Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:58

Шаңдуу да, жупуну да жүргөн үгүт


Иллюстрация
Иллюстрация

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы ортолоп, саясий жүрүштөр кызып жатат.

Үгүт маалында атаандаштык 3-4 талапкердин ортосунда гана жүрүп, башкалары активдүүлүгүн көрсөтпөй жатканы айтылып жатат. Талапкерлер кандай үгүт жүргүзүп жатат?

Кыргызстанда президенттик шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы ортолоп калды. Саясий жарышка аттанган талапкерлер жер-жерлерде шайлоочулар менен жолугууну улантууда. Үгүт өнөктүгүнө байкоо салган серепчилер Өмүрбек Бабановдун, Сооронбай Жээнбековдун, Темир Сариевдин саясий активдүүлүгүн белгилеп жатышат. Ага жараша саясий жүрүштөр, "кара пиар", компроматтар согушу күч алууда.

"Ак шумкар" партиясынан президенттикке талапкер Темир Сариев 29-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, "ат салышуудан баш тартышы ыктымал" деген кабарды төгүндөдү:

- Айрым сунуштар болгон, бирок мен үчүн эң башкысы – кадыр-барк, ар-намыс жана абийир. Мен акырына чейин күрөшөм.

Ал буга чейин талапкерлер Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаров жана Улукбек Кочкоров менен жолукканын билдирип, президент Алмазбек Атамбаев күттүрүп коюп кабыл албай койгон деген маалыматты жалган деп атады.

Таасирдүү талапкерлердин катарында саналып жаткан "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров үгүт иштерин ар ким алына жараша жүргүзүп жатат дейт:

- КТРКны карабайсыздарбы. Бир мүнөтү 32 миң сом экен. Бул деген алты ай тынымсыз, ичпей-жебей иштеген мугалимдин айлыгы. Биринчиден, бул акылга сыйбайт, бул өтө жаман көрүнүш. Экинчиден, көчөдө илип койгон сүрөттүн жасалгасын айтпайын, тек гана илип койгону бир айга миң доллар, кээ бир такталар бар - айына 3,5 миң доллар. Мен Жээнбековдо ошончо акча бар деп ойлобоптурмун.

Шайлоону акча өнөктүгү деп эсептеген талапкер өз үгүт иштерин социалдык тармактар аркылуу жүргүзүп жатыптыр.

Ал эми жалгыз аял талапкер Токтайым Үмөталиева бардык атаандаштарга бирдей шарт түзүлбөй жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

- Айыл-айылдардагы аксакалдарга жолугуп жатам. Өзүм көчөлөрдү кыдырып учурашып жүрөм. Көп адамдар иштеген кандай жер болбосун барып жолугуп жатам. Мен кыргыздын карапайым, чортаман кызы болгон соң менин жарнамам эле карапайым эл болуп жатат. Аз каражат сарптай турган жарнамалык топторду издеп жүрөм. Мисалы, телеканалдардагы жүгүртмө жарыяга бердим. Ар кайсы жерге сүрөтүмдү илип тегерек-четти булгагым келбейт. Тележарнамаларга койдурдум. Бир айга беш миң сом экен.

Өзүн өзү талапкерликке көрсөткөн Арстанбек Абдылдаев стадионго элди чогултуп сүйлөшкөнгө караганда айткан-дегендерин гезит бетинде калтырууну ылайык көргөн.

- Үгүт ишим тууралуу нускасы көбүрөөк "Супер-инфо" гезитине жана сайтына үч жолу маек бердим. Андан тышкары "Манас" телеканалы менен бир жылдык келишимим бар эле. "Кыргыз таанытуу" деген берүү менен аптасына эки жолу чыгам. Майда-барат сайттар менен эле иштеп жатабыз. Азырак болуп жатат, бирок стадионго чогултуп, менде андай убаракерчилик болгон жок.

Булардан сырткары Өмүрбек Бабанов менен бириккенин жарыя кылган "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев, "Аалам" партиясынын башчысы Арсланбек Малиев, Таалатбек Масадыков, Эрнис Зарлыков өз алдынча жер-жерлерди кыдырып, социалдык тармактар аркылуу үгүт иштерин жүргүзүүдө.

Ал эми талапкерлердин бири Улукбек Кочкоров учурда Баткен облусун кыдырып жүргөнүн белгиледи.

- Аймактарды кыдырып жатам. Таласты, Чүйдү бүтүрүп келдим. Жалал-Абаддын үч районуна бардык, азыр Баткендебиз. Албетте социалдык тармактарды да колдонуп жатабыз. Азыр элди көп чогулткан эки эле талапкер болуп жатпайбы, бирөө акча менен, экинчиси админресурс менен. Биз дагы жолугуп жатабыз, бирок чоң стадиондорду толтуруп жатабыз деп айта албайбыз. Себеби бизде шоу, концерт өткөргөнгө каражат жок.

Саясий серепчилер бул шайлоодо деле үгүт кампаниясында чоң өзгөчөлүктөрдү байкашкан эмес. Социология илимдеринин кандидаты Самар Сыргабаев мында дин фактору кошулганын белгиледи:

- Азыр колдонулуп жаткан негизги механизм эл менен жолугушуу болуп жатат. 20-30 миңден эл чогулду деп ар кайсы маалымат каражаттарына айтып жатышат. Муну "стадион" технологиясы деп атап койгонбуз. Муну 3-4 жыл мурда Бабанов жаңы баштаган. Стадионго элди чогултуп, толтура албаган талапкер электораттын көзүндө көп абройлуу эмес экен дегендей пикир жараткан жагдай түзүлгөн. Азыр деле андан орчундуу айырмачылык жок. Азыр дин фактору кошулуп атат.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы 13 талапкерди каттаган. Алардын ичинен оппозицияда жүргөн Камчыбек Ташиев Сооронбай Жээнбековдун пайдасына талапкерлигин алып, президенттик жарыштан чыкканын жарыялаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG