Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:16

Дагы бир кандуу окуя бийликке сынды күчөттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте киши колдуу болгон адамдын сөөгү «Манас» аэропортунун жанында турган автоунаадан табылды. Он күн ичиндеги бул экинчи кандуу окуя бийликке сын пикирди күчөттү.

Күч колдонулуп өлтүрүлгөн 39 жаштагы адамдын сөөгү 23-октябрда кечке маал аэропортко жакын жерде токтоп турган автоунаанын багажынан табылды. Ага чейин милицияга Сокулук районунун Комсомол айылынын тургуну кайрылып, бир тууган агасы 22-октябрда аэропортко кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Учурда Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө иштери башталды.

Аэропорттогу өлүм боюнча айың кептер

Интернет колдонуучулар өлтүрүлгөн адам ишкер экенин, акча ташып иштегенин, анын жанындагы ири суммадагы каражат каракталганын жазып жатканы менен милиция маркумдун тек жайын, кандуу окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бере элек.

Жергиликтүү Vesti.kg сайты укук коргоо органдарындагы өз булагына таянып, ишкер Түркияга акча ташып жүргөнүн жазды. Бул сайттын маалыматына караганда, анын улуту уйгур болгон жана эгизи экөө тең акча ташып бизнес кылышчу.

Ал эми 24.kg агенттиги өз булагына таянып, маркум таксист болуп иштегенин жана жанында 10 миң доллар болгонун билдирди. «Азаттык» радиосунун булактары да анын акча ташып иштегенин, жакындары милицияга «жанында акча болгон» деп арыз жазганын айтышууда. Бирок мындай маалыматтарды укук коргоо органдары тастыктай элек.

Парламенттин депутаты Жанарбек Акаев да аэропорттун жанынан сөөгү табылган киши акча ташып иштеген ишкер экенин белгиледи:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

- «Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек» деп айтып оозду жыйганча дагы бир ишкер өлтүрүлдү. Кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн соттор бошотуп жатышат. Бул маселе боюнча өкмөт мага актанып, жооп бергени кереги жок. Ал элге, жарандарга жооп берип, «мамлекетибиз күчтүү, биз силерди коопсуздукта кармайбыз» деп жооп берсин. Бул менин же өкмөт башчынын маселеси эмес, жалпы жарандардын коопсуздук маселеси. Өкмөт башчы «саясатташтырып жатат» дейт, анда саясат болуп кетпесин деп такыр сүйлөбөй коёлубу?

Сын пикирге өкмөттүн жообу

Депутат Жанарбек Акаев бир күн мурда эле Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, «бул багытта чабал иштеп жатат» деп өкмөттү сындаган болчу. Ага премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев жооп кайтарып, саясатчыларды объективдүүлүккө чакырган.

Адилет Султаналиев.
Адилет Султаналиев.

«Борбор шаардагы ишкердин өлүмү боюнча кечиктирилгис тапшырмалар берилди. Милициянын ыкчам аракети жана «Коопсуз шаар» долбоорунун техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн шарапаты менен кыска убакытта кылмыштын бети ачылды. Биз атамекендик бизнестин жана ишкерликтин, инвестициялык климаттын кызыкчылыгы үчүн мындай кескин билдирүүлөрдү жасоодон карманууга чакырат элек», - деп билдирген өкмөт өкүлү.

Буга удаалаш эле Ички иштер министрлиги өз дарегине айтылган сынга жооп берип, өлкөдө кылмыштуулук күчөп жатат деп айтууга эч кандай негиз жок экенин жана милиция мыйзамдын үстөмдүгүн коргоп жатат деп билдирген.

Криминалга каршы күрөш кандай жүрүп жатат?

Анткен менен «аэропорттогу өлүм - күнүмдүк чыр-чатактан чыккан кылмыш эмес» деген пикирлер коомчулукта арбын. Акыркы кандуу окуянын айланасындагы айың кептер сыртка мыйзамсыз акча ташылып, ага криминал аралашып, күч органдары болсо көз жумуп келгенинин далили деп эсептешет.

Убагында криминал жөнүндө жазып жүргөн журналист Семетей Талас уулу мындай пикирлерге кошулат.

Семетей Талас уулу.
Семетей Талас уулу.

- Эми уурдалган акчанын көбү ушундай жол менен чыгып кетет, - деди ал. - Демек, акыркы окуя буга чейин «акча ташылат» дегендин далили болуп айтпайбы. Ошол эле аткаминерлер, депутаттар криминалдардын тоюна барып, кошомат кылып жүрсө, анан ошолор кылмышкерлерге каршы мыйзам кабыл алабы?

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов - убагында уюшкан кылмыштуулукка каршы парламентте маселе көтөрүп жүргөндөрдүн бири. Анын пикиринде, кылмышкерлердин жеми - көмүскө экономикада айланган каражат.

Бактыбек Калмаматов.
Бактыбек Калмаматов.

- Бүтүндөй дүйнө жүзүндө криминал менен күрөшүүнүн жеңил жана бир эле жолу бар. Болгону алар менен кызматташпаш керек. Шайлоодо, саясий күчтөрдү опузалоодо кызматташпаш керек. Бир жолу кызматын көргөндөн кийин «бир даам таткан жерге миң жолу салам айт» дегендей эле болуп калат. Ал эми биз шайлоодо криминалды алдыга салып жөнөйбүз, - деди ал.

Өткөн аптада «Мадина» базарында соода кылган Абдурахеман Хуфур аттуу ишкердин киши колдуу болгону талкуу жараткан. Бул кылмыш үчүн сегиз адам кармалып, алар ишкердин автоунаасына ээлик кылыш үчүн ушундай ишке барганы айтылган.

Сентябрь айында Ош шаарында мушкерлер ортосундагы чырда ок атылып, бирок анын чоо-жайы да коомчулукка айтылбаган бойдон калган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG