Бардык шартка көнгөн орус ишкери
Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фонду ишкананы менчиктештирүү программасына ылайык, аны түз сатуу аракети көрүлүп жатканын жана орусиялык ишкер кыргыз тарап койгон бардык шартка көнгөнүн айтууда. Орусиялык ишкердин ниети жарыялангандан кийин эле Нагорнаянын Орусияда чай бизнеси менен алектенери ачыкка чыгып, кыргыз коомчулугунда анын инвестиция саларынан шек саноолор, байланыш тармагында тажрыйбасы жок ишкер "Мегакомду" кантип иштетет деген суроолор жаралды.
Бир катар депутаттар менен жарандык активисттер чехиялык "Лиглас Трейдинг" компаниясы менен болгон мүчүлүштүктү кайталабоого бийликти чакырып жатышат. "Мегакомду" сатып алууну каалагандар 13,5 миллиард сом жана комиссиялык төлөм катары жалпы сумманын жети пайызын, 950 миллион сом төлөшү керек.
Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаковдун "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Елена Нагорная аттуу орусиялык ишкердин "Мегаком" компаниясын сатып алуу тууралуу арызы 25-сентябрда түшкөн.
Бул - Кыргызстандагы эң чоң уюлдук компания сатыкка коюлгандан бери түшкөн биринчи арыз. Натыйжада парламенттин айрым депутаттары, тиешелүү министрликтердин жана мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн турган комиссия Нагорнаянын сунушун кабыл алууну чечип, ушу тапта Мүлк фонду сүйлөшүү жараяндарын баштады:
- Коюлган шарт боюнча 100 пайыз акцияга 13,5 миллиард сом төлөшү керек. Андан тышкары 7 пайыз комиссиялык төлөм - 950 миллион сомду берүүгө тийиш. "Альфа-Телекомдун" тегерегиндеги бардык сот иштери боюнча маселелерди сатып алуучу өзү чечиши керек. Ошол шарттарга макул болуп, арызын берди. Азыр келишимдин үстүндө иштеп жатабыз.
Болсунбек Казаков Елена Нагорная менен келишим түзүлүп, Кыргызстанга инвестиция келерине ишенип жатканын белгиледи. Соңку кезде инвесторлор менен келишим түзүлө электе ар кандай маалыматтар тарап, "жумурткадан кыр издегендердин айынан" алар өлкөгө келбей жатканын кошумчалады.
Чай бизнесинен телекоммуникациягабы?
Ал тапта жарандык коом өкүлдөрү, коомдук ишмерлер интернеттеги маалыматтарга шилтеме кылып, "Мегакомду" сатып алууну көздөгөн Елена Нагорнаянын Кениядан Орусияга чай ташып иштерин жана анын бизнеси менен Кыргызстандагы эң чоң уюлдук компаниялардын бирин сатып алуу мүмкүн эместигин, анткени дарамети чектелүү экенин айтып чыгышты.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов Duns & Bradstreet эл аралык маалымат базасын жана Орусиядагы "Таза бизнес үчүн" порталын иликтеген. Анда жазылгандарга таянуу менен Елена Нагорнаянын былтыр чай бизнесинен түшкөн соода жүгүртүүсү 60 миң доллардан араң ашканын айтып, анын "Мегакомду" сатып аларынан шек санады:
- Елена Нагорная деген өзү жазып атат. Кениядан чай, кофе ташыган аял экен. Эми анын соода жүгүртүүсүн карасак, "Дордой" базарында эң эле аз дегенде миң аял айына андан көп товар сатат. Былтыр чайды 63 миң долларга сатыптыр. Англисче Duns & Bradstreet деген эл аралык маалымат базасынан карадым. Андан сырткары Орусиянын "Таза бизнес үчүн" порталынан да маалыматтар, соода жүгүртүүлөрү чыгып атат. Мындай компанияны сатып алуу үчүн анын соода жүгүртүүсү жүз миллион доллар дебей эле коеюн, ондогон миллион доллар болушу керек. Мен жумурткадан кыр издеген жокмун. Былтыр чайды 63 миң долларга сатып, 3 миң доллар зыян тарткан адам 212 миллион долларга компания сатып ала алабы? Кения, Африка, Танзанияда чай-кофе менен иштеген кишинин Кыргызстанга кандай тиешеси бар, кантип келип калды? Телекоммуникацияга жакын жолобогон киши аны кантип иштете алат? Биерде мамлекеттик сыр деген бар. Мен Болсунбек Казаковго дагы бир жолу айтам. Ал "Лиглассты" мактап атат, биз инвесторлорду өзүбүз чоочутуп атабыз деп. Эми булар келишим түзүшөт, сатышат, андан кийин кайра соттошуп жатып калабыз. Эң жаман жагы кайсы бир душман болушу да мүмкүн да. Ар бирибиздин сүйлөшүүбүздү жазып туруп, эртең-бүрсүгүнү бирдеме чыгарса эмне кыласыңар? Нагорная деген өзү ким?
Байсалов Нагорнаянын байланыш тармагында тажрыйбасы жоктугун айтып, ал Кыргызстандагы маанилүү компаниялардын бири "Мегакомду" кантип иштетет деп суроо салды. Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Болсунбек Казаков болсо ишкананы сатыкка коюу боюнча документте ага ээлик кылууну көздөгөн ишкерлер сөзсүз түрдө телекоммуникация тармагын билиши керек деген талап жоктугун, кесипкөй адистерди колдонуу менен кайсы инвестор болбосун аны иштетип кете алат деген ою менен бөлүштү.
"Мегакомду" сатуу парламентте талкууланды
"Мегакомду" сатууга жол ачылды
"Мегакомду" сатууга жол ачылды
"Мегаком" деген соода маркасы менен белгилүү мамлекеттин үлүшүндөгү "Альфа-Телеком" уюлдук компаниясын тендерсиз, тикелей сатууга негиз берчү өкмөттүн токтому "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
"Мегаком" компаниясын орусиялык ишкерге сатуу аракети боюнча бүгүн парламент да Мүлк фондунун маалыматын укту. Депутаттардын алдында мекеме жетекчисинин орун басары Бакытбек Мураталиев баяндама жасады. Жыйын соңунда эч кандай чечим кабыл алынган жок. Тиешелүү мекемелерге айтылган пикирлерге көңүл буруп, карап чыгуу тапшырмасы коюлду. Отурумда "Республика-Ата-Журт" фракциясынан депутат Курманкул Зулушев "Мегакомду" орусиялык ишкерге сатууга каршы чыкты:
- "Мегакомду" сатууга болбойт. Жалганды да окшоштуруп айтыш керек. Менеджерди алмаштырып, аны оптималдаштыруу менен өнүктүрсө болот. Бүгүн иштей албайт деген компания 1 миллиард 600 миң дивиденд берип атса ал ишкананы эмнеге сатабыз? Кесиптештерден угуп калдым чай менен алектенген адамга сатабыз деп атасыңар. Сиздерге мисал катары айтайын, мына ушул жерде менин демилгем менен дагы бир-эки депутат болуп чакан ГЭСтер боюнча эки комитетке протоколдук тапшырма берсек ошого карабай тендер өткөрүп "Лигласска" саттыңар эле. Аягы эмне болду? Өкмөт ГЭСти сатуу, Кумтөр боюнча келишимге кол койду, эми "Мегакомду" сатуу чечимин кабыл алып отурат. Силердин алдыга койгон максатыңар ошобу? Мамлекетке дивиденд берип жаткан мекемени сатпай, кармап турушубуз керек.
Ошол эле маалда КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев Кыргызстанга чоң инвесторлордун келиши кыйынга туруп жатканын белгилеп, муну текшерүү, талкуулардын көп болуп жатышы менен негиздеди:
- Бир нерсени сатсак эмнеге сатылды, эмнеге ушунча арзан болду, бааны кошкон жок деп чукуламай. Же албаса. Анда ошол теманы көтөргөн кишилер өздөрү албайбы? Же өздөрү таап бербейби ушундай инвесторлорду. Ошону мен түшүнбөй жатам. Бизге инвесторлор эмнеге келбейт, эмнеге мамлекеттик мүлктү алышпайт? Анткени билишет, Жогорку Кеңеште көтөрүлөт, анан прокуратура иш козгойт, УКМК текшерет. Жүз жолу текшеребиз да. Ошон үчүн келбейт бизге эч ким, жакшы баа менен албайт. Жөн эле көтөрүп атабыз да бул теманы. Азыр журналисттер жазып баштайт. Албетте эч ким албайт. Сот болуп атса, тобокелдиктер бар болсо ким алмак эле? Өзүбүз кылып атабыз чындыгында. Биз өзүбүз бекитип, тапшырма берип алып эми эмнеге сатылды деп атабыз. Анда тапшырманы эмне үчүн бердик?
"Өткөөл учурда сатууга шашпайлы"
"Мегакомдун" мамлекеттин карамагындагы 100 пайыз акциясы былтыр февралда 19 миллиардга жакын сом деп сатыкка коюлган. Аукцион майда өтмөй болуп, бирок компанияны сатып алууга кызыккан киши чыкпагандыктан кийинкиге жылган. Кийинки аукцион ошол эле жылдын декабрына максат кылынып, ишкананын баштапкы баасы бир аз ылдыйлап, 14 миллиард 255 миллион сомго бааланган. Дагы арыз келбеди деген жүйө менен быйыл июнда 13 миллиард 500 миллион сомго үчүнчү ирет сатыкка коюлуп, анда да эч ким кызыкдар экенин билдирген эмес. Быйыл 31-июлда маселе Коргоо кеңешинде каралып, ишкананы түз сатуу чечими чыккан. Арыздарды кабыл алуу мөөнөтү 25-сентябрда аяктады. "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев "Азаттык" радиосуна ушу кезде компанияны чукул сатуу аракети көрүлүп жатат деп билдирди:
- Азыркыдай өткөөл учурда, президенттик шайлоонун алдында олку-солку болуп жатканда, "Мегакомдун" соттору бүтө электе аны сатуу эртелик кылат. "Лигласстан" эмне болдук? Ошентип билдирүү түшүп, аягы сатылды деп дүйнө коомчулугуна уят болдук. Эми аны менен соттошууга да бир-эки жыл кетет. Инвесторлор бизге ишенбейт. Бул дагы кофе-чай саткан кыз экен. Ошондон кат түштү деп атышат. Аны иликтеш керек, артында ким турат. Кыргызстандын ишкерлерине кайрылуу керек. Атамекендик ишкерлердин деле аны алганга чама-чаркы жетип калды. Бирок 15-октябрдагы президенттик шайлоо бүткүчө, балким экинчи тур болуп калса дагы күтө туруу керек. Жаңы президент келсе жаңы өкмөт куралышы мүмкүн. Ошого байланыштуу муну токтото турган максатка ылайыктуу.
Нагорная деген ким?
"Мегакомду" сатып алууга арыз берген Елена Нагорная менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал өз мүдөөсү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына маалымат берүүдөн баш тартууда.
Бул айым Sputnik агенттигине "мен чехиялык компания эмесмин" деген сөздү айтуу менен чектелген, калган маалыматтарды алуу үчүн Кыргызстандын Мамлекеттик мүлк фондуна кайрылууну сунуштаган. Орусиялык ишкердин интернеттеги nagornaya.me деген персоналдык сайтындагы маалыматтарга караганда, ал 41 жашта, Орусиянын Ставрополь крайында туулган.
Сайтта Нагорнаянын жүк ташуулар тармагында он жылдык тажрыйбасы бардыгы, 2006-жылдан бери чай-кофе сатуу жана өндүрүү менен алектенери, Африка өлкөлөрү менен тыгыз байланышы бар экени, 2014-жылы "Африка мамлекеттеринин соода альянсы" деп аталган уюм түзүп, учурда аны жана дагы бир нече ишкердик бирикмелерди жетектеп жатканы, Мамлекеттик думанын өнөр жай боюнча комитетинин эксперттик кеңешинин мүчөсү экени жазылган.