Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Бишкекте аялдамалар алынууда


Бишкек шаардык мэриясы ижарачылардын эсебинен борбордук көчөлөрдөгү аялдамаларды бузуп, бирдей типтеги жаңыларын кура баштады.

Ижарачылар жасаган эмгеги үчүн беш жылга чейин аталган аялдамаларга көрнөк-жарнак илип пайда табышмакчы.

Муну коомчулук өкүлдөрү мэрия жарнамалык рыноктогу көзөмөлдү колго алып, өздөрүнө таандык фирмалар аркылуу андан түшкөн каражаттын агымын өзүнө бурууга далбастап жатат деп сынга алышууда.

Үч гана фирма көзөмөлдөйт

Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү 155 аялдаманын курулушу кайрадан оңдолуп бүткөрүлдү. Курулуш иштери ижарачылардын эсебинен жүргүзүлүп, анын акысына алар беш жылдык мөөнөткө чейин аялдамаларга илинчү көрнөк-жарнактан түшө турган пайданы алышат.

Атайын комиссиядан шаардагы жүз элүү беш аялдаманы куруп, иштетүү укугуна Top-respect, NVT жана РТК деген аталыштагы үч компания гана ээ болгон.

"Эркин эл” жаштар кыймылынын жетекчиси Мавлян Аскарбеков Бишкек мэриясы өзүнө таандык болуп түзүлгөн ал фирмалар аркылуу атаандаштарды рыноктон сүрүп чыгарганына токтолду:

- Көчөнүн ортосунанбы же аялдамалардагыдан болобу негизи эле көрнөк-жарнак компаниялары өтө көп суммадагы акча табышат. Мына эми шайлоонун алдында кайсы бир фирмалар бардыгын кайрадан жаңылап чыгып, аялдамаларга көрнөк-жарнак илүүгө даярдап жатышат. Бишкек шаардык мэриясы болсо “тартипке келтиребиз" деген негизде айына ар бири 500, 1000 жана 2000 долларлык киреше алып келип турган көрнөк-жарнак щиттерди көчөлөрдөн алдырып тазалап жатышпайбы. Мына эми ошол кирешенин бардыгы жанагы аялдамаларга ээлик кылгандардын чөнтөгүнө түшөт.

Илгери кеткен пландар

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясынан депутат Нарынбек Молдобаев мында каржылык гана эмес, чоң саясий кызыкчылыктар да бар деген пикирде. Анткени күзүндө шаардык кеңешке шайлоо өнөктүгү башталат. Мында аялдамалар негизги үгүт жайлары катары каралгандыктан кайрадан куруп, жаңылап жатабыз деген шылтоо менен азыркы шаар башчысы көрнөк-жарнак рыногун көзөмөлгө алууну көздөгөндүгү сынга алынды.

Молдобаев калаа башчысынын мындай аракеттерин тизгиндөө азырынча мүмкүн эмес деген ойдо:

- Мына ошол аялдамалар учурунда бир адамдарга ижарага берилип келген. Эми ошонун бардыгын топтоп, оңдоп чыктык деген шылтоо менен өздөрүнө таандык компанияларга алып берип жатышкандыгында чоң саясий кызыкчылыктар да бар. Себеби ал аялдамалар эми чоң өлчөмдө киреше гана бербестен көрнөк-жарнак рыногун толук козөмөлдө кармоого шарт түзөт. Эми азыр шаар мэри Өмүркуловдун мындай иштерин өкмөт көзөмөлгө алыш керек эле. Бирок ал парламенттеги КСДП фракциясынан көрсөтүлгөн. Өкмөт башчысы аны менен тирешип тизгиндесе эле, маселе саясатташканы турбайбы.

Бирок мындай дооматтарды Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы четке какты. Башкармалыктын башчысынын орун басары Султан Өмүров аялдамалар шаардын көчөлөрүн көрктөндүрүү максатында курулуп жатат деп эсептейт:

- Ижарага алган ишкерлер аялдаманын бир типтеги конструкциясын кургандан сырткары анын айланасына брусчатка бастырышат. Муну менен биз шаардык бюджеттен чоң акчаны үнөмдөдүк. 155 аялдамага орточо эсеп менен жүз элүү миллион сом кетмек. Азыр болсо аялдамалар да көрктүү болуп калды. Мурдагыдай анда дүкөнчөлөр болбойт. Тазалыгын жана тартипти карап турушат. Алар болгону жарнамадан гана пайда көрүшөт. Шаардык бюджетке болсо салыктан сырткары ижара акысын да төлөшмөкчү.

Ошондой эле Бишкек мэриясынын маалымат борборунун жетекчиси Чынара Усупбаева аялдамалардын курулушунда шаар башчысы Иса Өмүркуловдун жеке кызыкчылыгы жок деп билдирди.

Анткен менен айрым талдоочулар аялдамалар аркылуу акча жасоо борбор шаарды башкарган буга чейинки жетекчилердин да өзгөчө маани берген иши болуп келгендигин мисалга тартышты.

XS
SM
MD
LG