Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Экономиканы чеңгелдеген чек ара


Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар.
Кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалар.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу автоунаалардын тыгыны башталганына он күндөн ашты.

Казак тарап мындай абалды текшерүүгө көнбөй жаткан жүк ташуучулардын аракети менен түшүндүрдү. Ал эми кыргыз өкмөтү бул маселе боюнча үн ката элек.

Казакстандын Финансы министрлигинин маалыматына караганда, 27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан тогуз автоунаанын документтери туура эмес болуп чыккан. Андан бери 40 жүк ташуучу автоунаа документтерин тууралап келүүгө кайра артка тарткан.

Бул кыргыз-казак чек арасындагы биринчи кризис эмес. Акыркы жолу 2017-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев казак жетекчилигин сындагандан кийин абал курчуп, чек арадан Казакстанга өтүү кыйынчылыкка учураган. Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенден кийин коңшулар менен мамиле бир аз жумшаргандай болгон. Бирок ага карабай маал-маалы менен казак тарап ар кандай товарларга чектөө коюп келет.

«Ак-Тилекте» зарыккан айдоочулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:07 0:00

Расмий Нур-Султан Кыргызстандан Кытайдын товарлары калыптанган аткезчилик каналдары аркылуу кирип жатканын эскертип, муну жоюуну акыркы эки жылдан бери катуу талап кыла баштады. 2017-жылы Казакстандын мудагы өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев аткезчилик менен кирген товарлардын айынан Евразия Экономикалык Биримдиги (ЕАЭБ) экономикалык чоң зыян тартып жатканын айтып чыккан.

Экономикалык биримдиктеги эң жакын коңшулар товар өткөрүүдөгү абалды эмнеге жөнгө сала албай келет? Бул суроого коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков «экономикалык биримдикте «баары тең укуктуу» деп айтылганы менен иш жүзүндө ар бир өлкө өз базарын коргоого аракет кылууда» деген пикирин билдирди. Кадырбеков айтылып жаткан аткезчиликке эки өлкөнүн тең бажы кызматтарынын тиешеси бар деп эсептей турганын айтты:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

«ЕАЭБге Кыргызстан даярдыксыз кирип алды. Ушундан улам Казакстан Кыргызстандагы рынокту да ээлеп алып, эми аны кармаш үчүн ар кандай шылтоо таап жатат. Тилекке каршы, Орусияга, Түркияга товар Казакстан аркылуу өтүп жатпайбы. Ошондуктан мындай тоскоолдуктар боло берет. Ошондой эле Дордой, Кара-Суу базары Кытайдын товарларын башка өлкөлөргө өткөрүүдө «хаб» болуп калган. Коңшулардын рыногу атаандаштыкка туруштук бере албай, эми ар кандай шылтоо менен токтотуп жатышат».

Ишенбай Кадырбеков Кыргызстан мындай абалда коңшулар шылтоо таба албагыдай, бардык стандартка жооп берген азык-түлүк, товар өндүрүүгө аракет кылышы керек экенин кошумчалады.

Айрым саясат талдоочулар эки өлкөнүн экономикалык алакасында лидерлердин жеке ымаласы чоң мааниге ээ болорун айтып жатышат. Анын үстүнө чек арадагы абал казак лидери алмашкан учурга дал келип калды. Эми коомчулукта Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев менен президент Сооронбай Жээнбековдун мамилеси талкууланып жатат.

Анткен менен саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык маселеге жогорку бийлик өкүлдөрү кийлигишкен учурда көйгөйдүн түпкү себеби чечилбей калып жатат. Молдалиев азыркы абалды эки лидердин мамилеси же Казакстандагы саясий абал менен байланыштырууга негиз жок экенин белгиледи:

Орозбек Молдалиев.
Орозбек Молдалиев.

«Казак тарап «документте көрсөтүлгөн товар менен жүктөп келаткан жүк дал келбей атат» деп билдирүүдө. Алардын айтканына ишенсек, ал жерде коррупция болуп жатат. Ал эми кыргыз тарап «биздин Мамлекеттик бажы кызматы ошол товарларды карабай өткөрүп ийди» дегенди айта албай жатпайбы! Болбосо өкмөт «документтердин баарын тууралап жибердик» деп чыкса болобу? Аны Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы да айтып чыкса болот. А эмнеге унчугушпайт? Анан эле ортодо сөз чыгарып, «бул саясат болуп атат» деп ызы-чуу кылышат. Бизде ушундай маселени бийлик башындагыларды ортого салып чечтирип көнүп алышкан».

Ал эми парламент депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөт тез арада жүк ташуучулардын маселесин күн тартибине алып чыгып, Кыргызстан ЕАЭБдеги укуктарынан пайлаланышы керек эле деп эсептейт. Эл өкүлү кыргыз өкмөтүнүн үн катпай отурганын сындады:

Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

«Өкмөттүн ыйгарым укуктары бар. Телефон менен же учуп барып сүйлөшүп келиш керек. Анткени бул жалпы экономикалык кадыр-баркыбызга терс таасирин тийгизет. Эл аралык компаниялар Кыргызстан менен соода кылуудан чочулап калышат».

Кыргыз өкмөтү чек арадагы акыркы абал боюнча тийиштүү министрликтер билдирүү даярдап жатканын маалымдады.

Экономист, эксперт Эркин Абдыразаков кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу автоунаалар катаал текшерүүгө кабылып жатканын, бул маселе көптөн бери улам-улам көтөрүлүп жатканын кыргыз өкмөтүнүн чабал аракети, коңшулар менен тең ата сүйлөшө албай жатканы менен түшүндүрдү.

Эркин Абдыразаковдун «Азаттык» радиосундагы маегин бул жерден угуңуз:

Абдырызаков: чек арадагы кырдаалга өкмөттүн чабалдыгы себеп
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:57 0:00

2017-жылдын аягында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салуу боюнча кол коюлган «Жол картасына» ылайык, тараптар 50 иш-чараны чогуу аткарышмак.

Иш-чаралар негизинен чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салыктык башкаруу тармактарындагы өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу боюнча багыттардан турган. Өкмөт бул «Жол картасы» боюнча аткарылган иштер тууралуу кеңири маалымат бере элек.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG