Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

"Дресс-код" же демократияны унуткан депутаттар


Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жана Талантбек Тынысов. (коллаж)
Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров жана Талантбек Тынысов. (коллаж)

Жогорку Кеңешке свитер кийип барганы үчүн депутаттардын каарына калган аткаминердин окуясы кыргыз коомчулугунда катуу талкуу жаратты.

16-январда Жогорку Кеңештин жыйынына көйнөк кийип келбегени үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысов жыйындан чыгарылды.

Алгач депутат Алмазбек Токторов Тынысовдон эмне үчүн парламентке футболка кийип келгенин сурады.

- Жетекчибиз ооруп калып, мага жыйын боюнча эртең менен эле айтылды. Азыр свитер менен отурам. Футболка эмес. Негизи жетекчибиз келмек, - деп жооп берди Токторов.

Анын кийимин вице-спикер Мирлан Бакиров да сынга алып, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн аппаратына муну көзөмөлгө алууну тапшырды.

- Кийим-кече жана башкалар боюнча бизде тартип бар. Жогорку Кеңештин, өкмөттүн аппараты, муну эмне үчүн карабайсыңар? Өкмөттүн өкүлү… Бул жер эмне, базарбы?! Сиз комитеттин чечими боюнча да чакырылгандардын арасында жок экенсиз. Бара берсеңиз болот.

Депутаттардын мындай мамилеси социалдык тармактарда катуу сынга алынды. Колдонуучулар эл өкүлдөрү карапайым адамдарга текебер мамиле кылбашы керек деген пикирин жазып жатышат.

Элдин талкуусунан кийин 17-январда Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Баштапкы кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовдон кечирим сурады.

Бакиров айрым маалымат булактары "кызматкерди жыйындан кууп чыкты" деп бурмалап кабар таратканын белгилеп, жыйын өткөрүүнүн эрежесин гана эскерткенин, Тынысов суроолорго так жооп бере албаганын, даярдыксыз келгенин кошумчалады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG