Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Айылдар өнүксө шаарга качкандар азаят


Шангри Ла багы, Техас
Шангри Ла багы, Техас

Жанара Айтмырзаеванын "Журтташтардан жүз сунуш" сынагына жазган блогу.

Техас штатынын Оренж деген айылында Шангри Ла деген жаратылыш багы бар. Шангри Ла багынын өзөгүн эки нерсе түзөт: токой жана көл.

Күнгө кактанган ташбакалар
Күнгө кактанган ташбакалар

Бак 1942-жылы отургузулуп, төрт жылдан кийин ачылган. Бирок 1950-жылы үшүк жүрүп, бакка залакасы тийген. Андан кийин Лутчер Штарк фонду жыл сайын оңдоп отуруп кайра калыбына келтирген. Бирок 2005-жылы "Рита" аттуу бороон бакты кайра талкалаган. Бак 2009-жылы калыбына келип иштей баштайт.

Көлдүн көрүнүшүнөн бир ирмем
Көлдүн көрүнүшүнөн бир ирмем

Шанри Ла багында дүйнөнүн булуң-бурчунан алып келинген 300дөн ашык ар түрдүү гүлдөр, өсүмдүктөр жана бак-дарактар өстүрүлөт. Көлдүн айрым жерлери дайыма жапжашыл болуп турат. Кээ бир дарактардын жашы миң жылга жетет. Бактын жалпы аянты болсо 101 гектарды түзөт.

Парниктин ички көрүнүшү
Парниктин ички көрүнүшү

Шанри Ла багында кемеде саякаттоо кызматы уюштурулган. Билет сатып алып, кемеге отуруп, бактын ар тарабын көрүүгө болот. Дагы тамактануучу чакан ресторан бар.

Бөтөлкөдөн жасалган дарактар
Бөтөлкөдөн жасалган дарактар

Айрым жерлерде иче турган суулар бар. Кыскасы туристтер үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Көлдү байырлаган канаттуулар
Көлдү байырлаган канаттуулар

Техас штатында адамдар айылда жашаганды каалайт. Себеби бардык шарттар бар. Ал эми Кыргызстанда адамдар шаарда жашагысы келет. Эгер биз дагы айылга жакшы нерселерди курсак, адамдар элетке агылат эле.

Жанара Айтмырзаева, Техас штаты, Хьюстон шаары

Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG