Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:57

Депутат Жолдошбаевдин "уялчаак" сунушу


Жогорку Кеңеш. 1-февраль, 2018-жыл
Жогорку Кеңеш. 1-февраль, 2018-жыл

Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев коомдук транспортто жүргөн кесиптештеринен уяларын айтып, коомчулук сынына кабылды.

Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып, маршрутка менен жүргөн депутаттар үчүн уяларын билдирди.

- Кээ бир депутат кыз-келиндерибиз, балдарыбыз жанагы маршруткадан түшүп, жөө басып келет да. Чынын айтсам, аларды көрүп мен уялам. Анан мен алардан уялып шапкемди ылдый кылып машине менен келем. Урматтуу Дастан Артистбекович, ушуну карап көрсөңүз. Прессасы жок эле өзүнчө сүйлөшүп алсак.

Жолдошбаев буга чейин эки аял алууну мыйзамдаштыруу сыяктуу ыксыз демилгелер менен менен атын чыгарып келаткан бай депутаттардын бири.

Төрт гана депутат коомдук транспортко түшөт

Ал арада парламенттин маалымат кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу "Фейсбук" баракчасына депутаттар Аида Касымалиева, Карамат Орозова, Альфия Самигулина, Евгения Строкова жумушка коомдук транспорт менен келерин жазды.

Камчыбек Жолдошбаевдин сөзү коомчулук сынына кабылып, Интернет колдонуучулары депутат уяла турган маселелер өлкөдө чачтан көп экенин эске салышууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын бири Мукар Чолпонбаев Жолдошбаевдин сөзүн сынга алды.

- Ал сөзү менен өз деңгээлин көрсөтүп койду. Ал өзүн элден бийик, элден акылдуу сезсе машинесин минип, жансакчылары менен жүрө берсин. Ага эч ким тоскоол болбойт. Биздин түшүнүгүбүздө эл өкүлү эл арасында жүрүшү керек. Элдин суугуна тоңуп, ысыгына күйгөн адам гана элдин өкүлү боло алат.

Жолдошбаевдин сөзүнөн кийин Интернет колдонуучулары 70-80 миң долларлык машине минген кыргыз депутаттарын ишке велосипед менен келген айрым европалык аткаминерлерден үлгү алууга чакырышты.

Депутат эмнеден уялышы керек?
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

"Уялчаак" депутаттар эл эсебинен жашайбы?

Депутат Аида Касымалиева ишке коомдук транспорт менен келип-кеткени үчүн уялбайт, ошол эле учурда сыймыктанбайт дагы. Анткени ал депутаттын мингени эмес, кылган иши маанилүү деп эсептейт.

Ошол эле учурда Касымалиева коомчулук көңүлүн Жолдошбаевдин сөзүнө эмес, депутаттардын кызматтык унаасына байланыштуу кызык жагдайга бургусу келет.

- Кызматтык унаа жоюлганы менен депутаттарга жол чыгымдары, канцеляриялык товарлар жана башка бир катар чыгымдар үчүн ай сайын 40 миң сомдон берилет. Машинелер болсо башка мекемелерге, катчылыкка берилген. Мындайча айтканда эч кандай үнөмдөө болгон жок. Ошол мени өкүндүрөт. Бул популисттик чечим болгон. Ошол эле учурда биз сыяктуу машинеси жок депутаттардын иши солгундады. 40 миң сомду "Жип" минген депутаттар да алып жатат.

Айтмакчы, "уялчаак" депутат атка конгон Жолдошбаев да ай сайын жолтандабасы үчүн бюджеттен 40 миң сом алат.

Парламент депутаттары 2015-жылкы шайлоо алдында элге "кызматтык унаа, батир сыяктуу артыкчылыктардан баш тартабыз" деп сөз берип, шайлоодон кийин убадасын жарым-жартылай аткарышкан. Жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттарын каржылоого 760 миллион сомдон ашык каражат коройт.

"Азаттыктын" архиви: Парламенттеги ыксыз демилгелер. 13-июль, 2016-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG