыгат, кворум болобу же болбойбу деп тактайт. Алардын баарына үч-төрт саат мурда кабар берилет, күн тартибинде эмне маселе каралары электрондук вариантта да аларга убагында жиберилет. Керек болсо карала турган маселелер боюнча сайтка да жарыялайбыз. Карала турган маселелер боюнча маалыматтар аппараттын кызматкерлери эле эмес, жумушчу топтор аркылуу да даярдалат.

“Азаттык”: Акылбек мырза, БШК ичиндеги бүгүнкүдөй ырк кеткендин себебин сиз эмнеден көрөсүз же демократиялык заманда кайчы пикир айтылганын кадимки көрүнүш катары карасак болобу?

Акылбек Сариев: Мындай ыңгайсыз шарттар мурда биз иштеп турган учурларда да болчу. Менимче, маселени талашып-тартышып чечкен туура. Мени өкүндүргөнү, бул көрүнүш шайлоо процессинин маанилүү жерине келгенде орун алгандыгында. Ушундай абалдын түзүлгөнүнө бир жарым жыл болгону кызык болууда, буга окшогон маселелерди шайлоо башталгыча чечсе болмок.

Эмитеден шайлоо мүчөлөрүнүн арасында ушундай түшунбөстүктөр, пикир келишпестиктер улана берсе шайлоонун жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн. БШКнын ар бир мүчөсү көз каранды эмес болуш керек.

БШКга түшкөн ар бир маалымат, арыз, кайрылуу менен ар бир мүчөсүн тааныштыруу төраганын милдети, бул - мыйзамдын талабы. Ал жеке ою, каалоосу менен эч нерсе чече албайт. Ошондуктан азыркы БШКнын айрым мүчөлөрүнун айткандарына кошулам.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Назарали Арипов: Мен 2007-жылдан бери шайлоо процесстерине катышып келе жатам. Депутаттыкка талапкер катары шайлоону үч жолу башымдан өткөрдүм. БШКнын көз каранды эместиги анын жетекчисинин позициясы менен тыгыз байланыштуу, ар ким өзүнөн башташы керек. Мыйзамдык принциптерди сактоо боюнча жетекчилик баарына үлгү болушу керек. Анан маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн коллегаларын күнөөлөп жатышы жетекчинин алсыздыгы. Анын ордуна экинчи тарапты чакырып маселени талкуулайлы, мыйзамдуу чогуу чечели десе болмок. Мен өзүм эч кимге көз каранды эмес укугумдан пайдаланып, оюмду ачык айтып келатам.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG