Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

СССРден калган коррупция


Кыргыз айылы
Кыргыз айылы

"Азаттык" радиосу Эгемендиктин 25 жылдыгына карата сынак жарыялаган. 1980-жылдардын аягы – 1990-жылдардын башында сиз кандай окуяларга, көрүнүштөргө туш болдуңуз эле? Элибизге эгемендик тартуулаган ал мезгил сиздин турмуш, тагдырыңызга кандай таасир эткен? Бул тууралуу блог жазып, ошол доордогу сүрөттөр болсо бизге салып жибериңиз. Сынактын толук шарты менен бул жерден таанышсаңыз болот.

Төмөндө Тариел Талантбек уулунун блогун сунуштайбыз.

Кыргызстан эгенмендүүлүгүнө туура 25 жыл болуп турат. Ага чейин СССРдин курамында жүрдү. Анын ичинде көптөгөн окуяларга туш болду. Чындыгында тарыхка көз чаптырганда “Кыргыз тарыхы” чоң, көп жолду басып өткөн. Бул материалдарды тарых китептеринен, улуу адамдарда угуп келе жатабыз. Ал эми бул жазууда мен 1980-1990-жылдардагы окуяларды эл оозунан уккан, тарыхта жазылбаган кээ-бирки нерселерге көз чаптыргым келет.

Өзүм 1994-жылы туулганмын, бирок тарыхка, окуяларга, уламыштырга, жомокторду улуу адамдардан укканды кичинекей кезимден бери эле жакшы көрчүмүн. Убакыт өткөн сайын алар айткан нерселерге маани бере баштадым.

Атам экөөбүз бош отуруп калганда өткөн-кеткенди сүйлөшүп турабыз. Атам кээде СССРди мактап калат... “СССРде жашаган жакшы эле да. Иш десең иш даяр, стабилдүү, коркпой жашайт элең. Баары даяр. Окугуң келсе окуп келесиң, бүтүп ишке орношосуң. Айлыгыңды убагында берет, завод-фабрикада иштесең, жашай турган үйүңөн бери даяр эле”.

"Тыйындын эки тарабы бар эмеспи, СССРде деле жашоо идеалдуу болгон эмес да”- дейм мен сөздү бузуп...

Мен атамдан айырмаланып, өзүм окуган маалыматтарга таянып, бир кездеги ири державанын кемчиликтерин айткым келет.

Эл эркин жүрө албаган, өзгөчө кийингендер, башкача стил болгон эмес. Баары окшош. Аң-сезим СССРден чыккан эмес. Башкача ой жүгүртүүлөр да болгон эмес. Кыргыздарга планды толтуруу башкы орунда турган. Башка нерселерге ой жүгүртүшпөгөн. Колхоздордун планын жөнөкөйлөтүп айтканда, 100 коюң болсо, кийинки жылга план боюнча 150 козу чыгыш керек дегенге чейин барган.

Диний чектөөлөр көп болгон. Ошол учурлар куран, намаз окугандар азая баштаган. Ислам дини эле эмес баарына чектөө бар эле. Нооруз майрамын жөн гана мазарларга барып, куран окутуп, кичине майрамдап коюшчу эле.

Эгендүүлүк алгандан кийин коррупция башталды деп эл какшап эле жатат. Укканыма караганда, коррупция СССРден бери келе жатат. Айталы, азыркы окуу жайдагы, курулуш ж.б. жактагы паракорчулук дал ошол СССРден калган.

Колхоздордон, (заготовкалардан) мамлекеттин мүлкүнө кол салуулар болуп турган. Сессия мезгилинде студенттер сабагын канистрлеп кымыз ташып, козусун союп келип бүтүрчү экен. Окууга тапшырганда деле ушул көрүнүш.

Кышкыга даярдык деп 20 тонна көмүр алып келе жаткан болсо, жолдон уурдалып отуруп ал 15 тонна болгон. Бирок отчетту кабыл алгандар менен шыбырашып, аны 20 тонна деп жаздырышкан... Кээ бири курулуш болуп жаткан жерлерге тонналап келген цементтерди алып коюшуп, калганын таш менен толтуруп, андан соң цементтеп койчу эле дешет...

Кой кыркын маалында жүндөрдөн өздөрүнө алып, отчеттон тутулуп калбаш үчүн жүнгө өтө майда кумдан себелеп, салмагын арттырып тапшыргандар да болгон экен...

Кылмыштуулук боюнча айтсак, СССРде 1980-1990-жылдары өтө көп көрсөтүчтү көрсөткөн, жана аларды ишин тактап чыгууга милиция жетишкен эмес. Бул боюнча тарых китептеринен окугансыздар. Ошол убакта массалык маалымат каражаттары бир тараптуу болгондуктан буга окшогон кабарлар элге жетпей калган. Кээ бири эле кокусунан билип калышпаса...

Прибалтикадагы мамлекеттер өзүнчө мамлекет болгондон тарта СССР ыдырай баштады. Мындай чоң саясий маалыматтарды мамлекетте иштеген адамдар гана билчү, жөнөкөй тоодо жүргөн адамдар өз арбайын согуп, планга карап ишин кылган...

Бул жерде СССРди жамандоо эмес, ошол кезде деле ушундай иштерге барган деп айткым келет... Эгемендик келгенден кийин эле жаман нерселер башталды дегенден алысмын. Элдин аң-сезими өссө, мамлекетибиз өнүгөт.

Тариел Талантбек уулу, Ош шаары

XS
SM
MD
LG