Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Оштогу христиан мектебинин максаты


Ош шаарындагы православ чиркөөсүнүн "Светоч" деп аталган башталгыч жана орто билим берген мектебинде окуган балдар
Ош шаарындагы православ чиркөөсүнүн "Светоч" деп аталган башталгыч жана орто билим берген мектебинде окуган балдар

Кыргызстандагы диний билим берүүнүн абалы тууралуу көптөгөн сын-пикирлер айтылып келет. Бирок бул тармакта алгылыктуу жылыштар да бар экенин унутпоо керек.

"Азаттыктын" “Биз жана дин” берүүсүндө диний жана лайык (светтик) билим берүүнү айкалыштырган, ошол эле мезгилде ар түрдүү диндеги жана улуттагы балдарга эшик ачкан мектеп жөнүндө сөз болду.

Ош шаарында православ чиркөөсүнүн "Светоч" деп аталган башталгыч жана орто билим берген мектеби бар. Анын директору Виктор Реймген жана тарбия бөлүмүнүн жетекчиси Елена Куканбаева менен маекти сунуштайбыз.

"Окуучулардын ишенимин сыйлайбыз"

"Азаттык": Виктор мырза, мектеп, анын түптөлүшү тууралуу айта кетсеңиз?

Виктор Реймген: Мектепти биз кандайдыр бир чоң каражат же болбосо бай-меценат демөөрчүсүз эле түптөдүк. Бул мектеп чиркөөбүзгө келген жамааттын "баласы" болуп эсептелинет. Чиркөө жамааты өздөрү мектептин негиздөөчүсу болуп катталган.

Азыр бул мектепте сапаттуу башталгыч жана орто билим берилип жатат. Балдардын ата-энелери талап кылган адеп-ахлак нормалары жана баалуулуктар үйрөтүлөт. Мектептин негиздөөчүсү православ чиркөөсү болгону үчүн гана "православ жамаатынын мектеби" деп аталбаса, бул жерде ар түрдүү диндин жана улуттун өкүлдөрү окуйт. Андыктан биз окуучулардын ишеним жана рухий баалуулуктарын сыйлаганга аракет кылабыз.

Чиркөө мектебинин аталышы
Чиркөө мектебинин аталышы

"Азаттык": Бирок алгач православ христиандарынын мектеби болот деп пландаштырылган турбайбы?

Виктор Реймген: Ооба, башында бул мектеп чиркөө жамаатынын балдары үчүн деп ачылган. Бирок үч-төрт жылдан кийин башкалар да келип, алардын да балдарын кабыл алуубузду суранышты. Ушул талаптарды камсыз кылуу үчүн мугалимдердин сапаттуу жамаатын түзүүгө жетиштик. Мугалимдер квалификациялуу жана ак дилден иштешет. Мына ошентип мугалимдердин, чиркөө жамаатынын, ата-энелердин жана окуучулардын жардамы менен ушундай мектепке ээ болдук.

"Азаттык": Ооба, мугалимдер жамаатынын аябагандай сапаттуу экенин биз да байкадык. Бирок мындай мектепти, мугалимдер жамаатын каржылоо маселеси бар эмеспи? Каражатты кайдан аласыздар?

Мектептин ичи
Мектептин ичи

Виктор Реймген: Эң негизги каражат булагыбыз - ата-энелердин жардамы. Мындан сырткары мектептин негиздөөчүсү чиркөө болгондуктан, чиркөө жамааты мектептин имаратын камсыздайт жана коммуналдык чыгымдарды төлөйт. Ошондой эле мектепке буюм-тайым жагынан жардам берген орусиялык, эл аралык жана башка коомдук уюмдар, кайрымдуулук фонддору бар. Ошол эле убакта мектептин муктаждыгын камсыз кылуу үчүн ата-энелер ай сайын белгилүү бир сумманы төлөшөт. Мугалимдердин айлык акылары сыяктуу чыгымдар бар да. Ата-энелер да бул нерсени түшүнүү менен кабыл алышат. Себеби, мамлекеттик мектептер жарандардын талабын камсыз кыла албагандыгы үчүн жеке мектептер ачылып жатпайбы.

"Азаттык": Алдыда кандай пландар бар? Мектепти чоңойтуу жана шарттарын жакшыртуу жагын ойлоп жатасыздарбы?

Окуучулар сабак учурунда
Окуучулар сабак учурунда

Виктор Реймген: Албетте, каалоо жана мүмкүнчүлүк болсо жасайбыз деген ой бар. Азыркы учурда биздин эң биринчи максатыбыз - спорттук аянтчаны бүтүрүү. Аянтчада футбол, волейбол сыяктуу спорттун көп түрү менен бир эле убакта алектенсе болот. Ал эми мектепти чоңойтууга азыр бизде каражат жок. Эгер кандайдыр бир уюмдар же адамдар жардам берсе эмне үчүн болбосун?! Бирок класстарды жана мугалимдер жамаатынын санын көбөйтүү талабы ар дайым бар.

"Биздин мектепте башка диндеги балдар да окуйт"

"Азаттык": Елена айым, айтсаңыз, быйыл канчанчы бүтүрүүчүлөрдү уядан узатып жатасыздар?

Елена Куканбаева: Мектебибизге он үч жыл болду. Быйыл үчүнчү бүтүрүүчүлөрүбүздү узатып жатабыз. Мектебибиз толук кандуу орто мектеп болуп эсептелет. 1-класстан 11-класска чейинки орто билим берилет.

"Азаттык": Мектептин канчалык мыкты экенин анын бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери көрсөтөт эмеспи? Бүтүрүүчүлөр кандай ийгиликтерге жетише алышты?

Елена Куканбаева
Елена Куканбаева

Елена Куканбаева: Бүтүрүүчүлөр - биздин сыймыгыбыз. Алар Ататүрк-Алатоо, Борбор Азиядагы Америка университети сыяктуу Кыргызстандагы окуу жайларга, ошондой эле Орусиянын бараандуу жогорку окуу жайларына өтүп окуп жатышат. Көпчүлүгү бюджеттик негизде, стипендия алып окушат.

"Азаттык": Бул мектеп светтик мектеппи же динийби?

Елена Куканбаева: Биздики лайык мектеп. Православдык маданият жана кудай мыйзамы делген эки гана диний сабак окутулбаса, мектеп светтик программага толук туура келет. Жогорудагы эки сабак гана үстүртөн эле диний болуп эсептелбесе, калган химия, биология, тарых, география сыяктуу сабактар толугу менен окутулат.

Окуучулардын кол өнөрчүлүгү
Окуучулардын кол өнөрчүлүгү

"Азаттык": Мектеп директору ар түрдүү диндеги, ар түрдүү улуттагы балдар окуйт деп айтпадыбы. Тактап айтсаңыз, кайсыл улуттардын өкүлдөрү бар.

Елена Куканбаева: Мектебибизде орус, кыргыз, татар, өзбек жана башка улуттагы балдар окуйт жана диний ишенимдери да ар түрдүү. Кыргызстанда бизге окшош мектептер барбы же жокпу билбейм, бирок биз уникалдуу мектепбиз деп ойлойм.

"Азаттык": Мектебиңиздерде окуучуларга дагы кандай шарттар түзүлгөн?

Куканбаева Елена: Окуучулар үчүн ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат. Балдар спорт менен машыгып, кол өнөрчүлүк менен алек болушат. Мисалы, мына столумдун үстүндө биздин окуучулар Пасха майрамына арнап жасаган жумурткалар турат. Фамилияларын окуп эле жасаган балдардын кыргыз, орус, татар, өзбек улутунда экенин билсеңиз болот. Жалпылап айтканда, балдарыбызга керектүү бардык шарттарды түзгөнгө аракет кылабыз. Китептерин беребиз, башталгыч класстын окуучуларына бекер тамак-аш беребиз.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG