Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

Тайгактан кырсыктагандар көбөйүүдө


Бишкекте жөө адамдар жүрчү жолдорго кум, туз себилбейт.
Бишкекте жөө адамдар жүрчү жолдорго кум, туз себилбейт.

Бишкектин көчөлөрү өзгөчө тайгак болуп, кырсыктап ооруканага кайрылгандардын саны өсүп жатат. Үч күн аралыгында эле тайгаланып жыгылгандан ар кандай жаракат алган 300дөй киши кайрылды.

Акыркы күндөрдөгү катуу сууктан ордо калаадагы унаа жана жөө жүрүүчү жолдор бирдей тоңуп, тайгалак болуп калды. Мындан улам тайгаланып жыгылып, колу-бутун кокустатып алгандар да көп болууда.

Маселен Бишкек шаарынын тургуну Талгаттын буту эки жеринен сынып кетиптир:

- Мен досум менен кетип баратып, муздан тайгаланып, экөөбүз кулап, ал менин бутумду басып калды. Тиземден ылдай эки жеринен сынып кетти. Жыгылганда дароо эле ооруканага келдим. Азыр гипс койгону жатышат дарыгерлер, күтүп жатам.

Акыркы үч күн ичинде эле ушул өндүү кокустуктарга кабылып, кайрылгандардын саны Бишкек шаардык №4 травмотология жана ортопедия борборунун эсеби боюнча, 300гө жетиптир.

Бул тууралуу борбордун кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Талант Сарымсаков айтып берди:

- Үч сутканын ичинде 300гө жакын адам кайрылган. Алардын 142си ооруканага жаткырылды, калганын биринчи жардам көрсөтүп үйлөрүнө жөнөттүк. Үч күндүн аралыгында оорулардын кескин өсүшүнүн себеби жолдун тайгак болгонуна байланыштуу болуп жатат. Жыгылып колун, бутун, жамбашын сындыргандар бар.

Шаардыктар мындай кырсыктардын көп болуп жатышын жолго кум, туз аз себилгендиктен көрүшөт.

Бирок Бишкек шаардык «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башчысынын орун басары Токтобек Элгандиев жетиштүү чаралар көрүлүп жатканын айтат. Анын айтымында, учурда кар тазалоочу 20 унаа иштеп жатат. Борбордук көчөлөргө 335 тонна кум, 25 тонна туз себилген экен. Ал эми шаардыктар жөө жүрүүчү жолдорго кум, туз чачылбайт, анткени ал үчүн мэрия атайын каражат бөлбөйт:

- Биздин жобобуз боюнча, тратуарларга кум, туз сепкенге мэриядан каражат бөлүнгөн эмес. Карды 50 сантиметрдей гана өзүбүз тазалашыбыз керек.

Анткен менен эл көп жүрүүчү базарларда жана алардын айланасында жолдор өзгөчө тайгак.

Токтобек Элгандиевдин айтымында, мындай көрүнүш көпчүлүк аймактардын менчикке өтүп кеткендигинен болууда. Менчик соода аймактардын жетекчилиги коопсуздукка жооп берүү керектигине маани беришпейт:

- Техникалык карта боюнча биздин карообузда жок объектилер көп, менчикке чыгарып алган. Ош, Аламүдүн жана башка базарлардын ичинин баары менчик, ал жактан жыгылган кишилер көп экен. Алардын баары өздөрү чара көрүш керек да.

Ошентип Бишкекте катаал кыш өкүм сүрүп турган бул күндөрү
адистер жүргүнчүлөрдү сак болууга, айдоочуларды 50 метрдик аралыкты сактоого чакырууда.

XS
SM
MD
LG