Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Алаамат акын жүрөгүн көзөп өттү...


16-январь, 2017-жыл
16-январь, 2017-жыл

“Манас” аэропортуна жакын конушта болгон кырсык тууралуу ондогон акындар ыр жазды.

Каргашалуу окуя болуп өткөндөн бери социалдык тармактарда бир нече төкмө ырчылардын, жазма акындардын арман ырлары жарыяланууда. Ырлардын дээрлик баарында капилет кырсыкка кабылып мерт кеткен наристелердин армандуу тагдыры камтылат.

Түйшүккө чулгап ак таңды,

Түнөртүп түпсүз асманды.

Кыйноого салып муң-зары,

Кыргызга өчкүс так салды.

Тумандуу таңдын кырсыгы,

Тынч жаткан элге аттанды, - деп төкмө ырчы Азамат Болгонбаев элдик оозеки чыгармачылыктын кадимки арман, кошок, жоктоо ырынын обонуна салып муңканды.

Жаш төкмө Асылбек Марат уулу болсо каргашага мындайча үн кошуп, калкына көңүл айтты:

- Кыргызды салып кайгыга,

Кырсыктын чалды арканы.

Кырсыкка бүткөн ак учак,

Кыйратып кетти канчаны,

Асмандан түшкөн ак учак,

Арчага тийген балтабы?

Азирейил сунган кылычка,

Адамдын жоктур калканы,

Кайраттан башка арга жок,

Эми калкыма көңүл айталы,..

Дагы бир акын, обончу Баян Акматов өзүнүн ырынын өзөгүндө өмүрдүн бүтүшү ар бир адамзат тагдырына жазылган чындык экенин айтып, шейиттердин жакындарын сабырдуулукка чакырган :​

Бир өмүр кайра жаз болот,

Бир өмүр кайра кыш болот.

Бактылee өмүр аягы,

Баары бир өлүм туш болот.

Жакынынан айрылса,

Жанчылып өмүр сыз болот.

Бубак басып айлана,

Оо, чиркин, бук болот, бүгүн бук болот...

Бул каргашалуу кырсык тууралуу жазма акындар да жүрөгүнөн өтүп, жүлүнүнөн сызылып чыккан ырларын жазышты. “Азаттыкка” Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын ээси Атантай Акбаров каргаша болгон күнү жазган ырын окуп берди

...Көрдөй чуңкур көзү менен бул кайгы

бүгүн дагы бизге жаман карады оф!..

Дача-Сууда талкаланып самолет,

Кырктайды бир жалмап өттү ажал от.

Калтырбай бир чыга качуу чараңды,

Качырбастан капыс баскан адамды,

Кайгы, сени көрө турган көзүм жок,

Кайгы, сенин жүргөн жериң караңгы...

Аза десе азат боюм зыркырап,

Арбактардын ыйы угулат чуркурап.

Аска-зоосу, Асман-Жери чогуу ыйлап,

Атпай кыргыз жоктоп турат буркурап...

Акын Калмамат Турдубаев өзүнүн ырында алаамат учурундагы наристелердин абалын мындайча сүрөттөйт:

Таңга маал тура калчу күн бүтүп,

Иниңди да тургун дечү үн бүтүп.

Токтоп калды жашооң дагы түбөлүк,

Ичээр сууң да түгөнүүчү күн бүтүп.

Өзүң үчүн жумшаса да бар күчүн,

Атпай калды таңың дагы сен үчүн.

Кубат берген, тиешелүү жан дүйнөң,

Токтотуптур, сени деген бар күчүн.

Ыйлап жаткан, канчалаган дос калды,

Партаң дагы жетимсиреп бош калды.

Ээ, күнөөсүз! Садагасы бөбөгүм,

Кеттиң күтпөй, сени деген ак таңды!

Блоггер, жаш калемгер Улукбек Омокеев өзүнүн чыгармачылык фантазиясында ошол кездеги кырсыкты мындайча элестетет:

Дубал урап, чатыр сынып, бак кулап,

Түшсө кайра түзөтөрбүз жакшылап.

Кетсе келбейт, төксө толбойт, кайрылбайт,

Өмүрлөргө ажал неге кас турат!?

Кезикмекпиз, балким, кыш-жай, жаз-күз, ээ?

Бир жемекпиз бир табактан ашты же,

Бир катарда отурмакпыз учакта,

Же сүйлөшүп бир кетмекпиз таксиде.

Эми акын Акбар Кубанычбектин “Туман” аттуу ырын окусак:

Учак жолун торогон туман, туман,

Үнсүз гана аргам жок ыйлап турам…

Бешенеге жазганын көрсөк дагы,

Бараткансыйт түгөнүп ичте чыдам…

16-январь күнү “Манас” аэропортуна жакын конушта болгон кырсык мындан башка да ондогон акындардын кайгылуу ырларына айланды. Дээрлик ар бир ырда сары ооз балапан бойдон бул дүйнө менен кош айтышкан бейкүнөө бөбөктөрдүн аянычтуу тагдырлары, элди биримдикке, кайрымдуулукка чакырган сөздөр камтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG