Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Шайлоо-2017: Добуш беребиз бирок кимге?


Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

Элдин жана талапкерлердин президенттик шайлоого мамилеси тууралуу ишкер Руслан Акматбектин блогу.

Шайлоо кыргыздын баарын саясат таануучу кылып бүтүрмөй болду. Эки кыргыздын башы бириккен жерде эле “ким кимди колдойт, ким жеңет” деген талаш. Бүтүндөй өлкө күн өткөн сайын шайлоонун “шаңдуу” боёгуна малынып бараткандай. Чындап айтканда, элдин кызыгуусу жарышка, талапкерге болгон ишенимден эмес, балким 15-октябрдан кийин бир нерсе болуп, оңолуп кетебизби деген эле үмүттүн шооласы. Мурдатан даярдалган сценарийдин орой түрдө коомчулукка таңууланышы бул үмүттү жалп этип өчүрчүдөй болуп калды.

Эми биз бир-эки турмуштук байкоого токтоло кетели. Эң оболу талапкерлер да, добуш берүүчүлөр да акыркы 26 жылдык жаңы тарыхыбыздагы каталардын, жетишкендиктердин, кыянаттыктардын жемиши экенин кабыл алалы. Саясий талаада жаңы лидерлердин жетилип калыптанышына шарт түзүлбөгөндүктөн, баягы эле биз тааныган эски жүздөр. Тагдырдын элибизге эки жолу сунган тарыхый жаңылануу мүмкүнчүлүгүн ушул эле саясатчылар колдоно албай калгандыгын айта кетели. Ар бир революциядан кийин кайра эле баягы таз кейпибизди кийгенибиз ошондон улам болсо керек.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.

Канчалык кызуу талкуу жүргүзгөнүбүз менен, тилекке каршы, талапкерлерди эмоция менен гана өлчөп, башка бирөөнүн көз карашы менен баалап келебиз. Өлкөбүздүн келечегин белгилебей эле ар бир шайлоодо “Ак үйдө, 7-кабатта, ЖКда эми ким отурсун?” деген суроого жооп издегендей болобуз. Чын-чынына келгенде, президент улуттун символу болуп саналат. Бирок биз кокту-колот деңгээлинен чыга албай, дагы эле талапкердин түндүк-түштүгүн териштирип жүрөбүз. Саясий маданият жана саясий партиялардын калыптанбаганы турган иш. Бирок, мисалы, “Орусия колдойт экен” деген аргумент “эгемендүү” кыргыздарды чочутпай, тескерисинче, кепилдик катары бааланып келгени терең ойлондурат. Элине жараша бийлиги дегендей, талапкерлер да элден мурун ошол Кремлдин көңүлүн алмайды адат кылып алышты. Барган сайын “өз алдынча оокат кыла албайбыз” деген түшүнүктү тереңдеткен бул саясий жөрөлгө мамлекеттүлүгүбүзгө шек келтиргени айдан ачык. “Акчасы жок экен, өтпөйт...” деген жүйөнүн аркасында улуттун килейген трагедиясы жатканын жакшы баамдабай жатабыз. Демек бул бизди “сатып алууга” кудурети жеткендер гана башкарууга татыктуу дегендикти билдирип жүрбөсүн. Анан эле намыс деп көкүрөк каккылаганды жакшы көрөбүз. Жаңы Конституция боюнча премьер-министрдин ыйгарым укуктары күчтүү болгонуна карабай, саясий лидерлердин президент болууга ашыкканы чечим чыгаруу процессинин баары бир 7-кабатта кала турганын айгинелейт.

Ак үй.
Ак үй.

Менин жөнөкөй жаран катары талапкерден күткөнүм эмне? Абдан жөнөкөй. Жаркын келечектин сүрөтүн тартып, аны чогуу ишке ашыра аларыбызга ишендире турган лидер. Тарыхтын катаал убактарында жоопкерчилик алып, элди бөлүп жарбай, аркасынан ээрчите алган саясатчы. Улуттун өзүнө болгон ишенимин кайтарып, мекен сүйүүсү менен бийлик сүйүүсүн аралаштырбаган адилеттүү ажо. Бүттү. Калганын чогуу жасайбыз. Учурда ким ишенимге ээ? Ким улутту бириктире турган максаттарды койду? Жакырчылыктын сазынан, ит минген турмуштан чыгуунун жолун ким көрсөтө алат?

Газ, мунай байлыгы жок биз cыяктуу өлкөлөрдө мамлекеттүлүктү бекемдөөдө, өнүгүүнү камсыз кылууда демократия абдан манилүү баалуулук. Бирок Бернард Шоу айткандай, “Демократиянын абалы шайлоочулардан түзүлгөн адамдык материалдын сапатынан жогору боло албайт.” Шайлоочулардын пара бергени, сатылганы, эч кимге ишенбегени – бүгүнкү бийликтин “ишмердүүлүгүнүн” натыйжасы. Ага так ушундай адамдык материал керек. Тескери боло турган болсо, бийликтен кол жууп калышы көз көрүнөө болуп турат.

Бүгүнкү күндө күчтүү жарандык коом, ачык-айкындык, жеке демилгенин эркиндиги биздин жетишкендиктерибиз жана өнүгүүнү камсыз кыла турган баалуулуктарыбыз. Адилеттүүлүктөн башкасын аткаминерлердин ар түрдүү кыянаттыгына карабай, жеке сектор жана жарандык коом ийгиликтүү ишке ашыраарын 26 жылдан бери далилдеп келе жатат. Учурда бизге бир гана ишеним жетишпеген сыяктуу. Ошондон улам бизге ар кандай өзгөчөлүктөрүбүзгө, айырмачылыктарыбызга карабай, бири-бирибизге болгон ишенимди жанданта турган лидер керек.

Руслан Акматбек

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG