Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:36

Менин Түндүгүм, менин Түштүгүм


Бөбөгүм быдылдап бирдемелерди эле тынбай сурай берет. Бир ирээт жетелешип кетип баратсак, адатынча суроо жаадырып, “муну ким жасай алат, кыргыздарчы, орустарчы, түрктөр жасай алабы?” - деп билген улутун санап сурап жатып, “а оштуктарчы?” – десе, селейе эле түшүпмүн. Эмне демекмин, жооп бериш керек. Бирок оюма дароо оңдуу жооп келбей, “Ошто жашагандарды оштуктар дейт, алар да кыргыздар” демиш болдум. Дагы көп өтпөй баягы түгөнбөгөн суроосун жаадырып жатып, оштуктарчы дегенин кайра кайталаса болобу.

Ошондо бөбөгүмдү отургузуп алып, Кыргызстанда жети облус бар экенин, алардын бири Ош болоорун, ал жакта жашагандарды оштуктар деп айтышарын, биз Нарындан келгендиктен нарындык экенибизди жай түшүндүрдүм. Ошто Сулайман деген тообуз, дагы көп кооз жерлерибиз бар экенин айтып, "аманчылык болсо, алып барып келем" деп убада бердим.

Башканы билбейм, биздин үйдө оштуктар же нарындыктар деп сөз кылбайбыз. Тайлары чүйлүк. Үйдөбү же көчөдөбү оштуктар деп сөз болгондо наристе кулагына шак иле калган окшобойбу. Эми ал маанилүү деле эмес.

Чынында түндүк-түштүк деп бөлүнүү көчө-көйдөн, базардан эле эмес, чоң саясаттан да кез-кези менен сөз жүрөт эмеспи. Карапайым адамдар бөлүнбөйт, баарын саясатчылар кылат деген менен, ишиме байланыштуу эки жакка каттап жүрүп же саясаттын кесепетиби, же башкабы, айтор, баары бир мындай ажырым бар экенин, атүгүл акырындап чоңоюп баратканын байкадым.

Тагдыр жазымышы экен, башка кайгы түшүп, эки жылдан бери Жалал-Абадга тынбай каттайм. Мурда түштүк тарапка барганда токой-тоого экскурсияга келгендей болуп, дилимди көп бербей, баары бир ичимден жерип, аш-пашын сынап кетчүмүн, жашырганда эмне... Эки жылда болсо ал жакка мен барганда чын дилинен кулачын жайып тосуп алчу бир туугандай болгон адамдарды таптым.

Көпчүлүк аркалыктар Ошпу, Жалал-Абадбы, Баткенби, баарын Ош деп эле коюшат. Мурдагы жылы парламенттик шайлоо алдында Нарындан такси менен келатсам, чогуу келаткан жолоочулар адатынча саясаттан сайрап келатышпайбы. Текебаевди аябай мактап, анын канча жылдан бери оппозицияда болгонун, айныбай өз жолу менен келатканын айтып келатып эле, бир маалда “иий, ал оштук да, аны шайлабай эле коёлу, шайласак оштуктардын баары бийликке келип алат” деп дароо кине табышты.

Чынында Текебаев жалалабаддык да. Айрым жалалабаддыктар болсо оштук дегенди укканда чычалап киришет, “биз оштуктардай эмеспиз, биз силерге (аркалыктарга - автор) кичине жакыныраакпыз, ошон үчүн “ошский вариант” деген сөз бар” дешет. Жалал-Абад, Оштун өзүндө, алтурмак райондорунда, жадагалса айылдарында тоолук, чөлдүк деп бөлүнүшөт. Мындай бөлүнүү аркалыктардын ар бир айылында деле кеңири кездешет.

Жалал-Абадга ары-бери каттап калганда таксиде кээде аркалыктарды жамандап келишет. Мен болсо партизандай болуп унчукпай, угуп отура берем. Кантип каяша айтам? Кээ бир ойлорун оңдоп, аркалыктардын да “адамдар” экенин түшүндүрөйүн десем чынында Ош-Бишкек жолу кыскалык кылат.

Айрыкча аркалыктарга июнь коогасынан кийин таарыныч чоң. Атамбаевди ачык эле аркалыктардын президенти деп айтышат.

Жалал-Абадда мен жашаган үйдүн төрт жашар кенже небереси башында артымдан калбай: “эже, бул жумуртка эмес, тукум, эт дебей, гөш дең, макулбу дейт экенсиз, болуптурбу деп айтың”, деп безилдеп турат эле.

Нарынга шыпыргы сатып барып келген оштуктар менен жолугуп калдым. Нарындык экенимди билгенден кийин “эй, силер накта дөң турбайсыңарбы, соодалашканды да билбейт экенсиңер”, деп жаман-жуман шыпыргыларын кантип сатып келишкенин айтып каткырышкан болчу.

Ооба, айырмаланабыз. Бирок айырмадан кине издегенибиз эмне? Кептин баары бири-бирибизди кандай болсок, ошондой кабыл алгыбыз келбегенинде окшойт деген ойго кептелдим. Эмне үчүн биздей сүйлөбөйт, биздей ойлонбойт, биздей тамак (аш) жебейт деп бири-бирибизди жерийбиз? Байкаганым, эки тарап кокусунан эле куда-сөөк, дос-тааныш болуп катташып калганы болбосо баары бир чоочундай сезим сезилбей койбойт.

Мисалы Нарындан атайын түштүккө аттанып, “бул менин да жерим, менин да элим” деп эч ким ат арытып, жол карытып барбайт. Оштон деле атайлап Нарынга эч ким келбейт. Биз Түркия, Европаны коё туруп, ушул эле Кыргызстандын жети дубанын кыдыра баштайлычы. Кыргызча жөн эле. Бала-чакаңызды алып, кыдырып чыксаңыз, сиздей эле кыргыздар Ошто, Баткенде, Нарында кучак жайып тосуп алышат. Бир эле сөз айтасыз: “Мен Нарындан атайын Ош деген жеримди көрүп, бир туугандарыма учурашканы келдим” (Талас деген, Баткен деген жеримди ж.б.).

Р. S. Өткөндө нарындык төбөсү көрүнгөн аткаминер теңиртоолук журналисттерди чакырып берген сый тамагына барбай койдум. Эки жыл мурда болгондо, балким, биринчилерден шанаңдап бармак белем...
XS
SM
MD
LG