Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:06

Батукаевдин иши дарыгерлерден башталды


Бишкекте өткөн басма сөз жыйыны. 6-май, 2019-жыл.
Бишкекте өткөн басма сөз жыйыны. 6-май, 2019-жыл.

Онколог дарыгер Эмил Макимбетовдун тарапкерлери Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, президент Сооронбай Жээнбековго жана Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилерине кайрылышты.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин кайра каралып жаткан иши боюнча Кыргызстандагы белгилүү онколог Эмил Макимбетов менен кан боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Цопова Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынган. Байкоочулар эгер иш кылдат иликтенсе, бир катар жетекчилер жоопко тартыларын айтып жатышат.

Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында өсмө (рак) менен ооруган балдардын ата-энелеринин атынан келген Гүлзат Жапанова бийликке кайрылып, Балдардын онкология жана гематология борборунда эмгектенген илимий кызматкер, кылмышка шектүү Эмил Макимбетовдун бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарууну өтүндү. Маалыматка караганда, Макимбетов жакын арада оор деп мүнөздөлгөн алты операция жасамак.

Гүлзат Жапанова.
Гүлзат Жапанова.

«Ооруканада мага окшогон энелер көп, - деди Гүлзат Жапанова. - Азыр Макимбетов бизге аба менен суудай керек болуп турат. Анын жардамын күткөн балдар толтура. Ал бир жакка кача турган киши эмес».

Макимбетовдун жактоочусу Анара Кыштобаева басма сөз жыйынында ал коргоп жаткан дарыгер "түрмөдөн чыгарылып кеткен кылмышкерди көргөн эмес" деп билдирди:

«Эмил Макимбетовдун бул кылмыш ишке тиешеси бар экенин тастыктаган бир да далил жок. Бул мурдагы жана азыркы бийликтин саясий оюну болуп жатат жана дарыгерлер ага жөн эле аралашып калды. Эмил Макимбетов өзүнүн дарыгерлик милдетин аткарып, алынып келген анализ боюнча Батукаевге ак кан (лейкоз) деген диагноз койгон. Ал анализ алууга да катышкан эмес. Макимбетов Батукаевдин өзүн жана анын бир тууганын да көргөн эмес».

Анара Кыштобаева күч органдары менен өкмөт убагында Батукаевден алынган анализдин корголушуна жооптуу болгонун белгилеп, кетирилген кемчиликтер үчүн карапайым дарыгерлер камакка алынганына нааразы болду. Кыштобаева «Батукаевди түрмөдөн бошотууга катышкан, анын өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзгөн аткаминерлер эркиндикте жүрөт» деп, буларга токтолду:

Анара Кыштобаева.
Анара Кыштобаева.

«Тергөөчү мен коргоп жаткан адамды коррупцияга аралашкан деп эсептесе, анда бул кылмыш ишине тиешеси бар деп саналган Турсунбек Акун менен, Батукаевдин туугандары менен, Калиева, Сагынбаева жана Шамил Атаханов менен Макимбетовдун жазышкан каттары же алардан кимдир-бирөө аркылуу акча алганын көргөн күбөлөр барбы? Андай далилдер жок».

Кримтөбөл атыккан Азиз Батукаевдин түрмөдөн чыгып кеткенин териштириш үчүн 2013-жылы Жогорку Кеңеште «Ата Мекен» фракциясынын ошол кездеги депутаты Болот Шер жетектеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Бирок комиссиянын жыйынтыгы боюнча кылмыш жоопкерчилигине эч ким тартылган эмес. Аталган комиссиянын төрагасынын орун басары, экс-депутат Дамира Ниязалиева мындай деди:

Дамира Ниязалиева.
Дамира Ниязалиева.

«Дарыгерлер жактан да, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) тарабынан да, сот бийлигинен да мыйзамсыз иштер болуп, кемчиликтери табылган. Бул иште чоң мафия иштегени белгилүү эле болуп жатпайбы. Бирок өтө кейиштүүсү - катардагы кишилер жоопко тартылып, алардын артында турган кылмышкерлер табылбай калууда».

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште жакында жасаган баяндамасында Батукаевдин ишин тергөө ушул жылдын башында кайра жанданганын маалымдаган. Акыркы маалыматтарга караганда Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткени боюнча ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтеп жатат.

Анын негизинде медицина илимдеринин доктору Эмил Макимбетов менен гематология боюнча адис, медицина илимдеринин кандидаты Ирина Цопова Биринчи май райондук сотунун чечими менен жакында эки айга камакка алынган. Аларга кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу «коррупцияга», «документ жасалмалоого» жана «кызматтык жасалмалоого» тиешеси бар деген айыптар коюлууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков иш калыс тергелсе, ошол кезде жогорку кызматта отурган бир топ жооптуу адам жоопко тартылат деп ишенерин билдирди:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

«Бул иш жакшы тергелсе, башкы прокурор баш болгон 2-3 киши, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) жетекчиси баш болгон 3-4 киши жана саламаттык сактоо министри - бардыгы жоопко тартылышы керек деп ойлойм. Ишти президент, Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алса булардын баары жооп берет деген ишеним бар».

Оор кылмыштар үчүн соттолуп, Нарын шаарындагы түрмөдө жаза өтөп жаткан Азиз Батукаевдин ишин Нарын шаардык соту 2013-жылы 9-апрелде карап, аны мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча шашылыш чечим чыгарган. Анын негизинде Батукаев Нарындан Бишкекке коштоо менен жеткирилип, «Манас» аба майданынан Чеченстандын Грозный шаарына жеке менчик учак менен учуп кеткен.

"Азаттыктын" архивинен: Батукаевге ким жол ачты? 1.11.2013

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG