Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Кыргыз жаштарына эшик ачкан чет өлкөлүк окуу жайлар


Кыргыз студенттери.
Кыргыз студенттери.

Чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлардын айрымдары кыргызстандык студенттерди кабыл алуу боюнча конкурс жарыялашты.

Түркияда окуунун шарттары

25 жаштагы Бектур Базакечов - Түркиянын Измит шаарында жайгашкан Коджаэли университетинин магистранты. Ал Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых жана чөлкөм таануу факультетин аяктаган. Бектур Кожейли университетинде түрк өкмөтүнүн "Түрк стипендиялары" программасынын негизинде акысыз окуп жатат:

- Түркияда студенттер өздөрүнө гана ишенет. Өздөрүнө гана үмүт артышат. Студенттин билим алышына жакшы шарттар түзүлгөн. Жатаканалары жакшы, стипендия берилет, атүгүл насыя алса болот. Окуу жайы студенттин окуусу үчүн болушунча шарт түзөт. Тамак-ашы арзан, жатаканасы бекер. Кабыл алуу эки баскычтан турду. Биринчиси - тиешелүү документтерди даярдоо, экинчиси - баарлашуу. Анын негизинде мен Түркиянын ар кайсы шаарында жайгашкан он бир окуу жайын тандап алгам. Анын биринен мага чакыруу келди. Анан жактырып, Түркияда окуп калдым. Негизи чет өлкөдө окуйм дегендерге кеңешим - шашпай, сиз тандаган окуу жайдын шарты кандай, кандай мүмкүнчүлүк берет - мына ушунун баарын кылдат текшерүү абзел. Көпчүлүк окуу жайлар кыштан баштап кабыл алууну жарыялашат, бирок сиз аны күтпөй окуудагы жетишкендиктериңизди ага чейин эле арттыра бериңиз.

Бектур "Facebook" барагында өзү окуп жаткан программа тууралуу маалыматты жарыялады.

Түркиядагы кыргыз студенттери.
Түркиядагы кыргыз студенттери.

Түркия өкмөтүнүн стипендиялык программасына документтерди тапшыруу 2018-жылдын 5-февралында башталат. Ал 5-мартка чейин уланат. 2016-жылы жогорудагы программага 172 өлкөдөн 122 миң студент документтерин тапшырып, беш миң студент гана окууга өткөн.

Негизи чет өлкөдө окуйм дегендерге кеңешим - шашпай, сиз тандаган окуу жайдын шарты кандай, кандай мүмкүнчүлүк берет - мына ушунун баарын кылдат текшерүү абзел.
Бектур Базакечов

Бул программа аркылуу Түркиянын 55 шаарындагы 105 университетте бакалавриатка, магистратурага, докторантурага тапшырууга мүмкүнчүлүк бар.

Стипендияга тапшырууда жаш боюнча чектөөлөр каралган. Программанын ушул жана башка жол-жоболору https://www.turkiyeburslari.gov.tr интернет-сайтында жайгаштырылган.

Айтмакчы, Түркиядагы окуу жайлар чет өлкөлүк студенттерди жергиликтүү ЖОЖдор аркылуу же түздөн-түз студенттердин өздөрү менен баарлашуунун негизинде кабыл алышат. Алар гранттык орундар тууралуу мамлекеттик мекемелерге маалымат берип же алар менен кызматташпайт.

Венгриядан билим алуу мүмкүнчүлүгү

Билим берүү министрлиги болсо өзү кызматташкан чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын ичинен Венгрия мамлекетинин стипендиялык программасына конкурс жарыялады. 2016-жылы Венгриянын расмий делегациясынын Бишкектеги иш сапарында Кыргызстандан жыл сайын 25 студентти акысыз окутуп берүүгө келишим түзүлгөн.

Быйыл айыл чарбасы, коомдук илимдер, маалымат технологиялары, экономикалык илимдер жана башка тармактар боюнча он гранттык орундан бакалавриат менен магистратурага бөлүнгөн. Беш орун бардык тармак боюнча докторантурага каралган. Тиешелүү документтерди онлайн түрүндө "Темпус" коомдук фондунун сайтына жана Билим берүү министрлигинин мекемесине алып келиш керек. Документтердин тизмеси министрликтин http://edu.gov.kg сайтында жайгаштырылган. Документтерди кабыл алуу 5-мартта аяктайт.

Айтмакчы, бул жолу Венгрияга кабыл алуу жолдору өзгөртүлдү. Билим берүү министрлигинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Сарбагышева жаңы эрежелерди айтып берди:

- Эгер буга чейин студенттер документтерге карап эле тандалса, бул жолу тестирлөө киргизилди. Тесттин суроолору тандалган тармакка карата түзүлгөн. Мындан сырткары, бакалавриат боюнча англис тилинде атайын бир темага эссе жазылат. Ал эми магистратурага тапшырууну каалагандар эсседен сырткары баарлашууга катышат. Окуу англис тилинде болот.

Кыргызстан бир катар алыс-жакын мамлекеттер менен билим берүү жаатында кызматташуу тууралуу келишимдерге кол койгон. Анын негизинде кыргызстандык абитуриенттерди тигил же бул чет өлкөлүк окуу жай ыйгарган гранттык орундарга тандоо Билим берүү жана илим министрлигинин көмөгү аркылуу ишке ашат.

Чет өлкөлүк окуу жайлардын ичинен кыргызстандык студенттер арбын окуган окуу жайлардын көбү Орусияда. Орусия 2017-жылга Кыргызстан үчүн 400гө чейин квота бөлгөн. Документтерди кабыл алуу, тандоо Кыргыз-Орус (Славян) университетинин базасында Россотрудничествонун өкүлдөрү тарабынан өткөрүлгөн.

Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы өкмөт аралык келишимге ылайык, былтыр беш бюджеттик орун бөлүнгөн. Тандоону министрлик Тестирлөө боюнча улуттук борбордун иши аркылуу жана аңгемелешүүнүн негизинде жүргүзгөн.

Беларус Кыргызстанга 10 бюджеттик орун берген. Документтерди кабыл алуу жана тандоо тестирлөө жана аңгемелешүү аркылуу болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG