Айбек Эрнис уулу саясий чөйрөдө буга чейин оппозиция өкүлдөрүнүн ишин карап өкүм чыгарганы менен белгилүү. Ал "саясий буйрукту аткарат" деген мазмундагы дооматтарга кабылган. Кыргыз мыйзамдарына ылайык, судья чыгарган өкүмү тууралуу комментарий бербейт. Айбек Эрнис уулу өзү тууралуу айтылган сын пикирлерге эмгиче үн ката элек.
Айбек Эрнис уулу судья болгонго чейин ИИМде, андан кийин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта бир топ жыл тергөөчү болуп иштеген. Сот тармагына 2015-жылы келген жана судьяларды тандоо боюнча бардык сынактан ийгиликтүү өткөнү, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин купулуна толгону айтылган.
Ал судья катары негизинен 2017-жылы "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялаштары Дүйшөн Чотоновдун жана Алмамбет Шыкмаматовдун ишин карап жаткан маалда аты чыкты. Текебаевдин жактоочулары сот жараянында судья бардык өтүнүчтөрдү четке какканын айтып, ага ишенбестик да көрсөтүшкөн. Эрнис уулу Текебаев менен бир канча ирээт кайым айтышкан.
Бирок бул ишти кароо судьянын өзүнө деле жеңил болгон эмес окшойт. Анткени бир жолу сот жараянында өзүн жаман сезгендиктен ага “Тез жардам” чакыртылганы белгилүү.
Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов "атамекенчилерге" байланыштуу өкүмдөрдүн баарын мыйзамсыз деп эсептейт:
- Азыр саналуу эле судьялар болбосо, калганы Айбек Эрнис уулундай болуп айтканын айткандай, дегенин дегендей "ляппай" деп өкүмдөрдү токуйт. Айбек Эрнис уулу Текебаевге, мага өкүм чыгарганда кылмыш кылган. Ал Кылмыш-жаза кодексинде жазылуу. Билип туруп кыянаттык менен мыйзамсыз өкүм чыгарган. Текебаевдикинде да, меникинде да чыгарган өкүмүнө бир да жүйө келтирген эмес. Анын өкүмдөрүн карасаң, прокурордун айыптоочу корутундусун шурудай кылып көчүрүп жазат. Аягында “айтылган сөздүн баары далилденди” деп беренелерди келтирип туруп, “баланча жылга кесилсин” деп санкцияны жазып коет. Андай болбойт да! Өкүм деген 10-15 барактан турат, аны эринбей жазат. Өзүнүн ички ой толгоолорун, өзүнүн түшүнүгүн, чечмелегенин жазып туруп, далилдерди белгилеп туруп анан өкүм чыгарат да? Соттордун жоопкерчилиги каралмайынча сот системасы эч качан оңолбойт, биз эч качан жыргабайбыз.
Айбек Эрнис уулу экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокатынын арызын канааттандырбай койгон. Мурдагы мэр Албек Ибраимовду тергөө бүткөнчө абакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.
Жогорку соттун мурунку төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов соттогу иштерди бөлүштүрүүнүн тартиби тууралуу учкай айтып берди. Ал судья кайсы бир ишти кароодон баш тарта ала турган мүмкүнчүлүк бар экенине да токтолду:
- Судья кайсы бир ишти карабай кое алат, бирок аны кароодон эмне себептен баш тартып жатканын негиздеп бериши керек. Маселен, Биринчи май райондук сотунун төрагасы бар, ал келип түшкөн иштерди калыстык менен бөлүштүрүп турушу керек. Айбек Эрнис уулун сыртынан эле эки-үч жолу көргөм, болбосо тааныбайт да экенмин. Эми албетте, бул иштерди өзү "мен карайын" деп сурап албаса керек. Бирок кайсы бир ишти кимге берүү керектиги тууралуу тымызын, коомчулуктан жашыруун сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн.
Бул макала жазылып жаткан кезде Айбек Эрнис уулунун өзү менен байланыша алган жокпуз. Ал тууралуу Жогорку соттон, Тартип комиссиясынан жана Соттор кеңешинен да комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Юрист Мукар Чолпонбаев соттор тууралуу дооматтар жалаң эле Айбек Эрнис уулуна тиешелүү эмес экенин эске салды:
- Судьянын өзүн жалгыз күнөөлөгөн туура болбой калат. Биздин коомдук түзүлүш ушул абалга келди. Кайсы гана мамлекеттик кызматкер, прокурор, судья болбосун, эгер ал өзү ойлогондой же “мыйзамдын гана талабын аткарам” деген болсо, анда ал топ карганын ичиндеги ак каргадай болуп бөлүнүп калат. Ошондуктан судьялардын баары азыр "элиң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол" деген макалдагыдай жашап жатышат. Күнөөнүн баары коомдук-саясий системада.
Быйыл жазында бир катар жарандык активисттер, укук коргоочулар "паракор", "адилетсиз" жана "мыйзамга каршы иштеген" деп эсептеген соттордун "кара тизмесин" түзүшкөн. Тизменин сап башындагылардын арасында Айбек Эрнис уулу да болгон.
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевге 2008-жылы "Ысык-Көл биосфералык аймагы" башкы дирекциясын башкарып тургандагы иштерине байланыштуу кылмыш иши козголгон. Аны Айбек Эрнис уулу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын тергөөчүсү катары тергеген. Каптагаевдин айтымында, ал соттон акталып чыккан:
- Кайсы заман болбосун ушул сыяктуу кишилер кандайдыр калпыс иштерди жасаганга бийликке кандайдыр бир учурда зарыл болуп, кереги тийип калат окшойт. Болбосо Айбек Эрнис уулунун сот болуп элди соттоого, “акыйкаттык” деп отурганга эч кандай моралдык акысы жок. Бирок эми айла жок. Мыйзам боюнча шайланган, бекиген, иштеп жатат. Менде ушул системанын ичинен кир, калпыс иштерди жасаганга да атайын кишилер керек болот окшойт деген ой туулат.
Айбек Эрнис уулу 2008-жылы экс-премьер-министр Николай Танаевге карата Кумтөр боюнча козголгон кылмыш ишин да тергеген. Бирок “мөөнөтү өтүп кетти” деген негизде сотко жетпей калган.
Былтыр Жогорку соттун ошол кездеги төрайымы Айнаш Токбаева “сот адилеттигин ишке ашырууда жогорку сапаттагы көрсөткүчкө жетишкен” деп Айбек Эрнис уулуна ыраазычылык да билдирген.
Айбек Эрнис уулу мыкты бильярдчы экени белгилүү. Маселен, ал быйыл жыл башында судьялар арасында өткөн мелдеште биринчи орунда алганы кабарланган.
Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден бери эле сот реформасын ишке ашырууга убада берип келет. Жээнбеков жарандардын кайрылууларынын 70 пайызы сотторго нааразы экенин айткан.