Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:01

Евробиримдик башпаанек берүү тартибин катаалдаштырат


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Евробиримдиктин ички иштер министрлери 8-декабрда башпаанек берүү боюнча эрежелерди дагы катаалдаштыруу чараларын макулдашты. Бул тууралуу epd агенттиги кабарлады.

Жаңы макулдашууга ылайык, Евробиримдиктен тышкары "коопсуз өлкөлөрдөн" келген адамдардын башпаанек сураган арыздарын четке кагуу жеңилдешет. Ошону менен катар эгер өтүнүч четке кагылса, баш калка сураган адам мурда өз өлкөсүнө кайтарылса, эми буга чейин эч качан барбаган өлкөлөргө да депортация болушу мүмкүн; арызы четке кагылган учурда апелляция бүткүчө Евробиримдиктин аймагында автоматтык түрдө кала албайт.

Министрлер шаркеттин алгачкы жалпы "коопсуз өлкөлөр тизмесин" бекитишти. Ага Египет, Марокко, Тунис, Индия, Косово, Бангладеш жана Колумбия сыяктуу мамлекеттер кирди.

Андан сырткары, Евробиримдикке мүчөлүккө талапкер өлкөдө согуш жана адам укуктарына олуттуу коркунуч болбосо, коопсуз деп эсептелет.

Макулдашылган чаралар күчүнө кириши үчүн Евробиримдикке кирген өлкөлөр Европарламент менен бирге документтин акыркы формасын бекитиши керек.



Шерине

 

XS
SM
MD
LG