Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

«Совок» деп айткан окутуучунун соту создукту


"Совок" сөзүнөн чыккан чыр
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:01 0:00

«Совок» сөзүнөн чыккан чыр

«Улут аралык кастыкты козгоду» деп айыпталып жаткан жаранга карата өкүм келерки аптада чыгышы мүмкүн. Айыпталуучунун тарапкерлери бир жарым жылга созулган бул иште кылмыштын курамы жок экенин айтышууда.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 19-апрелде Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбектин иши боюнча соттук отурум уланды.

Соттук териштирүүдө жоопкер тараптын адвокаттары сунуш кылган эксперт Зайнидин Курманов көрсөтмө берди.

Ал сот отурумунан соң Темир Болотбектин «совок» деген сөзү улут аралык кастыкты козутпай турганын жана кылмыш иши негизсиз козголгонун билдирди:

Зайнидин Курманов.
Зайнидин Курманов.

«Бул америкалыктардын «янки» деген эле сөзүндөй. Мен иш менен таанышып жатып, анын мыйзам бузганын көргөн жокмун. Бул сөз «Фейсбук» колдонуучусунун эле пикири болгон. Аны улут аралык кастыкты козутту деп айтууга такыр болбойт. Мен бул жерден муундардын кагылышын байкадым».

Буга чейинки соттук отурумда адвокаттар сунуш кылган эки филолог адис көрсөтмө берип, алар да «совок» деген сөз улут аралык кастыкты козутпай турганын айтышкан.

Мамлекеттик айыптоочу бул отурумда өз тарабынан эксперттерди угууну сотко сунуш кылды. Бирок сунушту судья колдогон жок. Буга чейин мамлекеттик айыптоочу тергөөдөгү экспертизанын жыйынтыгына таянып,
жоопко тартылып жаткан жаран улут аралык кастыкты козуткан деген жыйынтыкка келген.

Айыпталып жаткан Темир Болотбек совет доорунда Бишкекте салынган имараттар боюнча «Фейсбуктагы» талаш-талкууда «совок» деген сөздү колдонуп, «Советтер Союзун эңсегендер «Рашага» кеткиле» деп жазган.

Айыпталуучу Темир Болотбек өзүнүн эч кандай күнөөсү жок деп эсептейт.

Темир Болотбек.
Темир Болотбек.

«Менин сөзүмдө улут аралык кастыкты козгоонун белгиси болгон эмес, - деди ал. - Менимче, иш мыйзамсыз козголгон. Мына азыр эми мен соттон чыгып дароо окуу жайына жөнөшүм керек. Кээде сот процесси бир күн кечке созулуп, сабактарга барбай калган учурлар болуп жатты. Окуу жайынын жетекчилиги бул жагдайды түшүнүү менен кабыл алды».

Айыпталуучунун жактоочусу Жыргал Бабаев соттун узакка созулганын белгилеп, актоочу чечимин күтүп жатканын айтты:

«Адатта мындай иштер боюнча өкүм эки айда эле чыгыш керек эле. Бирок, эксперттин тыянагын күтүп жатып узакка созулуп кетти. Процесс учурунда бардык далилдер Темир Болотбектин күнөөсү жок экенин көрсөттү. Мындан улам биз соттун актоо чечимин күтүп жатабыз».

Болотбектин окуясы боюнча сот иштери бир жарым жылдан бери уланууда. 2018-жылы 1-мартта УКМК окутуучу Темир Болотбекке Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүгүн негизинде («Улут аралык кастыкты козутуу») кылмыш ишин козгогон.

Мындай айыптын негизинде сот күнөөлүү деп тапса, Темир Болотбек уулу төрт жылдан жети жылга чейин кесилиши мүмкүн. Келерки соттук отурум 30-апрелге белгиленди.

Бул социалдык тармактардагы пикири үчүн сот жообуна тартылып жаткан биринчи жаран эмес. Укук коргоочулар мындай көрүнүштү коомчулуктун эркин ой билдирүүсүн чектөө катары баалап жатышат. Алар акыркы мезгилде пикир үчүн соттошуу көбөйгөнүн айтып, бул сөз эркиндигине көлөкө түшүрөрүн белгилешет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG