Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:26

Улуттук банк "Росинбанкка" ээлик кылат


"Росинбанк".
"Росинбанк".

Берилген насыяларын төлөй албай калганына байланыштуу "Росинбанктын" күрөөдөгү 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өттү.

Улуттук банк тараткан маалыматта ал бул коммерциялык банкты башкарууну толук өзүнө алып, анын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын иштеп чыгып жатканын билдирди.

Кезинде өлкөдөгү эң ири банктардын бири болуп саналган "Азия Универсал банк" 2010-жылдан кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, "Залкар Банк" болуп кайра түзүлүп, кийин анын 90 пайыз акциясын орусиялык "Инвестторгбанк" сатып алган. Банктын жетекчилиги арам акчаны адалдоого байланыштуу шектелип, кылмыш иши козголгон.

Улуттук банк кожоюндукту колго алды

Мурдагы "Азия Универсал банк" 2010-жылы мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, "Залкар Банк" деп өзгөрүп, 2013-жылы кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын чечими менен банктын 90 пайыз акциясы 198 миллион сомго орусиялык "Инвестторгбанкка" сатылган. Ал эми анын он пайызы Мамлекеттик мүлк фондунда калган. Анан "Залкар Банктын" негизинде "Росинбанк" түзүлгөн эле.

Жакында Улуттук банк “Росинбанктын” буга чейин күрөөгө коюлган акцияларын кайра каттоодон өткөрдү. Анын негизинде бул банктын 71,66 пайыз акциясы Улуттук банктын карамагына өттү. Улуттук банктын тараткан маалыматы боюнча, “Росинбанк” 2018-жылдын башынан бери ликвиддүүлүк менен байланышкан каржылык мүшкүлгө кабылган.

Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева жагдайды жөнгө салыш үчүн Улуттук банк анын күрөөдөгү акцияларын өзүнө өткөргөнүн билдирди:

Аида Карабаева.
Аида Карабаева.

- "Росинбанктын" ликвиддүүлүгү мурда таңкыс болуп турган. Ошону колдош үчүн Улуттук банк ага насыяларды берген. Буга байланыштуу анын акциялары күрөөгө коюлган. Анан "Росинбанк" өзүнө алган насыялык милдеттенмелерин аткара албаганы үчүн Улуттук банк ошол күрөөдө турган акциялардын ээси болуп калды. Анткени насыялоо келишиминин мөөнөтү ушул жылдын 1-октябрында аяктаган. Бирок учурда бул банк кадимки тартипте эле иштеп жатат. Анда эсептик-кассалык операциялар адаттагыдай эле жүргүзүлүп жатат. Болгону учурда банктын менежментин өзгөртүп, бизнес-стратегиясын иштеп чыгып, бизнес планы кайра каралышы мүмкүн.

Алды-саттынын табышмактуу таржымалы

Жакында бул банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары Андрей Гойхман “үч миллиард сомдон ашык мыйзамсыз акчаны адалдаган" деп айыпталып, камакка алынганы кабарланган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "Росинбанктын" айрым кызматкерлерине "кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган, жасалма документтердин негизинде мыйзамсыз акчаны адалдаган" деген айып койгон. Анда Орусияда мыйзамсыз табылган акча “Росинбанк” аркылуу офшорлорго чыгарылып турган жагдай тууралуу айтылган. "Росинбанк" каржылык мыйзам бузуу боюнча ал дооматтарды четке каккан.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов мурдагы "Азия Универсал банк" мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, анан сатылып, эми кайра берилген насыянын эсебинен кайтарылып жатышын мындайча мүнөздөдү:

Улугбек Ормонов.
Улугбек Ормонов.

- Бул жерде өтө чоң маселе бар. Кыргызда жакшы бир сөз бар. "Ээрге отурганда эле кыйшык отурган" дегендей, бул банк башында сатылганда эле туура эмес, шашылыш түрдө сатылган. Анын баасын төмөндөтүп туруп, ошол учурда бир топ эле арзан баага сатып жиберишкен. Берген насыялардын эсебинен кайрадан кымбат баада өткөзүп алып жатканы да таң калтырбай койбойт. Муну негизи орус ишкерлери сатып алышкан. Аны башында алганда эле ошондой иштерге "пайдалануу" үчүн сатып алышкандай. Ошондуктан арам акчаны адалдоого байланыштуу жагдайлар ачыкка чыгып калбадыбы. Аны саткан учурда эле туура эмес нерсе болгонун анын азыркы кездеги жыйынтыгы ырастап жатат. Болбосо, "Азия Универсал банк" башында өлкөдөгү эң ири банктардын бири болчу.

Ошол эле кезде 2013-жылдан тартып иштей баштаган “Росинбанктын” 36 филиалынан азыр он экиси гана калган. Кардарларга жакын, ыңгайлуу жайларда жайгашкан анын бир топ бөлүмдөрүнүн кеңселери жабылып, имараттары буга чейин эле сатылып жатканы белгилүү болгон. Улуттук банк муну өзүн актабаган филиалдарды жабуу менен түшүндүргөн.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев банк башында ыңгайлуу баага эле сатылганын айтып, бирок кийин анын ишин көзөмөлдөөдө шалаакылыкка жол берилген деп эсептейт:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

- Мен бул банк арзан баага бааланып, кетип калды деп айта албайм. Ошол учурда мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн банктын таза активдерин бөлүп алып, банкты иштетиш керек болчу. Анткени анда кардарлардын, юридикалык жактардын жана социалдык фонддун каражаттары бар эле. Анан аны орусиялык инвестор сатып алып, иштетип жаткан. Өкмөттөн, Улуттук банктан ага колдоо болуп келген. Бирок тиешелүү көзөмөлдүн начардыгынан жана шалаакылыктан улам банктын абалы кийинки убакта начарлап кеткени белгилүү болду. Анткени банктын активдери, айрыкча анын кыймылсыз мүлкү сатыла баштаган учурда эле ага чара көрүш керек болчу. Бүгүнкү күндө бул банктын каржылык милдеттенмелери 2-3 миллиард сомго барабар болсо керек. Азыркыдай кыйын абалда ошолордун баарын кайрып бериш үчүн маселени чечиш керек.

Ал эми Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева тынчсызданууга негиз жоктугун белгилеп, банк өз кардарларын тейлөөгө төлөм дарамети жетиштүү экенин билдирди. Улуттук банк "Росинбанктын" активдеринин сакталышын камсыз кылуу жана операцияларды көзөмөлдөө деген негиз менен быйыл июнь айында ага тике көзөмөл киргизген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG