Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Кыргыз сериалы телчиге элек


"Ак шоола" сериалы.
"Ак шоола" сериалы.

КТРК "Ак шоола" аттуу жаңы сериал көрсөтө баштады. Сериалда чындыкты издеген Акшоола Асанова аттуу журналист кыздын айланасындагы интрига, жек көрүү, сүйүү чагылдырылган.

Жаңыдан эфирге чыга баштаган тасма коомчулукта “Кыргыз сериалы канчалык деңгээлде өнүгүп жатат?” деген суроо жаратты.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында кыргыз киночуларынын сериал тартууга ышкысы өткөн кылымдын 90-жылдарында башталган.

Ал Бразилия жана Мексика өлкөлөрүнүн телесериалдары кыргыз коомчулугуна кеңири жайылып, өз күйөрмандарын тапкан мезгил эле. Ушундан улам жергиликтүү режиссерлор да ата мекендик сериал тартууга белсенип, ага алгачкы кадамдар шилтенген.

​Ошол кезди актер, режиссер Мурат Мамбетов мындайча эскерди:

- Мына азыр жаңы "Ак шоола" деген сериал чыкпадыбы. Мен азыр анын бир сериасын көрдүм. Тарткан ыкмалары, свет, камера, айтор техникалык жактан аябай өнүгүптүр. Биз чынында кезинде сериалдарды күрөк, балта менен тартканбыз деп салыштырсам болот. Бирок "Ак шооланы" "КТРК биринчи жолу өз күчү менен тартты" деп айтып жатышканы мага жакпай калды. Себеп дегенде мен тарткан "Апамдын махабаты", "Чиркин өмүр", "Кууш жолдо", "Каражолтой" сыяктуу сериалдар деле кезинде КТРдин күчү менен тартылган. Ага Каракалпак же Тува республикалары жардам берген эмес.

Мамбетов убагында Мамлекеттик телерадио корпорациянын жетекчилиги бир камера менен болсо да аракеттенип жаткан чыгармачыл топтун "Кыргыз сериал" студиясын жаап, иш токтоп калганын айтты. Адис эгер бул тармак ошол бойдон ыраттуу улантыла бергенде кыргыз сериалы кыйла өнүгүп калмак деген пикирде.

Кино адистери кыргыз сериалы тыныгуу алган жылдарда Кыргызстанды корей жана түрк сериалдары каптап киргенин айтууда. Ошол эле учурда эл көп көргөн телеканалдар менен жеке кино студиялардын иштиктүү мамилеси да заманга ылайык калыптанбай койду.

Мындан улам жеке студиялар сериал тартууну колго алган жок. Режиссер Чолпонай Бөрүбаева Кыргызстанда сериал жанры кийин өнүгүшү мүмкүн деген ойдо:

- Сериал бизде анчалык өнүгө элек. Балким, үч же беш жылдан кийин өнүгүшү мүмкүн. Бирок азыр эмес. Мисалы, Орусияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө жеке менчик студияда тартылган сериалдар болсо аны телеканалдар сатып алып, элге көрсөтөт. Бизде бул маселе азырынча жолго коюла элек.

Бөрүбаева ушул жана башка себептерден улам жеке кино студиялар сериал тартканга кызыкпай турганын, экинчиден бул өзүн өзү актабаган жанр экенин айтты.

"Ак шоола" сериалы.
"Ак шоола" сериалы.

"Ак шооланын” режиссеру Ырыс Окенова жаңы сериал Коомдук телерадио корпорациясынын демилгеси жана каражаты менен тартылганын бышыктап, тасмада иштеген адистердин сексен пайызы аталган мекеменин кызматкерлери болгонун белгиледи:

- Кинонун таасири чоң экенин баарыбыз билебиз. Бирок эмнегедир биздин мамлекет, өкмөт, Маданият министрлиги, Мамлекеттик кино департаменти баш болуп ушул тармакты бош калтырып кетип жатышат. Негизи бул телеканалдардын жумушу эмес болчу. Мисалы коңшу мамлекеттерде сериал тартуу эбак эле бир ыргакка салынып, өздөштүрүлгөн. Алар өздөрүнүн мамлекеттик каналдарына бул үчүн атайын акча бөлөт. Болбосо жеке студияларга атайын акча бөлүп, максаттуу түрдө жылдан жылга жаңы сериалдар тартылып, каналдарга таратылып берилет. Андыктан аларда сериалдар биринин артынан бири чыгып, бул жаат жөнгө салынып калды.

​Ал эми Мамлекеттик Кино департаментинин директорунун орун басары Гүлмира Керимова телесериал тартуу телеканалдардын жумушу экенин айтып, кинодепартаменттин жакынкы жылдары сериал тартуу планы жок экенин билдирди.

Коомдук канал көрсөтүп жаткан 25 бөлүктөн турган "Ак шоола" сериалы белгилүү акын Жыпара Исабаеванын "Адашкандар" романынын негизинде тартылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG