Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Жумалы: Кыргызстандын тандоосун коңшулары сыйлашы керек


Расул Жумалы
Расул Жумалы

Кыргызстанда өткөн президенттик шайлоо тууралуу казакстандык саясат талдоочу Расул Жумалы ой бөлүштү.

"Азаттык": Сиз шайлоого чейинки, шайлоо учурундагы процесстерге дайыма көз салып турдуңуз. Сиздин оюңузча шайлоо кандай өттү? Буга чейинки шайлоолор же Борбор Азиядагы башка шайлоолорго салыштырганда кандай болду?

Расул Жумалы: Кыргызстанда буга чейин болгон шайлоолорго караганда бул жолкусу алда канча прогрессивдүү, эркин, атаандаштык шартында, технологиялык жагынан да өнүккөн шайлоо болду. Эми мунун арты тынч болгонун каалайбыз.

Утулган талапкерлер аны моюндап, кыргыздын туруктуулугуна жана биримдигине шек келтирбөөсүнө үмүттөнөбүз. Кандай болгондо да коңшу мамлекет эмеспи. Ал эми моюндабай, сотко берип, чуу чыгаруунун кажети жок.

Шайлоо механизмдери жакшыртылганына байланыштуу түрдүү махинациялар, бюллетендерди тобу менен таштап жиберүү сыяктуу окуялар менимче аз болду, балким такыр болбогондур. Муну эми байкоочулар дагы да айтар. Бирок кандай болгондо да бул кыргыз элинин тандоосу болду.

"Азаттык": Ошол эле учурда озуп чыккан бийликтин талапкерине административдик ресурс иштеди, президент Атамбаев өзү кийлигишти деген сын-пикирлер да болбодубу. Сиздер ушундай көрүнүштү байкай алдыңыздарбы?

Азыр эми Атамбаев саясаттан кетпей, президент болбосо да премьер-министрликке умтулушу ыктымал. Орусиядагы Путин-Медведев тажрыйбасы пайда болушу мүмкүн.

Расул Жумалы: Арийне, кетип бараткан президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековду шайлоо алдында сүрөп, үгүттөгөнү байкалды. Анын ичинде кандайдыр терс аракеттерге, асыресе Казакстанга сын айтканы болду. Мунун байкалып отурганы, Атамбаев кандай болсо да бийликте калгысы келгенинин көрсөткүчү. Биринчиден, жеке башынын коопсуздугун сактап калуу аракети. Себеби оппозициянын өкүлү бийлик башына келсе анын артынан балким былыктарын чыгарат беле, алдыдагы жылдары Атамбаевге каршы бир далай айыптарды коет беле?..

Азыр эми Атамбаев саясаттан кетпей, президент болбосо да премьер-министрликке умтулушу ыктымал. Орусиядагы Путин-Медведев тажрыйбасы пайда болушу мүмкүн. Бирок кандай болгондо да бул кыргыздын өзүнүн ички иши. Менин жөн гана серепчилик оюм.

Канткенде да кыргыз эли Сооронбай Жээнбековду көпчүлүк добуш менен колдоп жатса башка мамлекеттердин жетекчилиги да ошол президент менен иштешип, ынтымакка жол бериши керек.

"Азаттык": Мамиле тууралуу кеп козгоп калдыңыз. Азыр Кыргызстан менен Казакстан бийликтеринин ортосунда мамиле чыңалып турат. Жээнбеков президент Атамбаевдин жолун улантам деп жатат. Ушундай шартта келечек мамиле кандай болот деп күтүп жатасыз? Жакын арада мамиле жумшарат деп ойлойсузбу?

Кыргыз эли Сооронбай Жээнбековду көпчүлүк добуш менен колдоп жатса башка мамлекеттердин жетекчилиги да ошол президент менен иштешип, ынтымакка жол бериши керек.

Расул Жумалы: Менимче, Алмазбек Атамбаев Казакстандын жетекчилигине сын айтуу менен өзү колдогон талапкердин мүдөөсүн кыргыздын, Борбор Азиядагы ынтымакчылыктын мүдөөсүнөн жогору койду. Бул өкүнүчтүү.

Бирок менин оюмча бул Атамбаевдин же кыргыз саясатчыларынын жеке пикири деп эсептегим келет. Кыргыз коомунун, кыргыз саясатынын Казакстанга карата көз карашын билдирбейт деп ишенгибиз келет. Жалпы мындай өтө сезимтал маселелерде кызуу кандуулук кылууга болбойт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG