Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Султанов: Давосто "Таза коомго" кызыккандар болду


Давос
Давос

Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумга Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков баштаган делегация катышууда.

Исаков форумда сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстандагы демократиялык институттарды өнүктүрүү багытында туруктуу аракеттер көрүлүп, ачык-айкын саясат жүргүзүлүп жатканын, жарандар биометрикалык каттоого алынып, мамлекеттик бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле өкмөттүн ишин санарип форматка өткөрүү багытында жасалып жаткан аракеттер тууралуу да маалымат берди.

Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков эл аралык ири компаниялардын жана уюмдардын башчылары менен эки тараптуу да жолугушууларды өткөрүп жатат.

Ушул тапта Давосто жүргөн премьер-министрдин кеңешчиси Талант Султанов Кыргызстан форумда көтөргөн маселелер, эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыктары тууралуу “Азаттык” радиосуна маек берди.

Давос форумуна Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков катышып жатат.
Давос форумуна Кыргызстандан премьер-министр Сапар Исаков катышып жатат.

“Азаттык”: Давосто өтүп жаткан дүйнөлүк экономикалык форумга Кыргызстан кандай сунуштар менен барды?

Талант Султанов: Форумга катышуудагы эң негизги максат – Кыргызстанга инвестиция алып келүү. Биз эки-үч сунуш менен келдик. Биринчиден, “Таза коом” долбоорунун алкагында жаңы технологиялык компаниялар менен иштешүү. Экинчиси, туризм багытында кызматташтыкты талкуулап жатабыз. Дүйнөдөгү саясий, экономика багытындагы лидерлердин баары бул жерге чогулушту. Эл аралык коомчулукка Кыргызстанды таанытуу аракетин көрүүдөбүз.

“Азаттык”: Бул форумдун Кыргызстан үчүн мааниси канчалык? Экономиканы алдыга жылдырууга себеп боло алабы?

Инвестиция тартып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, бизди глобалдык деңгээлде өнөктөш катары көргөндөй натыйжага жетишели деген үмүттө катышып жатабыз.

Талант Султанов: Давос дүйнөдөгү саясий жана бизнес лидерлердин башын бириктирген аянтча. Мисалы, АКШ, Орусия, Канада, Индия, Кытай жана башка мамлекеттердин лидерлери кызматташтыкты талкуулап жатат. Эртең мененки 7ден түнкү 10го чейин жолугушууларды өткөрүп жүрөбүз.

Инвестиция тартып, Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, бизди глобалдык деңгээлде өнөктөш катары көргөндөй натыйжага жетишели деген үмүттө катышып жатабыз. Кыргызстан Давоско 20 жылдан бери биринчи жолу келди. Мындан ары салтка айланып калат го деген ишеничтебиз. Дүйнөлүк экономикалык форум башка жактарда, мисалы Кытайда да өткөн. Биз аларга катышканбыз. Швейцарияга акыркы жолу 1998-жылы келген экенбиз. Кыргызстандын тарыхында да премьер-министр Швейцариянын Давосунда өткөн форумга биринчи жолу келип отурат.

“Азаттык”: Кыргызстандын делегациясы менен жолугушкан чет элдик өкүлдөрдү өлкөнүн кайсы сунуштары, кайсы тармагы көбүрөөк кызыктырды?

Талант Султанов: Биздеги санариптик трансформация саясаты тууралуу айтсак, аябай кызыгып калышты. Анткени, дүйнөдө бүт мамлекеттер өнүгүүдө санариптик технологияны кантип колдонобуз деген суроонун үстүндө ойлонуп жатышат. Өнүккөн жана өнүгүп бараткан мамлекеттер дагы, менчик сектор дагы.

"Таза коом" долбоору аларга кызык көрүнүп, кантип жардам беребиз деп, өздөрүнүн тажрыйбасын бөлүштү. Потенциалдуу инвесторлор Кыргызстанга келип иштегенге кызыкдарлыгын билдиришүүдө. Форумдагы жолугушуулар жакында биринчи жемишин, натыйжасын берет деп ойлойбуз.

“Азаттык”: Форумдан эмне өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

Давос форуму өтүп жаткан имарат. Швейцария
Давос форуму өтүп жаткан имарат. Швейцария

Талант Султанов: Азыркы форумдун темасы жаңы чакырыктар, жаңы технологиялар жашоого кандай таасир бериши мүмкүн деген өңүттө жүрүп жатат. Биз дагы өнүгүп бараткан мамлекет катары өз тажрыйбабыз менен бөлүштүк. "Бизнеске, инвестицияларга мүмкүнчүлүк түзгөнгө даярбыз, региондогу демократиялуу мамлекетпиз, технология жагынан да алдыда баратабыз, биз менен чогуу иштегенге болот" дегендей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз.

“Азаттык”: Демек, кыргыз бийлиги форумда “Таза коом” долбоорун тааныштырууга басым жасаптыр да.

Талант Султанов: “Таза коом” жана туризм, ачык асман тууралуу да маселе көтөрүлүп жатат. Азыр эле Эл аралык авиация уюмунун (ИКАО) жетекчиси менен жолугуштук. Ага чейин Дүйнөлүк банктын президенти менен сүйлөштүк. Бардык тармактар боюнча талкуу болуп жатат.

"Азаттык": Эл аралык авиация уюмунун жетекчиси менен сүйлөшүү болду дедиңиз. Кыргызстандын авиакомпанияларын “кара тизмеден” чыгаруу маселеси козголдубу?

Талант Султанов: Жалпысынан Кыргызстандагы авиацияны кантип өнүктүрсө болот деген маселе көтөрүлдү. Эл аралык авиация уюмунун башчысы бизге жакшы сунуштарды берди. Ошолордун баарын эске алып, иштейбиз деп турабыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG