Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:44

Депутат менен акимдин Жээнбековго үгүттөгөн аудиосу тарады


Коллажда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков, депутат Абтандил Кулбараков жана Жумгалдын акими Адыл Сапаров
Коллажда президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков, депутат Абтандил Кулбараков жана Жумгалдын акими Адыл Сапаров

Жогорку Кеңештин депутаты Абтандил Кулбараков менен Жумгал районунун акими Адыл Сапаровдун сүйлөшүүсү делип жаткан эки аудио тасма видео сыяктуу монтаждалып, ага экөөнүн жана башка катышуучулардын сүрөттөрү, аты-жөндөрү жазылган.

Тасмада сүйлөшкөндөр президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековго райондон кантип добуш топтоо маселесин талкуулап жатат. Биринчи аудиодо депутат Кулбараковдукуна окшош үн эгер шайлоочулар Жээнбековго добуш берсе Жумгалдын Сары-Камыш айылындагы мектептин курулушуна эки эмес, жети жарым миллион сом бөлүнөрүн айтат. Ал эл добуш бербесе мектеп курулбай турганын да эскертет. Андан кийин аким Адыл Сапаровдукуна окшош деген үн административдик ресурсту мүмкүн болушунча колдонуп, Жээнбековго добуш алыш керектигин чогулуштагылардан талап кылат.

Экинчи аудиодо ушул эле адамдар азыркы мамлекеттик кызматкерлер да Жээнбековго, мурдагы “Ак жол” партиясы Бакиевге добуш топтогондой иштеши керектиги жөнүндө сөз кылат. Видео тасмада айтылгандай, сүйлөшүүлөр Жумгал районунун акиминин кабинетинде айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда жазылган.

КСДП фракциясынын депутаты Абтандил Кулбараков комментарий алуу үчүн чалганыбызда тасмадагы сөздөрдү танган жок, үгүт жүргүзүү же жүргүзбөө анын жарандык эрки экенин билдирди. Кеп болуп жаткан мектепти өзүнүн акчасына куруп берем дегенин жана Сары-Камыш айылында көп деле шайлоочу жок экенин белгиледи.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров да сүйлөшүү болгонун моюндап, бирок анда сөздөр орду алмаштырылып монтаждалганын айтты. Ал ошондой эле акимчилик жана айыл өкмөттөр үгүт иштерине аралашып жатканын четке какты.

Буга чейин депутаттар жумушка келбей эле ар кайсы талапкер менен чогуу үгүт иштерине аралашып жүргөнү айтылган. 28-сентябрда Жогорку Кеңеште депутаттар шайлоого чейин расмий тыныгуу алышкан.

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова административдик ресурска байланыштуу арыздар бар экенин, териштирүү жүрүп жатканын айтууда.

Президент Алмазбек Атамбаев 27-сентябрда Токмок шаарында эл менен жолугушууда сүйлөп жатып “шайлоону таза жана ачык өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн, өкмөт менен БШК административдик ресурсту колдонууга жана добуш сатып алууларга жол бербей турганын” белгилеген.

Президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт. Жээнбековду президенттикке КСДП партиясы көрсөткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG