Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Бизнестин "бейиши" болууга аракет жай


Иллюстрация
Иллюстрация

Дүйнөлүк банктын Doing Business рейтингинде Кыргызстан өткөн жылы 75-орунда болсо, быйылкы рейтинг боюнча 77-орунга түшүп калды.

Мындай артка чегинүүнүн негизги себептери эмнеде? Президент белгилеген “Кыргызстан - бизнестин бейиши” болууга аракеттер барбы? Бизнести ачуу, жүргүзүүдө, салык төлөөдө, насыя алууда жеңилдиктер барбы, коррупциянын тоскоолдугу азайдыбы? Дегеле Кыргызстанда ишкерликке жагымдуу шарт түзүү боюнча эмне кылуу керек?

“Арай көз чарай” талкуусуна Инвестицияларды тартуу жана экспорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Адилбек уулу Шумкарбек, Жаш ишкерлер бирикмесинин мүчөсү Мурат Исмаилов жана Ысык-Көлдөн ишкер айым Чолпон Осмонова катышты.

“Азаттык”: Шумкарбек мырза, мурдагы жылдарга салыштырганда Кыргызстанда бизнеске болгон мамиле же саясаттын үзүрү эки позицияга артка түшүп калгандыгынын себебин сиз эмнеден көрөсүз?

Адилбек уулу Шумкарбек: Бул рейтинг 11 көрсөткүч боюнча аныкталат. Эгер көрсөткүчтөрдүн структурасын карасаңыздар 18 пункту боюнча Кыргызстан оң баа алган.

Эң төмөнкү баа акционердик коомдорго байланыштуу маселеде алганбыз. Эмне үчүн мындай болуп калды? Анткени бизде "Акционердик коомдор жөнүндө" мыйзамды кабыл алганда 1-июндан баштап күчүнө кирген. Дүйнөлүк банктын тобу келип Кыргызстанда иштегенде 2017-жылдын 1-июнуна чейинки гана көрсөткүчтөрдү алган. Рейтингде 1-июнга чейинки гана реформаларды гана эске алгандыктан жогорудагыдай эки позиция төмөндөп кеткен.

“Азаттык”: Мурат мырза, Doing Business рейтингин чыгаруунун негизги критерийи бизнести баштоодогу жеңилдиги экен. Кыргызстанда ишкерликти каттатып, баштоо үчүн канча убакыт кетет? Мурдагы жылдарга караганда жеңилдөө байкалабы?

Юстиция министрлигинен бат эле катталасың. Бизде уруксат алуу бир топ кыйын болуп келет. Кагаз жүзүндө оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө бир топ эле машакаттуу. Ошонун айынан да биздин рейтинг түшүп кеткен.
Мурат Исмаилов

Мурат Исмаилов: Туура, бизде ишкерликти каттоо боюнча бир топ чегинип кеткенбиз. 2010-жылы бул позиция боюнча 41-орунда болчубуз, ошондон бери бирде түшүп, бирде көтөрүлүп келатабыз. Чынын айтканда бизнести каттоо анча деле кыйын эмес, Юстиция министрлигинен бат эле катталасың. Бизде уруксат алуу бир топ кыйын болуп келет. Кагаз жүзүндө оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө бир топ эле машакаттуу. Ошонун айынан да биздин рейтинг түшүп кеткен.

“Азаттык”: Чолпон айым, сиз мурда Орусияда ишкерлик кылган экенсиз, учурда Кыргызстанда ишкерликти улантып жатыптырсыз, ишкерликти ачуу, жүргүзүү боюнча эки өлкө ортосундагы айырмачылыктарды, артыкчылыктарды бөлүп көрсөтө аласызбы? Орусияда биз үйрөнө турган тажрыйба барбы?

Чолпон Осмонова: Орусияда ишкерликти жаңы баштагандарга үч жыл убакыт берилет. Ушул убакыттын ичинде сага эч ким келбейт, тийишпейт. Үч жыл ичинде салыктан да бошотуласың. Ал убакыттын ичинде бутка туруп кетсең кеттиң, кетпесең фирмаңды жаап коюшат. Ишиң оңолгондон кийин бардык салыктарды төлөй баштайсың. Кыргызстанда тилекке каршы андай жок.

Мен Кыргызстанга, анын ичинде Ысык-Көлгө келип ишкерликти баштап отурам. Бизде тейлөөнүн сапаты начар деп калышат. Ошондон улам мен дагы мекениме салымымды кошоюн деп келгем.

Жерди жергиликтүү элден чоң баага сатып алгам, эми трансформация деген маселе бар экен. Аны чечүү үчүн он мамлекеттик органдан уруксат алуу керек. Алардын баарынан өткөндөн кийин өкмөттөн чечим чыгартып кайра бул жакка келүү керек. Мына ушул жагы оор.

Азыр кыргыздын канчалаган ишкерлери инвестиция жасайлы деп жүрүшөт. Учурда Ысык-Көлдүн жээгинде төрт эле пансионат иштеп жатат, баары толтура. Калган жеке менчик эс алуу жайларында баа өтө кымбат. Мен максатым бар эле биздин элдин аялуу катмарына, коомго эмгеги сиңген адамдарга арзан же бекер кылып койсом деген. Айтор чече турган маселе огеле көп.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Кыргызстанда “бизнеске бейиш” болдубу?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:14 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG