Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

Сайназаров: Окуу бекер деп, өзүбүздү алдап келатабыз


Бишкектеги бир катар мектептерде мыйзамсыз акча чогултуу маселеси коомчулукта кызуу талкууланууда.

Башкы прокуратура Бишкектеги 13-мектептин директоруна кылмыш ишин козгоду. Билим берүү жана илим министринин алдындагы коомдук байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары Кеңешбек Сайназаров мектептердеги акча чогултууларды жоюу маселеси боюнча “Азаттыкка” маек курду.

“Азаттык”: Акыркы кезде коомчулукта мектептеги коррупция, акча чогултуулар, каражатты максатсыз пайдалануулар боюнча көп сөз болуп атат. Бул маселени чечүүнүн кандай жолдорун көрүп жатасыз?

Сайназаров: Биз позициябызды Байкоочу кеңеш алгач түзүлгөндөн бери эле билдирип келатабыз. Бүгүнкү күндө коом туура эмес мыйзамдын туткуну болуп калды. Бир жагынан караганда “орто билим берүү системасы бекер” деп айтып атат. Ошол эле мезгилде мамлекет орто мектептердин болгон чыгымдарынын бардыгын 100% камтыганга чама-чаркы жетпей жатат. Ошондуктан, маселенин төркүнү ушуга келип такалууда. Бүгүнкү күндө бул маселени мыйзамдаштырбаса, ар бир эле директордун, мектептин ушул маселеге башы ооруйт.

“Азаттык”: Эгер мыйзамдаштырып койсо, мыйзамга таянып акча чогултуулар кайра күчөбөйбү?

Сайназаров: Мисалы, өкмөт бюджеттеги беренелердин кайсынысын камтып атат, камтыбай тургандары кайсылар? Ошого жараша мектеп администрациясы ата-энелер коому менен биргеликте келишип, ошонун негизинде чече турган маселе. Ошондой болгон шартта да бул ачык-айкын чечилип, эки-үч чөнтөктөн түзүлгөн ата-энелер комитети тарабынан жасалган жумуш болбош керек.

“Азаттык”: Акчаны төлөй албаган ата-энелер бар. Мыйзамга таянып алардан да акча сурап, алардын балдары кодулоого учурайбы деп эксперттер чочулап жатышпайбы?

Сайназаров: Андай болбош керек. Бүт системанын ичинде социалдык аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн өзүнүн жеңилдиктери бар. Ошол мыйзам иштеш керек.

“Азаттык”: Укук коргоочу бир эле уюмга бир күндө жок эле дегенде 2 ата-эне мектептерде жөнү жок акча талап кылып жатканын айтып кайрылышат экен. Байкоочу кеңешке да бул багытта арыздар түшсө керек?

Сайназаров: Бизге да көп түшөт. Ар бир кат, кайрылууну министрлик менен бирге териштиребиз. Бир жагынын алганда ачык кат жазгандар аз. Көбүнчө эле купуя жазгандар болуп, териштирүү жана аныктоо кыйын болот.

“Азаттык”: Депутат Каныбек Осмоналиев “айрыкча Бишкек жана Ош шаарларында мектеп директорлору өздөрүнчө эле хан, бий болушуп, эч кимди тоотпой калыптыр” деп айтты. Буга ким күнөөлүү деп эсептейсиз? Министрликпи, акча берип жаткан ата-энелерби же мектеп директорубу?

Сайназаров: Муну мыйзам аркылуу жолго койсо болмок. Мисалы, 2002-жылдан бери талкууланып келаткан “Орто билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору бар. Ага мектеп директорлорун ротациясы тууралуу жобо киргизилген. Азыр Ошто же Бишкекте, башка шаарлардагы кээ бир мектептердин директорлору Союз тараганга чейин иштеп келатышат. Албетте ал 20-25 жыл иштегенден кийин тамырлашып кетет.
XS
SM
MD
LG