Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Улут аралык чырдын укуктук жагы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Лейлек районунда «"WhatsApp" аркылуу улуттук кастыкты козутту» деп айыпталган жаран төрт жылга кесилди.

Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарды пайдаланган карапайым калк жоопкерчиликти, милдет-укуктарды билбегенинен улам мына ушундай окуя чыкканын айтышат. Айыпталуучу эки улуттун өкүлдөрү чырдашканы тартылып, таратылган видеого өз пикирин кошуп, башкалар менен бөлүшкөн. Эми айыпталуучунун тарапкерлери апелляциялык арыз даярдап жатышат.

Лейлек районунун Исфана шаарынын 30 жаштагы тургуну «WhatsApp» мессенжеринде жүздөй киши катталган "Эркектер" аттуу тайпа түзгөн. Бул тайпада өткөн жылдын 20-октябрында эки улуттун өкүлдөрү чырдашканы тартылган видеону бөлүшкөн. Ошондой эле азчылыкты түзгөн улут өкүлдөрүн жок кылуу мүнөзүндө пикирлерди да жазган.

Аскар Баймуратов
Аскар Баймуратов

Лейлек райондук соту ишти карап, айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, ал төрт жылга эркинен ажыратылды. Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Аскарбек Баймуратов буларды айтты:

- «WhatsApp» соцтармагында тайпа ачып, ага жүздөн ашык кишини каттаган. Өткөн жылдын 20-октябрында чагымчыл видео жүктөп, улут аралык кастыкты козутууга багытталган пикирлерди жазып, улуттук азчылыктын өкүлдөрүн жок кылууга чакырган. Ушул жылдын 30-январында Лейлек райондук соту эркиндигинен ажыратуу менен байланышкан жаза белгилеп, бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынып, соттолуучу төрт жылга эркиндигинен ажыратылды.

Айыпталуучу тарап болсо "бул атайын жасалган иш эмес, болгону мындай аракет үчүн жоопкерчилик бар экенин эч ким эскерткен эмес" дешет. Адвокат Акылбек Өсөровдун айтымында, айыпталуучу соцтармактарда мурда чыккан видеону бөлүшкөн.

- Ал видео бардык эле социалдык тармактарда буга чейин болгон. Эл "Ютубдан" эле көрүп жүргөн. Мурда эле бар болчу. Аны мен да мурда көргөм. Ошол эле видеого тайпада пикир жазган. Эми кийинки инстанцияга апелляциялык арыз даярдап жатабыз.

Туура эмес аракет үчүн билбестик жоопкерчиликтен куткарбайт. Ошондой болсо да жай тургундар акыркы убакта социалдык тармактарды каалагандай колдонуп, мыйзам, эрежелер тууралуу толук маалыматы жок жаштар катачылыкка жол берип жатышкандай. Журналист, соцтармактардын активдүү колдонуучусу Уланбек Маккамбаев элдин укуктук билимин жогорулатыш керектигин айтты:

- Акыркы үлгүдөгү чөнтөк телефон көтөрүп, Интернетти каалагандай колдонуп жатышат. Ошол эле учурда мыйзам алдында жоопкерчилик тууралуу түшүнүк жок. Айрыкча алыскы аймактардагы жаштарга, Интернет колдонуучуларга социалдык тармактардагы жоопкерчилик тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек да. Элдин баарында эле укуктук билими жок. Ошондуктан жалпыланган болсо да маалымат жеткириш керек.

Баткен облусунун аймагында социалдык тармактарда туура эмес аракети үчүн жоопкерчиликке тартылган бул биринчи учур эмес. Буга чейин да соцтармакта чагымчыл аракети үчүн укук коргоо кызматтарынын көңүлүн бургандар болгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG